Текст: Айгерим Марат
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү тууралуу алгачкы масштабдуу долбоор катары «Кара-Кыргыз» чоң кызыгууну жараткан. 35 миллион сомдук мамлекеттик долбоор болгондуктан, сериалдан тарыхый маалымат гана эмес, көркөм деңгээл боюнча да чоң талап күтүлгөн. Бирок авторлор көрүүчүнүн үмүтүн актай алыштыбы? Чыныгы тарыхый драма жаралдыбы же кезектеги эстелик куруу менен эле чектелиштиби? Тасманын күчтүү жана жетишпеген жактарын бирге талдайбыз.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган инсандар тууралуу чоң экрандык баян түзүү – бул көптөн бери күтүлгөн кадам эле. 2024-жылы Кыргызстан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгиледи. Бул маараке жөн гана тарыхый датаны эскерүү эмес, кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн мурасын кайра карап чыгууга себеп болду. Ушул мааракенин алкагында «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемесинин колдоосу менен «АРНА» продакшн тарабынан режиссёр Сүйүн Өткеевдин «Кара-Кыргыз» (2025) тарыхый сериалы тартылган. Төрт сериядан турган сериал 1917–1924-жылдардагы бурулуш мезгилди жана мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө турган беш залкар инсандын жолун экранга чыгарууга бел байлайт.
Cериалдын постерине караганда биринчи эле байкалган эң күчтүү жактарынын бири – анын актёрдук курамы. Негизги тарыхый инсандардын образдары үчүн кесипкөй театр жана кино актёрлору тандалган. Алардын көпчүлүгү өз каармандарынын сырткы окшоштугун гана эмес, экрандагы ишенимдүүлүгүн да камсыз кыла алышкан. Өмүрбек Израилов – Абдыкерим Сыдык уулунун образын жаратса, Баястан Бейшенбаев менен Имаш Ажыкул – Жусуп Абдрахман уулуну ар башка курактагы мезгилдерде чагылдырган. Ал эми Аскар Качкынбаев – Абдыкадыр Орозбек уулунун, Эльдияр Джарашев – Эшенаалы Арабай уулунун, Арген Узаков – Иманалы Айдарбек уулунун ролун аткарган.
Бирок мындай ийгиликтүү кастингдин өзү да долбоордун негизги көйгөйүн жашыра алган эмес. Чоң тарыхый кино тартуу аракети менен башталган чыгарма акырында мектептеги тарых китебинин кымбат иллюстрациясына көбүрөөк окшоп калган. Тарыхый фактылар драматургияны четке сүрүп чыгарып, тирүү адамдар жөн гана жансыз символдорго айланып тим болушкан.

Сериалдын негизги көйгөйү эң биринчи кезекте сценарийден башталат. Авторлор төрт сериянын ичинде жети жылдык татаал тарыхты жана беш залкар инсандын тагдырын камтууну максат кылышкан. Бирок мындай чоң масштабдагы окуяны кыска убакытка батыруу мүмкүн болбой калгандай таасир калтырат. Андыктан сериал тарыхый окуяларды ачып берүүгө эмес, аларды тез-тез атап өтүүгө көбүрөөк шашат. Бул боштуктарды болсо диктордун кадр артындагы үнү жана даталар жазылган көптөгөн титрлер толуктайт. Окуя көрүүчүнүн көз алдында өнүкпөйт, тескерисинче, ага сөз менен жомоктой баяндалып берилет. Мындан улам каармандардын өздөрү да жабыркайт. Мамлекеттүүлүктүн беш негиздөөчүсүнүн ар бири сценарийде бир гана белгилүү образга байланып калгандай сезим жаралат. Алардын мүнөзү менен тагдырынын ушул бир гана жагы ар бир серияда кайра-кайра кайталанат. Мисалы, Арабаев кадрга чыкса, сөз дээрлик дайыма билим берүү, агартуу же мамлекеттин келечеги тууралуу болот. Айдарбеков көбүнчө кызынын жанындагы камкор ата катары гана көрсөтүлөт. Орозбеков болсо дайыма карапайым элдин арасында жүрүп, алардын кызыкчылыгын коргогон каарман катары берилет. Сыдыков кайра-кайра манап тукумунан чыкканы үчүн айыптоолорго туш болгон инсан катары көрсөтүлөт. Ал эми Абдрахмановдун образы жаш, али быша элек жигиттен мамлекеттик ишмерге чейинки чоң жолду басып өткөн каарман катары толук ачылбайт.
Бешөөнү тең өз элине болгон ак дилден берилгендиги жана мамлекеттүүлүккө жетүүгө болгон умтулуусу бириктирип турат. Тарыхый жактан алганда да бул туура. Бирок көйгөй башкада: сценарий аларды кадимки тирүү адам катары көрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Алар эч жаңылбайт, өз ара тартышпайт, күмөн санабайт жана алсыздык көрсөтпөйт. Көп кырдуу инсандардын ордуна көрүүчү кемчиликсиз чагылдырылган жансыз символдорду көрөт. Ошентип каармандар биринчи кезекте адам катары эмес, тарыхтагы өз ордун жана белгилүү бир идеяны чагылдырган абстрактуу образдар катары гана кабыл алынып калат. Балким, баянды Жусуп Абдрахманов сыяктуу бир борбордук каармандын айланасына топтоо тарыхый масштабды сактап, ошол эле учурда окуяга көбүрөөк эмоциялык бүтүндүк бере алмак.
Сценарийдеги кемчиликтер диалогдордон өзгөчө байкалат. Каармандар бири-бири менен кадимки адамдардай эмес, тарыхый билдирүү, жарыя жасап жаткандай сүйлөшөт. Атүгүл үй-бүлөлүк же күнүмдүк эпизоддордо да алардын сөздөрү жандуу маектен көрө расмий кайрылууга же сахнадагы монологго көбүрөөк окшоп калат. Актёрлор бул репликаларды мүмкүн болушунча табигый жеткирүүгө аракет кылышканы менен, сценарийдин өзү аларга мындай мүмкүнчүлүк бербейт. Ушул жагынан алганда Абдыкерим Сыдыковдун образын жараткан Өмүрбек Израилов өзгөчө айырмаланат. Анын токтоо жана табигый оюну каармандын ички карама-каршылыгын ачууга жардам берет. Мындан тышкары, актёрдун экрандагы харизмасы жана өзгөчө фактурасы көрүүчүнүн көңүлүн дароо бурат. Айрыкча, үчүнчү жана төртүнчү серияларда Сыдыковдун образына көбүрөөк көңүл бурулуп, Израилов каармандын ички карама-каршылыгын тереңирээк ачууга жетишет.

Кызыктуусу, сериалдагы эң жандуу каарман күтүүсүздөн беш негиздөөчүнүн бири эмес, экинчи пландагы каарман Мадаминбек болуп чыгат. Башкы каармандардын көбүнөн айырмаланып, ал белгилүү бир идеяны гана билдирген образ эмес, дайыма оор тандоолордун алдында турган адам катары ачылат. Каршылык кыймылынын кадыр-барктуу лидери болгон Мадаминбек белгилүү бир учурда Совет бийлиги менен тил табышууга аракет кылат. Бирок ошол эле учурда ал элдин өмүрүн сактап калуу аракети менен жаңы түзүмдүн алып келе турган кесепеттерин түшүнүүнүн ортосунда калат. Анын жолу күмөн саноолорго, каталарга жана оор чечимдерге толгон. Дал ушул карама-каршылыктар аны тарыхый символдун ордуна, татаал тагдыры бар тирүү инсан катары кабылдоого жардам берет. Парадоксалдуу жагы, сценаристтер көптөгөн башкы каармандарда жетишпей калган ички драманы дал ушул экинчи пландагы каарманга бере алышкан.

Сериалдын эң күчтүү сахналарынын бири үчүнчү серияда орун алат. Анда Сыдыков Совет бийлигинин тапшырмасы менен Ак-Талаага барып, жергиликтүү көтөрүлүшчүлөрдү куралдуу каршылыкты токтотууга жана элди сактап калуу үчүн жаңы бийлик менен келишүүгө үндөйт. Ага жооп катары кыргыз көтөрүлүшчүлөрүнүн бири мындай дейт: «Ак падыша айынан кырылып бүттүк. Кытайга качтык. Эми минтип өз жерибизге келсек, Совет бийлиги бизди кыйнады. Сен кимди кимден сактап жатасың?»
Ушул сөздөрдөн кийин көтөрүлүшчүнү кызыл аскерлердин бири атып өлтүрөт. Дал ушул сахнада ошол доордун трагедиясы биринчи жолу чыныгы толук кандуу салмагы менен ачылат. Көрүүчү алдында жөн гана «кызыл аскер» менен «көтөрүлүшчүлөрдүн» тиреши тууралуу тарыхый факт эле эмес, өз элин сактап калууга аракет кылып жаткан адамдардын оор жана карама-каршылыктуу тандоосу пайда болот. Абдыкерим Сыдыков бул жерде бийликтин бир жактуу өкүлү катары көрсөтүлбөйт, ал эми көтөрүлүшчү да системанын жөн гана душманы катары берилбейт. Тескерисинче, бул көрүнүш ошол мезгилдеги адамдар туш болгон тандоонун канчалык татаал болгонун көрсөтөт. Тилекке каршы, сериалда мындай чыныгы драмалык кагылышуулар көп эмес. Басымдуу маанилүү учурларда окуянын эмоциялык күчү каармандардын ички күрөшүнөн, кыймыл-аракеттеринен же алардын ортосундагы конфликттен эмес, көбүнчө музыка, монтаж жана сырткы пафос аркылуу жаратууга аракет кылынат.

Каармандар менен жакындашууга мүмкүнчүлүк бербеген сценарийдин көйгөйүн Жуманазар Койчубековдун оператордук иши да чече алган эмес. Айрым учурларда көрүүчү окуянын ичинде жүрмөк турсун, сырттагы байкоочу катары четте калып калат. Сериалда көбүнчө орто жана жалпы пландар басымдуулук кылат. Ал эми каармандардын жүзүндөгү өзгөрүүлөрдү, ички абалын жана майда эмоциялык деталдарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген ири пландар (close-up) жетишпей каңырык түтөйт.
Сүрөтчүлөрдүн жасалгалоо иштери да бир топ суроолорду жаратат. Сериалдын башында кийимдер менен реквизиттер ошол доордун духун, кейпин бергени менен, финалга жакындаганда тарыхый каталар байкала баштайт. Мисалы, талаада иштеп жаткан адамдардын өтө таза кийимдери жана доорго туура келбеген кийим-бычымдары дароо көзгө урунат. Мындан тышкары, массалык көрүнүштөрдө жана экинчи пландагы каармандарда заманбап калпактар, сөйкөлөр жана доорго туура келбеген кийим элементтери кездешет.
Тарыхый шаар Ташкенттин ордуна көрүүчүгө оңой таанылган Бишкектеги мечиттин интерьери сунушталат. Мындай шалаакылыкты кадрдагы деталдарды бозортуп бүдөмүктөтүү (blurring) аркылуу жашырууга аракет жасалганы да байкалат. Базар көрүнүшү да ошол доордун жандуу мейкиндигине эмес, тартылган кездемелерден жана шарттуу реквизиттерден түзүлгөн театралдык декорацияга көбүрөөк окшойт.

Өзгөчө өкүнүчтүүсү, ушундай масштабдуу тарыхый темага кайрылган сериал кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу окуялардын бири болгон Үркүнгө үстүртөн гана токтолот. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн кесепеттери, адамдардын массалык түрдө кырылышы, Кытайга качуу, мекенден ажыроо сезими – мунун баары терең сезилген тарыхый тажрыйба катары берилгендин ордуна, көбүнчө жөн гана фон катары көңүлдөн тыш калат. Ошол эле учурда сериалдагы көптөгөн карама-каршылыктар кыргыздардын өз ичиндеги пикир келишпестиктерге жана Кокуйбаев сыяктуу каармандардын аракеттерине байланыштуу курулат. Эгер көрүүчү бул мезгил менен биринчи жолу ушул сериал аркылуу таанышса, анда автономия түзүүгө негизги тоскоолдук катары ички тирештер гана болгон деген түшүнүк калыптанышы мүмкүн. Ал эми тарыхый маанилүү контекст, Орусия империясынын колониялык саясаты, Үркүндүн кесепеттери жана кийинки Совет бийлигинин күчтүү басымы, экрандын сыртында калат. Андыктан мамлекеттүүлүккө жетүүнүн чыныгы баасы толук ачылбай, салмагы жеңилдетилип, мааниси төмөндөтүлүп көрсөтүлгөндөй элес жаралат.

Көрүүчүлөрдүн реакциясы да сериалдын кабыл алынышы тууралуу көп нерсени көрсөтөт. YouTube платформасында ар бир кийинки серия мурункусуна салыштырмалуу кыйла аз көрүлгөн. Албетте, мындай көрүнүш көптөгөн сериалдарга мүнөздүү. Бирок «Кара-Кыргыз» тасмасында бул тенденция көңүл бурууга арзыйт. Анткени сериал көрүүчүнүн кызыгуусун акыркы серияларга чейин сактап калууда кыйынчылыкка туш болгонун байкоого болот.
Бул жерде, албетте, маселе өз тарыхыбызга болгон кызыгуунун жоктугунда эмес. Тескерисинче, кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин тагдырынын өзү эле чоң драмага толгон. Алардын жолунда саясий күрөш, оор чечимдер, жеке трагедиялар, сүргүндөр, репрессиялар жана кызматынан гана эмес, өмүрүнөн да ажырап калуу коркунучу болгон. Чоң тарыхый кино үчүн керектүү бардык материал ушул тарыхый мезгилдин өзүндө бар эле, аны кошумча ойлоп табуунун зарылдыгы жок болчу.
Дал ушул себептен сериалдан болгон көңүл калуу дагы да күчтүүрөөк сезилет. Ооба, «Кара-Кыргыз» тарыхый инсандар тууралуу маалымат берип, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө турган адамдарды кеңири аудиторияга тааныштыруу милдетин аткара алат. Бирок, кино – бул жөн гана фактыларды баяндоо эмес. Жакшы тарыхый чыгарма ошол доорду сезүүгө, адамдардын тандоосун түшүнүүгө жана алардын тагдырына жакындап барууга шарт түзөт. Ал эми «Кара-Кыргызда» тарых көбүнчө баяндалат, бирок аны көрүүчү менен кошо сезип жашоо мүмкүнчүлүгү жетишсиз калат.
Кыргызстан, 2025 / цв., 1 сезон, 4 серия
Өндүрүш: ARNA Production, «КЫРГЫЗСЕРИАЛ» мамлекеттик мекемеси
Сценарийдин авторлору: Токтобек Yсөнов, Насриддин Кудайберди, Аят Бакаева, Сүйүн Откеев
Режиссер: Сүйүн Откеев
Оператор: Жуманазар Койчубеков
Сүрөтчүлөр: Эмирлан Шабдандил уулу, Арсен Ильясов
Композитор: Баласагын Мусаев
Монтаж: Жаныш Дадабаев
Үн режиссеру: Вадим Тутаров
Продюсерлер: Жеңишгүл Өзбекова, Бакыт Токонов, Аят Бакаева, Саламат Иманов
Ролдордо: Өмүрбек Израилов, Баястан Бейшенбаев, Имаш Ажыкул, Аскар Качкынбаев, Эльдияр Джарашев, Арген Узаков, Адыл Болорбек уулу, Нурсултан Кадыр уулу
Премьера: 2025 жыл, 27 декабрь (Кыргызстан)
1 Комментарий
Рецензия супер!! Согласна с автором, так же помогли мне взглянуть на определенные детали иначе!