Текст: Айзат Кудайберди кызы
«Жусуп» тасмасы ушул жылдын эң күтүлгөн, эң кымбат тарыхый тасмасы. Кинотеатрларга чыккан күндөн баштап, тасманын өзүнө караганда, ага жазылган сындар көбүрөөк көрүү топтой баштады. Кээ бири тасмадагы фактылык бурмалоолорду айтса, экинчилер сценарийдеги кемчиликтерди баса белгилеп чыгышты. Сын айткан адамдардын катары али да суюла элек.
Анда сөз башынан болсун.
2021-жылы, 2022-жылы Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаменти Жусуп Абдрахмановдун жаркын элесине арналган көркөм тасмага 2 жыл катары менен сынак жарыялады. Күткөн күн келди. 3 жылдан соң тасманы тартуу иштери режиссер Таалайбек Кулмендеевдин жетекчилиги астында башталып, 2026-жылдын 17-сентябрынан тарта «Жусуп» деген аталыш менен кинотеатрларда көрсөтүлө баштады.
Ал арада 2024-жылы өлкө башчысы Садыр Жапаров азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар наамын Абдыкерим Сыдыковго, Иманалы Айдарбековго, Жусуп Абдрахмановго, Абдыкадыр Орозбековго жана Ишеналы Арабаевге ыйгарды. Бул жылдары журт аталарына арналган илимий конференциялар, иш-чаралар байма-бай өтүп жатты. Тилекке каршы, аталган сансыз иш-чаралардын «натыйжасы» социалдык сурамжылоолордон айкын көрүнүп турду…

Адатта дүйнөлүк кино айдыңында тарыхый тасмаларга ондогон миллион долларлар сарпталат. Бул сумма ошол өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүнө, кино индустриясынын абалына, тасманын масштабына ж.б. көптөгөн факторлорго жараша бааланат. Ал эми бизде 2014-жылы мамлекеттик бюджеттен «Курманжан датка» тасмасына 70 млн сомдой каражат сарпталса (ошол кездеги курс менен 1.5 млн доллар), быйыл «Жусупка» 100 миллиондон ашык сом бөлүндү. «Жусуп» ушул таптагы мамлекеттин буюртмасы менен тартылган эң кымбат эки тасманын бири. Тасмага режиссёрлук кылган Таалайбек Кулмендеев 2026-жылдын январь айына чейин КРнын Кинематографисттер союзунун төрагасы кызматын аркалап келген. Буга чейин «Мунабия» (2017), «Үй сатылат» (2022) тасмаларын тарткан.
Кыргыз киносунун куржунунда тарыхый инсандар тууралуу тасмалар аз. Ал эми тарыхый эс тутуму узак убакыт башка идеологиялык системанын таасиринде калыптанган коом үчүн өз тарыхын кайрадан карап чыгуу, татыктуу баа берүү ыйык парз. Бул муктаждык маселеси бизде эми гана бышып жетилди. Илимий тексттерге караганда көркөм чыгармалар, көркөм тасмалар тарыхты элестүү, эмоционалдуу чагылдырары бышык. Тарыхый тасманын көтөргөн жүгү да жеңил эмес. Мындай тасмалар жамааттык тарыхый эс тутумга, улуттун иденттүүлүгүн сактап калууга эффективдүү таасир бере турган өтө күчтүү курал. Эми бул жүктү режиссер, тартуучу топ канчалык деңгээлде ишке ашыра алганы жөнүндө кеп курабыз.

Тасмада баш каармандын өмүр жолу хронологиялык ырааттуулукта баяндалат. Экрандагы эки саатка Жусуптун 1911-жылы орус-тузем мектебинде билим алып жаткан мезгилинен тарта, саясий ишмердүүлүгүндөгү маанилүү этаптарды, жеке жашоосундагы кымбат ирмемдерин батырууга аракет кылышкан. Кинонун түзүлүшүнөн сюжеттин кульминациясын, өнүгүүсүн, чиеленишүүсүн айырмалоо кыйын. Себеби окуялар бири-биринен эмоционалдык жана экспрессивдүүлүк жактан айырмаланбаган монотондуу нарративдик чыгарманы же автобиографияны эске салат. Тасма тарых барактарындагы катаал жылдарды камтыганы менен, тасмада орун алган кыйчалыш мезгилдин, Жусуп Абдрахманов көтөргөн көйгөйлөрдүн салмагын, масштабын сезе албайбыз. Тарых жөнүндө кенен маалыматы жок көрөрманга ошол учурдагы оорго турган саясий чечимдер Кудайкулов сындуу 5-6 адамдын каршы болуусу, 50гө чукул адамдын кол көтөрүп добуш берүүсү, Сталинге окшобогон «Сталиндин» макулдугу менен эле чечилип калгандай туюлат. Экранда жылдар жылга, окуялар башка окуяга, аракеттер кийинки аракетке алмаша берет. Бирок жасалган иштердин өзөгүн, айтылган сөздөрдүн төркүнүн ашыкча формалдуу, официалдуу иш-аракеттер ачып бере алган эмес. Андыктан, көрүүчү алдын ала даярдык менен келбесе, тасмадан катардагы орунсуз макталган саясатчыны гана көрүшү толук ыктымал.
Жусуп Абдрахмановдун саясий чөйрөдөгү ишмердүүлүгүндө анын айланасындагы тарыхый инсандардын (А. Орозбеков, Б. Исакеев, К. Тыныстанов, И. Арабаев, А. Сыдыков, И. Айдарбеков) орду бөтөнчө. Бирок тасмада бул каармандар көбүнчө башкы каарманды коштоп жүргөн фондук фигуралар катары гана көрүнөт. Натыйжада алардын тарыхый ролу да кичирейип, Жусуптун ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири да жетиштүү ачылбай калган. Бирок бул инсандардын арасынан Төрөкул Айтматовдун образы жандуу жана ишенимдүү көрсөтүлгөн. Даныш Акылбековдун аткаруусундагы Төрөкулдан пафостуу сөздөрсүз, ураалаган чакырыксыз эле жүзүнөн бөтөнчө эркти, кайратты, жигердүүлүктү көрөбүз. Бул жерде режиссердун образ жаратууда актерлор менен жакшы иштеше алганы эмес, көбүрөөк актердун бет түзүлүшүндөгү табигый өзгөчөлүктөрү куткарып кеткендей. Ошого улай эле көпчүлүктү (массовка) ойногон актерлордун да көзгө дароо урунган кайдыгерлигине туш болобуз. Эл өзүнүн өмүрүндө болуп жаткан өзгөрүүлөргө кош көңүл карай албайт. А тасмадагы жансыз, жасалма кол чабуулар, сөз кошуулар бир заматта болуп жаткан окуянын маанилүүлүгүн жокко чыгарат. Же болбосо ошол мезгилдеги адамдардын тарыхый чечимдерге болгон кайдыгерлигин, же коркоктугун символдоштуруп калат.

Тарыхый инсан кинодо кандай чагылдырылышы керек? Көрүүчүгө дух бере тургандай идеалдуубу, же көрүүчүнүн ишенимине кире алган, алсыз жактары бар жандуу адамбы? Алыс кетпей көпчүлүккө элестүү болуш үчүн «Курманжан датка» тасмасын мисал кылалы. Тасмада Курманжанды ойногон Элина Абай кызын тарыхый контексттеги прототибинен бөлүп кароо мүмкүн эмес. Ал тасмада мыкты актердук чеберчилиги менен каарманын түштүктөгү саясий окуялардын эпицентрине, моторуна айландыра алды. Тарых менен Курманжан датка, Элина менен Курманжан жуурулушуп, бир каарманга айланып кетишти. Ал эми биз сөз кылган тасмада башынан аягына чейин Жусупту ойногон Ренат Төрөмамбетов өзүн сүрөттөгү олуттуу, токтоо образдан чыга албай калган каармандай алып жүрөт. Башкы каарман катары, адам катары мүнөзүнүн калыптануусу, өрчүүсү, психологиясы жок. Режиссер балким журт атасынын татыктуу образын жаратыш үчүн эмоцияны ашыкча деп эсептегендир. Бирок эмоциясыз адам болобу? 26 жашында жогорку рангдагы мамлекеттик ишмер болгон, эл башкарган, дүйнө таанымы өз замандаштарынан алда канча озуп кеткен, билимдүү адамдан режиссер экинчи пландагы каармандардан мүнөзү, үнү, көз карашы менен да алдыга чыгып, бөлүнүп турган көп кырдуу улуттук интеллектуал баатырды жарата албаганы өкүнүчтүү. Тилекке каршы, Жусуптун монологдорунан, психологиялык портретинен ар дайым өзүнө, келечекке күмөндүү караган алсыз адам көз алдыбызга келет. Бул жерде актердун чабалдыгы эмес, режиссердун Жусуптун жеке күндөлүгүнөн анын мүнөзүн изилдөөгө албаганы көрүнүп турат.

Жусуп Абдрахманов күндөлүгүндө өзүнүн эң бактылуу жылдары катары балалыгын, Кызыл армияда аскердик кызмат өтөгөн мезгилин, Мария Натансон менен болгон сүйүү баянын эсептейт. Жогоруда белгилеген эки мезгилге салыштырмалуу, Марияга жолуккан жылдарына экрандан көбүрөөк убакыт бөлүнгөн. Дал ушул эпизоддордо Жусуп саясий ишмер катары эмес, адам катары ачылышы керек болчу. Бирок тилекке каршы, биздин «улуу урматуу Жусуп Абдрахманов» сүйүүгө да «костюм шымчан» кирип келди. Күндөлүктөгү «бакыт», же экөөнүн ортосундагы «интеллектуал махабат» салкын, супсак баяндалат. Белгилей кетсек, күндөлүктө Жусуп Марияга жолукканда мырза катары сүйүүдөн эргип, толкуп, азап тартып, кат күтүп, жол карайт. Сүйгөнү, досу да боло алган айым менен мамилеси үзүлгөндө, айрылууну оор кабыл алат, жумушунан алагды болот, кусаланат. Айтор, 2 саат бою экрандагы Жусупту биз окуган күндөлүктөгү, же тарыхый маалыматтардагы Жусупка окшото албай, же образдуу салыштырганда Барсбек каганга окшото албай убара болосуң (М. Натансон тасмада Абдырахмановду кыргыздын учурдагы Барсбек каганы атайт).

Ошентсе да, сюжеттин башында жана аягында колдонулган көркөм интерпретациянын орундуу, ийгиликтүү болгонун айта кетүү абзел. Биз билгендей репрессияга кабылган 138 адамдын сөөгү Бүбүйра Кыдыралиеванын көмөгүнүн аркасында табылган. Тактап кетсек, атасы Абакан Кыдыралиевден уккан аманатын каарман эне өлкөдө коопсуз, бейпил заман орногондон кийин КГБга айтып берет. Тасмада алгач жаш айырмасы 27 жыл болгон Жусуп менен Бүбүйраны жашташ кылып, орус-тузем мектебинде окуп жаткан эпизодун көрсөтөт. (Ж.Абдрахманов 1901-1938. Б.Кыдыралиева 1928-2024.) Тасманын аягында ошол эле курактагы окуучу кыз 1938-жылдагы Жусуптун өлүмүнө күтүүсүз күбө болуп, чачпагынын шыңгырын жашырып, даракка далдаалап турган учурун көрөбүз. Болгону болжол менен 10-11 жаштагы секелек кыздын чачын 2 өрүм кылып өрүп, кыз-келиндер тагынчу чачпакты тагып койгону таң каларлык. Бул режиссердун ишиби, же кийим сүрөтчүсүнүн одоно катасыбы? Эгерде ушул катаны эске албасак, бул кыска эпизод чындыктын эртеби кечпи ачыкталарына жакшы деталь. Ошондой эле Бүбүйра апанын элесине көрсөтүлгөн сый.
Тарых булактарынан Ж. Абдрахманов НКВДнын тергөөчүсү Н. П. Зеликман тарабынан бир жарым жыл бою суракка алынып, чыдагыс кыйноого кабылганын, аргасыз өзүнө коюлган айыптарды моюндап, кийин СССРдин прокурору Вышинскийге, ички иштер боюнча эл комиссары Ежовго кайрылып, өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып арыз жазганын, өлүмгө тасмада көрсөтүлгөндөй оңой моюн сунбаганын окууга болот. Тилекке каршы, аталган маанилүү фактылардын тасмада бири да жок. Анын ордуна Абдрахмановду камоо, тергөө, атуу бир күндүк окуядай бат аяктайт. Ошол себептүү башкы каармандын саясий маанилүү инсан катары эрте менен кармап кетип, кечинде атып кое турганчалык СССРге кадыр-сыйы, орду жок беле деген суроо жаралат.

Ошентип, кандай кино болбосун, ал каалайбы, же каалабайбы белгилүү бир мезгилдин идеологиясын, тарыхка берген баасын, тандоосун жандуу далилге айлантат. Тасмада Абдрахмановго каршы чыккан – кыргыздар, НКВДга тыңчылык кылган – кыргыздар, аны атып салган да – кыргыз солдаттар… Абдрахмановду аесуз сабаган, атууга команда берген каардуу кыргыз солдатынын образы менен репрессиянын түздөн түз себепкери болгон Сталиндин ашкере жумшак көрсөтүлгөн мүнөзүн, башкы каарманга карата көп учурда позитивдүү позициясын аргасыз салыштырууга мажбур болосуң. Салыштыра келсең, “кыргыздар кыргыздарга душман болгон, биз өзүбүздү өзүбүз атып алдык” деген кылтыйган ой жатат. Уюгунан чыккан жыландай болгон жагымсыз ой. Өзгөчө тасмада Иосиф Сталиндин Жусуптун ысымын өзүнүн ысымына окшоштуруп: «Жусуп. Юсуп. Иосиф» деп, балким өзүнө окшоштуруп, сырдуу жылмайып сүйлөгөн аракети менен да режиссер негизги күнөөкөрдү кыйыр түрдө актап, жумшартып көрсөткөндөй таасир калтырат. Жусуптун душмандарына, кыргыздарга ишенип туура эмес өкүм чыгарып алган «байкуш» Сталин атанын моралдык жоопкерчилиги кайда анда? Айла жок. Тасма ушул күлкүлүү суроонун күлкүлүү эмес жообу.
Сыртта XXI кылым. Учурда көп өлкөлөр өзүнүн улуу, тамыры терең эл экендигин далилдеш үчүн тарыхтан таяныч издөөдө. Тарыхый инсандарды улуттук эс тутумдун борборуна алып чыгууда. Ушундай максатта тартылган «Жусуптун» башкы көйгөйү тарыхый фактылардан четтегенинде эмес. Көркөм тасма тарыхты сөзмө-сөз кайталоого милдеттүү да эмес. Чыгарма – бул дайым чыгарма жана анын авторунда көркөмдүк үчүн жеке чечмелөөгө ар качан эркиндик болушу керектигинде да сөз жок. Маселе ошол эркиндиктин, ошол көркөмдүктүн артында тасма эмнени сунуштай алганында. Жусуптун саясий күрөшү, ички карама-каршылыгы, сүйүүсү, коркуусу жана чечкиндүүлүгү толук кандуу драмалык образга айланбай, көбүнчө расмий портреттин, же жансыз эстеликтин чегинде калып кеткен. Натыйжада эки саат бою Жусуп Абдрахмановдун өмүр баяны тууралуу чала-була көрүмүш болобуз, бирок анын өзүн толук жолуктура албайбыз.