«Берекем»: 98 мүнөттүк кооз клип же бейтааныштардын трагедиясы

Текст: Бакай Алмаз

Тасманы көрүп жатканда өзүмөн «эмне үчүн каармандардын тагдырына кайдыгермин?» деп сурадым. Демейде кыянаттык, жокчулук, айыккыс илдет жана өлүм сыяктуу темалар драманын өзөгүн түзгөн күчтүү куралдар болуп саналат. 

«Берекем» тасмасы алардын дээрлик баарын камтыганына карабай, көрөрмандын сезимин козгой албай кыйналат. 


Сүйүп баш кошкон жубайлар Аманат (Султан Садыралиев) менен Раяна (Алтынай Муканбет) жашоодо нөлдөн баштап бутка туруп, бир-бирине жөлөк болушат. Бирок алардын балалуу болуу кыялы орундалбай, барган сайын экөөнүн мамилесинде жарака пайда боло баштайт.

Башкы каарман Аманаттын карьерасындагы ийгилиги, бара-бара адамдык сапаттарын жоготушу, иши оңунан чыкпай калганы жана Раянанын айыккыс дартка кабылышы тасманын негизги конфликтин түзөт.

Кагаз жүзүндө күчтүү мелодрамадай көрүнгөн сюжет экранда толук кандуу болуп өткөн окуяга караганда, анын кыскача баяндалышын элестетет. Маселе окуялардын аздыгында эмес, тескерисинче, алардын ашыкча тыгыздыгында.

Каармандар өзгөрөт, байыйт, кыйрайт, ооруйт, өлөт, бирок көрөрман бул процесстерди сезип үлгүрбөйт. Натыйжада тасма каармандарынын өмүрүн жашабай, алардын тагдырынын жанынан шашып, кыйгап өтүп кете берет.

Тасма башкы каармандардын кечедеги жолугушуусунан башталат. Алар бири-бирин мурда көрүшкөнү менен, жакындан тааныш эмес экени сезилип турат. Кеченин соңунда Аманат Раянаны үйүнө чейин коштоп барат, андан кийин сюжет дароо эле алардын үйлөнүп-жайланган учуруна өтөт.

Натыйжада экөөнүн кантип жакындашканы, эмне себептен бир-бирин сүйүп калганы жана бул нике алар үчүн эмнени билдирери жетиштүү деңгээлде түшүнүксүз бойдон калат.

Сюжет көрөрмандан каармандардын мамилесине ишенүүнү күтөт, бирок адегенде ага керектүү пайдубалды тургузуп бербейт. Окуянын киришүү бөлүмү жетик баяндалбаганы үчүн тасманы так ортосунан кошулуп көрүп баштагандай сезебиз. 

Ошондуктан чыккынчылык, өкүнүү жана башка драмалык окуялар сюжет үчүн маанилүү болгону менен, көрөрманга жетиштүү таасир этпейт. Себеби трагедиянын күчү окуянын өзүндө эмес, аны баштан кечирип жаткан адамдарды канчалык деңгээлде таанып-түшүнгөнүбүздө жатат.

Тасманын дагы бир олуттуу көйгөйү – каармандардын өз логикасы менен жашабай, сценарийдин талабына гана кызмат кылышы. Айрым эпизоддордо алар бир-бирин угуп, табигый маек курган чыныгы адамдардай эмес, тасма жеткиргиси келген ойду көрөрманга жеткирүүчү каражат катары гана көрүнөт.

Диалогдорду толугу менен жасалма деп айтууга болбойт. Бирок алар каармандардын мүнөзүн, дүйнө таанымын же өз ара мамилесин ачып бергенден көрө, окуяны кийинки чекитке жеткирүү функциясын гана аткарат.

Бул өзгөчө эмоционалдык чыңалуу күчөгөн учурларда байкалат. Алардын ачуусу, өкүнүчү же кайгысы акырын өнүккөн сезим катары эмес, сценарийдин муктаждыгынан улам пайда болгон реакциядай көрүнөт. Көрөрман драманы акыл менен түшүнсө да, эмоционалдык деңгээлде ага толук ынанбайт.

Экинчи пландагы каармандардын ашкере карикатураланышы тасманын ишенимдүүлүгүн ого бетер алсыратат. Бул өзгөчө антагонист Баха (Анвар Осмоналиев) жана анын шериктеринин образдарынан байкалат. Алардын демонстративдүү таш боордугу менен каардуу күлкүсү – каармандын мүнөзүн ачып берүүнүн ордуна жамандыкты үстүртөн гана көрсөтөт.

Натыйжада образдар тереңдигинен ажырап, даяр штамптардын деңгээлинде калып калат. Мындай ыкма жакшы менен жамандын ортосундагы чекти курчутуп, сюжеттин ишенимдүүлүгүн ого бетер алсыратат.

Тасмага комедиялык элемент катары кошулган айылдык жубайлар – Таке (Өмүрбек Назаралиев) менен Венера (Айгерим Саматова) баяндоону күчөтүүнүн ордуна, сырттан күтүүсүздөн одоно чапталган жасалма элемент бойдон калат. 

Актёрлордун чеберчилиги күмөн жаратпаганы менен, режиссёр ашкере карикатураланган каармандарды көрөрманга таанытып, алар менен эмоционалдык байланыш түзүүгө такыр убакыт бөлбөйт.

Ушундай эле кемчилик Рянанын ата-энесинин образында да кайталанат – алар сюжеттин чет жакасындагы кезектеги декоративдик каармандар бойдон калат. 

Тасмада алардын оорусу күчөп бараткан кызын өздөрү менен кошо алып кетүүнү чечкени көрсөтүлгөнү менен, сценарий бул кадамдын мотивациясын да, үй-бүлө ичиндеги мамилелерди да дээрлик ачып бербейт. Натыйжада бул конфликт жандуу драманын бөлүгү эмес, сюжетти шөкөттөгөн кургак механизм болуудан ары өтө албайт.

Жалпы сюжеттик линияга анча коошпогон арткы пландагы образдардын коштоосунда тасма бир окуянын таасири тарай электе эле кийинкисине аттап кете берет. Жыйынтыгында экрандагы трагедия көрөрманды катарсиске жеткирген бүтүн чыгарма эмес, бири-бирине жасалма жабыштырылган драмалык эпизоддордун жыйындысы болуп калат.

Техникалык жактан алганда тасма жакшы таасир калтырат. Оператордук иш сапаттуу, жалпы өндүрүш деңгээли да жогору көрүнөт. Бирок кооз кадрлар дайыма эле тасма жакшы дегенди билдирбейт. 

Айрым таасирдүү визуалдык чечимдерге карабастан, тасмада көрүүчүнү каармандар менен байланыштыра турган эмоциялык пайдубал жетишпейт. 

Натыйжада, бүтүндөй бир өмүрдү айтып берүүгө аракет кылган сюжет – ынанымдуу окуяга караганда кылдат монтаждалган 1 саат 38 мүнөттүк клипти элестетет.

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *