Автор: Айпери Болотжан
Instagram: @aiperi.bolotzhan
Ажырашайын деп жаткан жубайларга адатта «бири-бириңерди түшүнгөнгө аракет кылгыла» дешет. «Ажырашам» тасмасы бул кеңешти түз маанисинде колдонуп, Марат менен Аселди дене алмаштыруу аркылуу жараштырууга аракет кылат. Бул ыкма аял менен эркекке коюлган ар башка талаптарды, үй-бүлөдөгү көрүнбөгөн түйшүктү жана бири-бирине айта албаган сезимдерди ачууга жакшы шарт түзмөк. Бирок тасма дене алмашууну көбүнчө комедиялык ситуацияларга пайдаланып, каармандардын ички өзгөрүүсүн жетишерлик тереңдетпейт.
Режиссер Болотбек Тилек үй-бүлө темасына биринчи жолу кайрылып жаткан жок. «Кайнене», «Супер келиндер», «Түндүктүк келин», «Жеңе», «Качан турмушка чыгасың?», «Жүрөгүм» сыяктуу тасмаларында кайнене–келин, жубайлардын мамилеси, турмуш курууга байланышкан коомдук күтүүлөр сыяктуу темаларга кайрылып келген. «Ажырашамда» болсо ошол эле багытка фантастика элементтерин кошуу менен, жубайлардын маселесин дене алмашуу аркылуу чечүүгө аракет кылат.

Тасма ажырушууну көздөгөн Аселдин (Айдай Шабданова) жана анын никени сактап калууга аракеттенген жолдошу Мараттын (Дастан Бакытбеков) окуясын баяндайт. Экөөнүн мамилесинин бузулушуна алардын ортосундагы келишпестиктерден тышкары, тууган-тушкандардын «качан балалуу болосуңар», «качан төрөйсүң» деген суроолору да таасир эткени алардын диалогунан билинет. Экөөнүн балалуу боло албай жатканы менен «аялы төрөбөйт» деген сөз Аселге багытталып, анын жүгү көбүрөөк аялга артылган. Жаш үй-бүлөнүн жеке жашоосуна жөнү жок кийлигишип, суралбаган кеңешин берип, өзүнчө «коуч» боло калгандардын аракети бул басымды күчөтөт. Ушунун өзү эле Аселдин эмнеден тажап, ажырашууга чейин жеткенин ачкан чоң сюжеттик линия боло алмак. Аселдин башынан өткөн ушул жагдай анын жеке тагдырын гана эмес, кыргыз коомунда аялдын үй-бүлөдөгү ордуна байланышкан түшүнүктөргө да жем таштамак. Бирок тасма аны үстүртөн жалпылап, бир аз туз себелегендей эле өтүп кетет.

Тасмада дене алмашуу концепциясынын мүмкүнчүлүктөрү толугу менен ишке жарабай калган. Мисалга, Марат Аселдин денесинде жүрүп, «аялы төрөбөйт» деген сөздү өзү угуп, аялга артылган талапты өз башынан өткөрсө, анын аялынын абалын түшүнүүсүнө жол ачылмак. Асел болсо Мараттын ордуна туруп, эркекке коюлган милдеттерди, анын мойнундагы жоопкерчиликти сезип көрмөк. Ошондо экөө бири-биринин жасап жүргөн иштерин эле эмес, ошол жашоонун өзүн түшүнүүгө жакындамак. Андан тышкары, үйдөгү күнүмдүк иштердин кимдин мойнуна көбүрөөк түшөрү да ушундан көрүнмөк. Тилекке каршы, тасма бул жакка терең кирбейт. Аял менен эркекке коюлган талаптардын айырмасы өзүнчө тема болуп ачылбай, дене алмашуу көбүнчө комедияны алдыга жылдыруучу курал катары гана колдонулат. Экөөнүн күнүмдүк түйшүгү, адаттары жана бири-бирине жат болгон милдеттери күлкүлүү көрүнүштөргө себеп болуу менен өтүп кетет. Ал эми ошол күнүмдүк иштердин артында турган сезимдер, чарчоо, басым экөөнүн ортосундагы мамилени кантип өзгөрткөнү анча ачылбай калат.
«Ажырашамды» көрүп жатып Кристина Орбакайте менен Гоша Куценко ойногон орусиялык комедия «Любовь-морковь» (2006) эске түшөт. Ал жерде да ажырашуунун алдында турган жубайлар күтүүсүздөн денелери алмашат. Андрей менен Марина бири-биринин жумушуна, күнүмдүк түйшүгүнө аралашып жүрүп, мурда байкабаган нерселерине башкача карай башташат. Башкача айтканда, дене алмашуу ал тасмада күлкү үчүн гана эмес, жубайлардын мамилесин ачып берет. «Ажырашамда» болсо бул ыкма көбүнчө күлкүлүү көрүнүштөрдү жаратуу менен чектелет.

Ошол себептен Марат чындап эле Аселди түшүндүбү деген суроо чыгат. Анын иштерин жасап көргөнү Аселдин эмне сезип жатканын түшүндү дегенди билдирбейт. Тасма Аселдин чарчоосун, таарынычын, туугандардын сөздөрүнөн алган басымын Мараттын ички тажрыйбасына айландырып бере алган эмес. Аселдин Маратты түшүнүүсүндө да ушундай эле маселе бар. Ал күйөөсүнүн иштерин жасап көргөнү менен, ошол артылган милдеттердин артындагы сезимдерди, Марат айтып жаткан «намыс» деген түшүнүктү канчалык түшүнгөнү белгисиз. Демек, фильмде орун алмашуу бар, бирок ички өзгөрүү жок. Мына ушул нерсе тасманын негизги идеясынын таасирин азайтып, жубайлар бири-бирин чындап түшүнүштүбү деген суроону дагы жоопсуз калтырган.
Дене алмашуу актерлор үчүн да оңой милдет эмес. Анткени алар өз каарманын эмес, башка адамдын денесиндеги каарманды ойношот. Мараттын денесинде Аселдин мүнөзү, Аселдин денесинде Мараттын кылыгы көрүнүшү керек. Бул жерде үн, кыймыл, мимика, баскан-турганга чейин маанилүү. Тасмада актерлор муну негизинен комедия аркылуу көрсөтүшөт. Бири-биринин адаттарын, кылыктарын туурап, күнүмдүк иштерге туш болушат. Мындай учурларда актерлордун бири-биринин жүрүм-турумун берүүгө аракет кылганы байкалат. Ал эми сезимдик жактан бул алмашуу анчалык ишенимдүү сезилбейт. Себеби актерлордун оюнун күчөтө турган эмоциялык кырдаалдар сценарийде да жетиштүү курулган эмес.
Ошондуктан «Ажырашамдын» негизги маселеси актерлордун оюнунда эмес, дене алмашуу эмне үчүн керек болгонуна байланыштуу суроодо жатат. Эгер бул ыкма жубайлардын бири-бирин чындап түшүнүшүнө алып келсе, алардын мамилесин кандай өзгөрткөнүн ачып бергенде тасманын артында олуттуу өзөк пайда болмок.
Негизинен «Ажырашамдын» бирөөнү түшүнүш үчүн анын ордуна туруп көрүү деген идеясы кызыктуу. Бирок фильм күнүмдүк түйшүктү көрсөтүү менен чектелип, үй-бүлөдөгү аял менен эркектин айырмасын, алардын мойнундагы жоопкерчиликти жана бири-бирине жетпей жаткан сезимдерди ачууга толук пайдалана албай калган. Ошол себептен «Ажырашам» бир сыйра күлдүргөнү менен, «бири-бириңерди түшүнгүлө» деген оюн көрүүчүгө терең сездирбейт.

