Текст: Айпери Болотжан
Instagram: @aiperi.bolotzhan
Сүйүүдөн көңүлү калган адамдын кайрадан башканы сүйүшү оңойго турбайт. Жаңы таанышуу канчалык жагымдуу болбосун, өткөндөгү жараатты эске салып, ишенимге шек келтирип, али боло элек окуялардан да чочулата баштайт. Учкун Жакыпбековдун «Сезимдер» тасмасында Кайрат дал ушундай абалда. Беш жыл мурун сүйлөшкөн кызы менен эки жолго түшкөндөн бери сүйүүгө ишенбей калган. Жашоосунда жаңы адам пайда болгондо, анын көнүмүш тынчтыгы бузулат. Ошол учурдан тартып Кайраттын жүрүм-турумуна өзүнүн каалоосу менен катар Акылай, Сүйүү, Кыжыр, Кумар жана Калчылдак деген сезимдер да таасир эте баштайт.

«Сезимдердин» трейлерин көргөндө «Баш катырма» (Inside Out) мультфильми эске түшөт. Анда адамдын кубанычы, кайгысы, коркуусу, ачуусу жана жийиркенүүсү өзүнчө каармандар аркылуу берилет. Мульфильм өткөөл курактагы башкы каарман Райлинин окуясы аркылуу адамга жагымсыз сезилген эмоциялардын да өз орду бар экенин, аларды четке какпай, кабыл ала билүү маанилүү экенин көрсөтөт. «Сезимдер» да ушул көркөм ыкманы колдонгону менен, окуя сүйүүдөн көңүлү калган жигиттин айланасында өнүгөт.
Тасманын синопсисин окуганда, Кайраттын беш жыл мурунку «оор ажырашуусунан» кийин сүйүүгө ишенбей калганы айтылат. Бирок «ажырашуу» деген сөз кыргыз тилинде көбүнчө үй-бүлөлүк мамиленин бузулушун билдирет. Ошондуктан мазмун менен алдын ала таанышкан көрүүчү Кайрат мурда үйлөнүп, кийин жубайы менен ажырашкан деп түшүнүшү мүмкүн. Тасманы көргөн соң Кайраттын сөздөрүнөн анын үйлөнбөгөнү, сүйлөшкөн кызы менен мамилеси үзүлгөнү билинет. Андыктан бул окуяны «сүйлөшкөн кызы менен эки жолго түшкөн» деп берүү туура болмок. Мындай сөздүк айырма майда көрүнүшү мүмкүн, бирок каармандын өткөн турмушун так сүрөттөө үчүн сөздү орду менен колдонуу маанилүү.
Тасманын көркөм жасалгасы дароо көзгө урунат. Сезимдердин образы, алардын костюму жана грими кылдаттык менен тандалган. Каармандардын сырткы көрүнүшүнөн эле кайсы сезимди туюндуруп турганын байкоого болот. Декорациялар менен костюмдардын айкалышы да тасманын жеңил, ойноок маанайын толуктап турат. Бирок бул образдарды тасманын өзүнө таандык жаңылык деп айтуу кыйын. «Баш катырма» мультфильминдеги сезимдердин сырткы көрүнүшү, түстөр аркылуу айырмаланышы жана мүнөзүнө жараша жасалгаланышы «Сезимдерде» да кайталанат.. Ошентсе да, сезимдерди ойногон актёрдук курам да образдардын өзгөчөлүгүн кармай алышкан. Ар бири өзүнө тиешелүү мүнөздү үнү, мимикасы жана кыймылы аркылуу билдире, түшүндүрө алышат.
Ал эми Кайраттын ролундагы Саламат Калыбек уулунун аткаруусу да көңүл бурууга арзыйт. Ал «Чоочун киши» сериалындагы Толкунбек аркылуу көпчүлүккө таанылгандыктан, аны экрандан көргөндө ошол каарман эске түшүшү мүмкүн. Кайраттын айрым көрүнүштөрүнөн тааныш амплуаны күтүп каласың. Бирок бул тасмада Саламат ал образдан чыгууга аракет кылат. Айрыкча Кайратты кайсы сезим башкарып жатканына жараша анын дене кыймылы, жүзүндөгү маанайы, сүйлөө манерасы да өзгөрөт. Бирде романтикага берилсе, бирде ачууланып, кээде коркуу сезимине алдырат. Бул жагынан актёрдук оюн тасманын шарттуу түзүлүшүнө шайкеш келген.
Кайраттын психолог менен болгон маеги тасмадагы эң талаштуу эпизоддордун бири. Адатта, психологго кайрылган адам адистин суроолору аркылуу өз көйгөйүнүн себептерин түшүнүүгө аракет кылат деп күтөсүң. Бирок бул жердеги психолог Кайратты кунт коюп угуп, анын көйгөйүнүн себептерин тактоого аракет кылбайт. Тескерисинче, ал сөздү бат эле «ичтеги кичинекей бала» түшүнүгүнө буруп, Кайратка өзүндөгү кичинекей балага жетиштүү көңүл бөлүнбөгөндүктөн таарынып калганын айтат. Кайраттын «бир дагы сөзүңүзгө түшүнгөн жокмун» дегени эпизоддун өзөгүн ачып турат. Чынында эле, психологдун түшүндүрмөсү каармандын айткандары менен бекем байланышпайт. Кайрат сүйгөн кызым таштап кетти десе, адис анын ичтеги балалык таарынычын негизги себеп катары көрсөтөт. Бул жыйынтыкка кандайча келгени белгисиз. Муну менен авторлор психологдун сөздөрү аркылуу сюжетти өздөрү каалаган жакка буруп, каармандардын ортосундагы мамилелердин эркин өнүгүшүнө тоскоол кылып жатканы тасмадан көңүл суутат.
Ушундан улам психолог кесипкөй адистен көрө, даяр кеңештерди бере салган, ар бир адамдын көйгөйүнө стандарттуу жооп сунуштаган инфоцыганды элестетет. Эгер режиссёр ушул образ аркылуу психологиялык жардамдын атын жамынып, үстүртөн түшүндүрмө берген адамдарды сынга алгысы келсе, анда мындай чечимдин жөнү бар. Бирок тасмада бул образ атайын сатира катары берилгени даана байкалбайт. Ошондуктан эпизодду каармандын өзүн түшүнүшүнө жардам берген олуттуу маектешүү катары кабыл алуу кыйын.
Психологдон чыккандан кийин Кайрат көп жылдан бери көрбөгөн айылдашы Сезимге жолугат. Ушул жерден Сезимдин ролуна Элиза Рыскулованын тандалышы суроо жаратпай койбойт. Экөөнүн тандеми кандай болот, алардын экранда түгөй катары канчалык жарашары тууралуу күмөн жаралат. Бирок Элиза шайыр, секелек студент кыздын мүнөзүн жакшы ачып, башкы каармандын образын ишенимдүү жарата алган. Аталган каарман менен кайрадан жолугушуу Кайраттын сезимдеринин жанданышына түрткү болот. Сүйүү экөөнүн ортосундагы романтикалык мамилени колдоп, жакындашуусуна жол ачууга аракет кылса, Калчылдак жаңы мамиледен кооптонот. Кыжыр сабырсыздыкка салып мамилени чырга айландыргысы келет. Кумар болсо өз каалоосун көздөп, кырдаалды татаалдаштырат. Ар бири Кайраттын жүрүм-турумуна өзүнчө таасир эткендиктен, анын Сезим менен болгон мамилеси ички дүйнөсүндөгү ушул карама-каршылыктардын майданына айланат. Ал эми Акылай шашылыш чечим кабыл алуудан карманып, баарын ойлонуп, таразалаганга аракет кылат. Бирок ал ойлонгуча, башка сезимдердин таасиринен кырдаал өзгөрүп, кеч болуп калат.
Тасма жакын адамдар менен ачык сүйлөшө билүү маселесине да кайрылат. Кээде адам өзүнүн сезимдерин айтуунун ордуна ичине катып, экинчи тарап аны өзү түшүнүп алышын күтөт. Унчукпай жүрө берүү бара-бара адамдардын ортосун алыстатышы мүмкүн. Бул ой «Сезимдердин» өзөгүнө куп жарашат. Бирок Кайраттын мамилелеринде түшүнбөстүк кантип жаралганын, кайсы сөздөр айтылбай калып, кандай кесепетке алып келгенин окуянын ичинде көбүрөөк көргүбүз келет. Ошондо психолог айткан «ичтеги кичинекей бала» түшүнүгү да өзүнчө бир түшүндүрмө бойдон калбастан, каармандын өткөнү менен бүгүнкү абалын бириктирген маанилүү бөлүккө айланмак.
«Сезимдер» адамдын эмоцияларын өзүнчө каармандарга айлантып, алардын күнүмдүк жашоого кийлигишүүсүн көрсөтүүгө аракет кылат. Акылай, Сүйүү, Кыжыр, Кумар жана Калчылдак өз мүнөздөрү менен эсте калат. Көркөм жасалгасы менен актёрдук оюн да бул образдарды айырмалап көрсөтүүгө жардам берет. Бирок Кайраттын мурунку мамилесинен кийинки көңүл калуусу менен Сезимге болгон мамилесинин ортосундагы байланыш жетиштүү ачылбай, ички сезимдеринин кармашы көбүнчө комедиялык жагдайларды жаратуу менен чектелет. Натыйжада, сезимдердин аракеттерин көргөнүбүз менен, алардын Кайраттын тандоолоруна кандай таасир эткенин жана анын өзүн кандай өзгөрткөнүн толук аңдай албайбыз. «Баш катырмада» эмоциялардын каармандын мүнөзүнө жана чечимдерине тийгизген таасири окуянын өзөгүн түзсө, «Сезимдер» аталган тасманын сырткы формасын гана кайталап, ички маңызын жетишерлик ача албай калган. Эгер эмоцияларды өзүнчө каармандар аркылуу көрсөтүү Кайраттын сүйүү баянынан тышкары адамдын ички дүйнөсүн башкача өңүттөн ачып бергенде, мындай кайталоо жөндүү болмок.
автордун тасмага берген баасы:
Кыргызстан, 2026 / цв., 74 мин.
Өндүрүш: 24/7 Pictures, Start Production
Режиссер: Учкун Жакыпбеков
Оператор:Жылдызбек Алыбаев
Сүрөтчү: Залкар Жакыпов, Каныкей Кыдырмаева, Айдана Мелисова
Монтаж: Улукмырза Равшанбеков
Продюсери: Жыргал Талантбек уулу
Ролдордо: Саламат Калыбек уулу, Элиза Рыскулова, Саламат Алиев, Адеми Авасканова, Таттыбубу Садырбекова, Кубаныч Курманбеков, Элдос Мукангалиев, Айгерим Баратбаева, Атай Омурбеков, Имаш Ажыкул
Премьера: 2026-жыл, 13-август