«Кара Кызыл Сары»: Тагдырдын формага айланганы…

Кыргыз киносундагы беделдүү режиссерлордун бири Актан Арым Кубат ар бир тасмасында адам менен мезгилдин, эс тутум менен маданияттын ортосундагы байланышты изилдеп келет. Анын «Кара Кызыл Сары» тасмасы да ушул чыгармачылык изденүүнүн уландысы.
SYNCHY долбоорунун «Эң мыкты рецензия» сынагында атайын дипломго ээ болгон Махабат Айдакеева фильмдин сюжетин гана эмес, анын философиялык катмарларын да талдап көрүүгө аракет кылат.

Актан Арым Кубаттын «Кара Кызыл Сары» тасмасын салттуу кинокритиканын категориялары менен эмес, маданияттын, эс тутумдун жана адам тагдырынын философиялык талдоо зарыл деп эсептейм. Тасманын маанилик түзүлүшү кол өнөрчүлүк, сүйүү, үй-бүлөлүк мамиле же улуттук салт тууралуу баяндоо менен гана чектелбейт. Бул элементтер чыгарманын сырткы катмарын гана түзөт. Андан да маанилүүсү: адамдын жашоосу кандайча формага айланат жана бул процессте эмнелер жоголот?

Тасманын борбордук идеясы салтты туруктуу маданий баалуулук катары көрсөтүүдө эмес, анын онтологиялык эки жактуулугун ачып берүүдө жатат. Салт бул фильмде декоративдүү фон катары да, тарыхый ажырымдан куткаруучу күч катары да берилбестен, адамдын жашоосун сактоочу, иретке келтирүүчү жана ошол эле учурда чектөөчү татаал механизм катары көрүнөт. Ошондуктан бул тасманы кыргыз маданияты тууралуу чыгарма катары гана окуу жетишсиз. Анын тереңдиги маданияттын ички амбиваленттүүлүгүн көрсөтүүдө: адам менен салттын, аял менен коомдун, эмгек менен эстетиканын, чыдам менен үнсүз зомбулуктун ортосундагы көрүнүшү чагылдырылат. Тасма бул карама-каршылыктарды ачык жарыя кылбайт. Аларды жөн гана турмуштун өзүндөй кылып, жай, унчукпай, бирок ичтен сыздап көрсөтөт.

шырдак – аял – түс.

Бул контекстте шырдактын образы өзгөчө мааниге ээ. Шырдак фильмде этнографиялык деталь же улуттук өзгөчөлүктүн жөнөкөй символу эмес. Ал философиялык модель катары иштейт. шырдакта адам тагдыры формага ээ болуп, көрүнүктүү, иреттелген жана белгилер киргизилген абалга өтөт. Бирок дал ушул тагдырдын формага салынышы тасманын трагедиялык өзөгүн түзөт.  

Кол өнөрчүлүк, эс тутум жана башкалардын тагдыры менен байланышкан Турдугул аттуу аялдын образы өзгөчө мааниге ээ. Бул «образды салттын сактоочусу»  деген көнүмүш түшүнүккө чейин жөнөкөйлөтүүгө болбойт. Тасмада аял маданиятты жөн гана алып жүрүүчү эмес, ал маданияттын өзүн кайра өндүргөн негизги фигурага айланат. Ал форма жаратат, бирок өзү да мурда эле белгиленген форманын ичинде жашайт. Анын эмгеги маанини жаратуучу күчкө ээ, бирок бул күч толук субъекттүүлүк менен дал келбейт. Башкача айтканда, маданият аялды символго айландырган учурда, аны өз алдынча субъект катары көрүүгө даярбы?

Бул жагдай тасманы этнографиялык чечмелөөдөн чыгарат. маселе кыргыз салты жөнүндө гана эмес, андан алда канча кеңири көйгөй жөнүндө болуп жатат. Көп улуттун маданиятында аял көбүнчө эс тутумдун, үйдүн, уруунун, мураскерликтин фигурасы болуп калат, бирок бул функциялардан радикалдуу түрдө эркин болууга сейрек укук алат. Аны образ катары көтөрүшөт, бирок инсан катары чектешет. ушул мааниде тасма маанилүү сынчыл потенциалга ээ. Ал аялды символикалык жактан урматтоо анын экзистенциалдык эркин эместиги менен катар жашай аларын көрсөтөт.

Тасманын аталышы – «Кара Кызыл Сары» – жөнөкөй түстүк символика катары түшүнүлбөшү керек. Бул түстөр декоративдүү эмес, тасманын өзүнө таандык философиялык грамматиканы түзөт. Алар өзүнчө эмоцияларды эмес, жашоонун ар башка режимдерин билдирет.  «Кара» түс сөзгө жана рационалдуулукка чейинки тажрыйбанын аймагын билдирет. Бул жөн гана өлүмдүн же кайгынын түсү эмес, адам тагдыры адамдын өзүнө түшүнүктүү боло электе эле жарала турган тереңдиктин белгиси.   «Кызыл» түс сүйүү же кумар менен гана байланыштуу эмес. Ал туруктуу тартиптин бузулушун билдирет. Тирүү тажрыйбанын мурда эле калыптанган формаларга адамдын кирип келиши. Ал каалоо же моралдык тандоо көнүмүш жашоо түзүлүшүн бузуп баштаган чыңалуу учурун көрсөтөт. «Сары» түс болсо жарыктын же үмүттүн жөнөкөй символу эмес. Тескерисинче, ал «кеч түшүнүүнүн түсү». бул жерде жарык эми куткарууну убада кылбайт. 

Тасманын сынчыл күчү көрүүчүгө жөнөкөй чыгуу жолун сунуштабаганында. Ал салт адамды сөзсүз куткарат деп ырастабайт. Бирок салтты эскирген тартип катары толугу менен четке да какпайт. автордун өзгөчөлүгү – адам маданий формадан тышкары жашай албасын, бирок ар бир маданий форманын өз баалуулугу бар экенин көрсөтөт. бул жагынан «Кара Кызыл Сары» тарыхый бурулуш доорундагы маданияттын тагдыры тууралуу ой жүгүртүү катары каралышы мүмкүн. Мурунку социалдык жана идеологиялык түзүлүштөр күчүн жоготкондо, адам эс тутумдун байыркы формаларына: кол өнөрчүлүккө, үй-бүлөөгө, урууга, эмгекке, оймого кайрылат. Негизги нерсе салтка кайтуу бүтүндүккө кайтуу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, ал салттын өзү да жоготуулардын, үн катпоонун жана айтылбай калган конфликттердин изин алып жүрөрүн ачып берет.

Ошондуктан Актан Арым Кубаттын бул тасмасы улуттук маданиятты визуалдык жактан даңазалоо катары эмес, анын чектерин философиялык жактан изилдөө катары маанилүү. ал маданиятты өзүн-өзү мактоо режиминде эмес, ички суроо абалында көрсөтөт. Салт эмнени сактайт? Эс тутумду гана сактайбы? Же аны менен кошо травмаларды, тыюуларды, иерархияларды, үн катпоонун формаларын да сактайбы? чыгарманын жетилгендиги (зрелость) мына ушунда. «Кара Кызыл Сары»  тасмасы көрүүчүгө даяр моралды сунуштабайт. ал жашоону сүйүү менен милдеттин, салт менен эркиндиктин, өткөн менен азыркынын жөнөкөй конфликти катары кыскартпайт. Тасма тереңдиги – анын терең ой жүгүрткөндүгүндө: адам дайыма тирүү тажрыйбанын хаосу менен форманын зарылдыгынын ортосунда жашайт…

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *