Миллиондогон көрүүчүнү күлдүргөн «Кудай сактасын» комедиясынын популярдуулугунун сыры юмордо гана эмес. Жеңил комедиянын артында азыркы кыргыз коомунда мыйзам менен диндин орду тууралуу олуттуу билдирүү жашырылган. Айгерим Марат молдолордун окуясы аркылуу калың катмарга жайылган франшизанын биринчи бөлүгү тууралуу кеп кылат.
Текст: Айгерим Марат
2025-жылы кинотеатрларды багындырган «Кудай сактасын» комедиясы «1.1 Studio» кинокомпаниясынын кассалык хитине айланды. Тасманын ийгилигинен кийин авторлор анын уландысын тартып, 2026-жылдын август айында «Кудай сактасын 2» фильмин көрүүчүлөргө тартуулашты. Экинчи бөлүгү жарык көрөр алдында биринчи тасманы өздөрүнүн YouTube каналына жүктөшкөн. Буга чейин фильм пираттык каналдарда кеңири тарап кеткенине карабастан, расмий каналда үч жуманын ичинде 4 миллиондон ашык көрүү топтоду. Мындай көрсөткүчтөргө жеткен тасма миллиондогон көрүүчүгө кандай ойлорду жеткирип жатканын түшүнүү үчүн анын ичи-тышын изилдеп көрдүк.

Тасманын сюжети классикалык комедиялардагы фабулага таянат. Кылмыш дүйнөсүнүн эки өкүлү – Жумабек (Атай Өмүрбеков) менен Рамазан (Улан Эсенакунов) – изин жашырып качып баратып, алыскы айылдагы мечитке туш болушат. Ал жерде аларды көптөн бери күтүлгөн шаардык илимдүү молдолор менен жаңылыш алмаштырып алышат. Ошентип, каармандардын алдында аман калуу үчүн аргасыз жаңы роль пайда болот. Көрүнгөнүн алып, ойду-келди сүйлөп көнгөн эки бейбаш милициядан кутулуу үчүн эми элге насаат айтып, медреседе сабак берип, нике кыйган «устаз» катары көрүнүүгө мажбур болушат. Сюжеттеги күлкүлүү кырдаалдардын баары алардын мурунку көчө адаттары менен жаңы диний ролунун ортосундагы карама-каршылыктан жаралат.

Бирок окуя эки бейбаштын күлкүлүү жоруктары менен эле чектелбейт. Тасманын жүрүшүндө алардын өткөн турмушу тууралуу да айрым жагдайлар ачылат. Мисалы, каармандардын бири буга чейин түрмөдө отуруп чыкканына карабай, кайрадан кылмышка барат. Ал эми мечитке келип, молдонун милдетин аткара баштагандан кийин экөөнүн тең жашоосунда өзгөрүү байкалат. Диний чөйрөдө жүрүп, башкаларга насаат айткан каармандар бара-бара өздөрү да туура жолго түшүүгө умтулушат.
Сыртынан жеңил комедия көрүнгөнү менен, тасманын өзөгүндө коомдук мааниси чоң тезис жатат: мамлекеттик институттар адамды өзгөртө албаган жерде, бул милдетти Ислам дини аткара алат деген ой сунушталат. Авторлор бул идеяны түздөн-түз үгүттөбөстөн, каармандардын өзгөрүшү аркылуу кыйыр түрдө жеткиришет.

Чынында, кино аркылуу диний идеяларды кыйыр түрдө жеткирүү дүйнөлүк кинематографда көптөн бери кездешкен көрүнүш. Батыш киноиндустриясында, айрыкча мокочо (хоррор) жанрында христиандык символика менен диний мотивдер ондогон жылдардан бери колдонулуп келет. Экзорцизм, жиндерди кууп чыгуу, чиркөө кызматкерлеринин жамандыкка каршы күрөшү сыяктуу сюжеттер Голливудда ишенимди «жумшак пропагандалоонун» (soft power) кеңири тараган формасына айланган.
Ушундай эле тенденция акыркы жылдары Борбор Азия кинематографында да байкалууда. Казакстандык «Молда» (2025) же Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» сыяктуу долбоорлор көрсөткөндөй, аймактагы көрөрман үчүн светтик мыйзамдарга караганда диний-адептик баалуулуктар жакыныраак сезилет. Эл сот же тартип сакчылары бере албаган адилеттүүлүктү, ыйманды жана үмүттү исламдан издейт. «Кудай сактасын» дал ушул коомдук суроо-талапты так кармап, аны жеңил комедиялык форма аркылуу көрүүчүгө сунуштай алган.
Бирок авторлор өз идеясын жеткирүү үчүн айрым карама-каршылыктарга көз жумгандай сезилет. Биринчиси – идеалдаштырылган айыл чөйрөсү. Тасмада диндин адамга тийгизген таасири өтө тез жана дээрлик тоскоолдуксуз ишке ашат. Чыныгы жашоодо мындай өзгөрүү алда канча татаал жана узак процесс экени түшүнүктүү. Экинчиси – имамдын моралдык парадоксу. Финалда айылдын имамы башкы каармандардын качкын кылмышкерлер экенин башынан эле билгени ачыкталат. Светтик мыйзам боюнча ал кылмышты жашырганы үчүн жоопко тартылышы керек эле. Бирок тасма бул чечимди мыйзам бузуу катары эмес, акылмандык жана кечиримдүүлүк катары көрсөтөт. Ошондуктан диний моралдык мыйзам мамлекеттик мыйзамдан жогору коюлгандай таасир калат.
Бул идеяны эң ачык көрсөткөн көрүнүштөрдүн бири – милиция менен болгон эпизод. Айылдык милиционер өзү эле жасалма молдолордон көптөн бери чечилбей келген чырды жөнгө салууну суранат. Натыйжада аны чындап эле ошолор чечип беришет. Бул көрүнүш коомдогу өкүнүчтүү чындыкты ачат: жарандар мамлекеттик институттарга караганда диний авторитеттерге көбүрөөк ишенет. Мамлекет өз милдетин аткара албай, жардамды мечиттен издегендей көрүнөт.

Визуалдык жактан тасма өзгөчө көркөм чечимдери менен айырмаланбайт. Оператордук иш өз милдетин так аткарганы менен, камера негизинен окуянын жүрүшүн, каармандардын аракетин жана диалогдорун чагылдыруу менен чектелет. Кадрлар окуяга кошумча маани берип, аны тереңдетүүгө дээрлик кызмат кылбайт. Андыктан тасманын негизги күчү көркөм жаңычылдыгында эмес, жеңил комедия аркылуу көтөргөн идеологиялык концепциясында жатат.
Ошол эле учурда сценаристтер Айдар Сорункулов менен Эрболот Тойгонбаев каармандарды толугу менен жазасыз калтырбай, алардын акыры мыйзам алдында жооп берип, түрмөгө отурганын көрсөткөнү туура чечим болгон. Бул фильмге моралдык да, укуктук да чекит коёт. Каармандар руханий жактан өзгөрсө да, жасаган кылмыштары үчүн мамлекеттик жазадан качпашы керек. Бирок бул жерде кинематографиялык шарттуулук дароо байкалат. Финалда каармандардын да, айылдыктардын да сырткы келбети дээрлик өзгөргөн эмес. Экрандагы сүрөттөлүшкө караганда, алар түрмөдө өтө эле кыска мөөнөт отуруп чыккандай же камак мөөнөтү символикалык гана болгондой таасир калтырат.
Тасманын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын макулдугун алышы – бул анын расмий жана укуктук жактан коопсуз экенин билдирет. Авторлор диний радикализмден алыс болуп, финалда каармандарды мыйзам алдында жоопко тартуу менен мамлекеттик түзүмдөрдүн талабын аткарышкан.
Бирок тасманын социалдык подтексти таптакыр башка нерсени айтып турат. Мамлекеттик органдар институционалдык чекти гана кармап турганы менен, адамдын ички дүйнөсүн тазалоодо жана коомдук маселелерди чечүүдө диний баалуулуктар кыйла эффективдүү курал катары сунушталат. Тасманын өзү да мамлекеттик комиссиянын элегинен өткөнү менен, калк арасындагы реалдуу суроо-талап кайда багытталганын ачык көрсөткөнү буга ачык далил.
Кыргызстан, 2025 / цв., 89 мин.
Өндүрүш: 1.1 Studio
Сценарийдин авторлору: Эрболот Тойгонбаев, Айдар Соронкулов
Режиссер: Эрболот Тойгонбаев
Оператор: Бекболсун Женишбек уулу
Сүрөтчүлөр: Эрмек Орозбаев
Композитор: Бакыт Кемелев
Үн режиссеру: Вадим Тутаров
Продюсерлер: Асхат Табалдиев, Бахтияр Матянью, Алинур Абдыкалыков, Ростислав Ященко, Данияр Болотбеков
Ролдордо: Атай Омурбеков, Улан Эсенакунов, Адыл Болорбек уулу, Жаныш Майр, Анара Таалайбек, Имаш Ажыкул, Эльдияр Джарашев
Премьера: 2025 жыл, 28 август
