«Ашыгым» –  бир тиштем «Кызыл алма»

Текст: Айзирек Каразакова

Сүйүү жөнүндө кино арбын. Бирок ошол сүйүүнү белгилүү бир доордун тарыхы, атмосферасы жана адамдардын тагдыры менен айкалыштырып берүү ар бир режиссердун эле колунан келе бербейт. «Ашыгым» тасмасы 90-жылдардын оор турмушун фон катары эмес, каармандардын мүнөзүн жана тандоосун аныктаган негизги күч катары көрсөтөт. Бул тасма тууралуу SYNCHY долбоорунун «Эң мыкты рецензия» сынагында атайын дипломго ээ болгон Айзирек Каразакова сынак үчүн жазылган рецензиясында кененирээк токтолот. Рецензия редакциянын кийлигишүүсүсүз берилди. 

Кыргыз кино өндүрүшүндө акыркы жылдары түрдүү тематикада, сатира, драма, алтургай триллер, хоррор ж.б. түрдүү жанрдагы көркөм тасмалар тартылып жатканы бир жагынан кубандырат. Бирок экинчи жагынан, алардын арасында жанрдын талабына жооп берер, көркөм сапаты тиешелүү деңгээлде тартылгандары сейрек кездешип жатканы өкүндүрөт. Анткен менен сандык өсүш бара-бара сапаттык өсүшкө алып келет деп үмүт артууга айрым тиешелүү деңгээлде талаптарга жооп берген көркөм тасмалар негиз болууда. Акыркы эки жылдын аралыгында тартылган ушундай фильмдердин бири – 2025-жылы тартылган Манас Халдаровдун «Ашыгым» фильми. 

Фильм көрүүчүлөрдү 90-жылдарга алып барат. Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардагы экономикалык кыйынчылыктар, жумушсуздуктун айынын интеллигенциянын аргасыз көчө коммерциясына өтүп кетүүсүү, оор студенттик жашоо, бирок ага карабай эки жаштын ортосунда тутанган таза сүйүү баяны көрүүчүлөрдү кызыгуусун гана жаратпастан, өзүнө толугу менен ишендирет. Тасманын дагы бир артыкчылыгы – режиссер ХХ кылымдын аягындагы “интернетсиз” доорго бүгүнкү күндүн көзү менен кароого шарт түзө алгандыгы. Тагыраак айтканда, фильмдин инстаграм заманында чоңоюп жаткан кичинекей кыздын чоң атасынын оозунан уккан окуя катары сюжеттик-композициялык планда баяндалуусу. Ушунун өзү ошол оомал-төкмөлдүү татаал мезгилди бүгүнкү жаш муунга ары кызыктуу, ары аутенттүү көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жараткан. Демек, мында алдыңкы планга сүйүү темасы чыкканы менен, анын артында ошол доордун оош-кыйышы толук кандуу чагылдырылган.

Фильм ушундай өзгөчөлүгү менен экономикалык тартыш заманды, кызга жолугууга кийип барганга бут кийими, жадагалса, чөнтөгүндө бир тыйыны жок жигиттин турмушун, адамдардын баалуулуктарын азыркы санарип технологиянын, электрондук гаджеттердин, соцтармактардын заманында аңдап-түшүнүп кабыл алууга көпүрө боло алды.

Фильмдеги 90-жылдардын аутенттүү атмосферасына кененирээк токтололу. 1994-жыл. Фрунзе шаары… дал ошол биз угуп, элестетип жүргөн жашыл, эски шаардын атмосферасы жылуу түстөр, жумшак жарык жана ретро-боек аркылуу таасирдүү чагылдырылган. Ак эмгек менен жан багууга тырышкан Советтер союзунан кийинки алсыз, бирок эркин, күчтүү элдин маанайын дүкөндөрдүн боштугу, нанга келген адамдардын узун кезегинен көрүүгө болот. Жогорку окуу жайда иштеген интеллигенттин алып-сатарга айланганы, аны тооруган рекетчилер, бири-биринен пайда табуу жолдорун издегендер… Айтор, ушул сыяктуу экинчи пландагы каармандардын образы баш каарман жашап жаткан доордун күзгүзү катары кыйла дурус иштелген.  

Ал эми баш каармандын образын режиссер чеберчилик менен иштей алган. Жаштайынан ата-энесиз өскөн Максаттын  сүйүүгө жолуккандагы тоскоолдуктарды жеңиши: алгач кыз жашаган райондун шок балдарынын кысымына кабылып, көп өтпөй алар менен тил табышып кетүүсү, андан соң, кыздын атасынын, үй-бүлөсүнүн каршылыгына туш болушу, эң акырында сүйгөн кызы кырсыкка учурап, баспай калганда, болгон аракетин жасап, аны кайра бутка туруп, басып кетүүсү үчүн жасаган күрөшү. Мына ушундай майда-барат тоскоолдуктардан баштап, оор тагдыр сыноосуна чейин сүйүүсү үчүн бекем туруп күрөшкөн каарман көрүүчүнүн симпатиясына татыйт. Ошентип, «Ашыгым» замандын оорчулугуна, турмуштун катаалдыгына, тагдыр кыйчалыштарына туруштук берген ак сүйүүнү даңазалаган тасма катары кыйла ынанымдуу тартылган фильм. 

Фильмде режиссер кайсы бир деңгээлде Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган Т.Океевдин «Кызыл алма» көркөм тасмасынан таасирленгендей элес калтырат. Алсак, турмуштун түрдүү оор соккуларына кабылса да, эл катарында өз арабасын өзү тарткан Максатка Исабековдой эле шаардык милиционердин билимдүү кызы Айсулуунун көңүлүнө толушу оңой болбойт. Айсулуунун окумалдыгына суктанган жигит, анын сунушу менен  Ч. Айтматовдун  «Кызыл алмасын» окуйт. Исабеков да сулуу бийкестин арты менен китепканада көп олтурат эмеспи. 

Мындан тышкары, фильмдин сюжети, кадрлардын коюлушу, картинасы, түстөрү, боегу, үндөрү, жарык, музыканын колдонулушу да, көбүнесе, Төлөмүш Океевдин «Кызыл алмасын» эске салат. Айрыкча, фильмдеги башкы каармандын автопортреттик баяндоо форматы, аталган фильмге байланышкан сахналар (китепкана, бульвар, жигиттин кызды аңдый басканы ж.б.) көрүүчүгө кыргыз классикасына айланган «Кызыл алмадан»  «бир тиштем» таттырат.      

Фильмде аруу сүйүү сезими менен катар үй-бүлөнүн мааниси терең ачылганын көрөбүз. Фильмдин идеясында адамзаттын жашоосунда сүйүүнүн орду алмаштыргыс экени, чыныгы сүйүү менен курулган үй-бүлөдө адам кандай күндө калбасын колдоо күчтүү болорун чагылдырган ой жатат. Максаттын кийинки турмушунда, б.а., азыркы учурда баары бар. Ишкерлик менен бутуна турган Максаттын учурдагы тың жашоосу да ошол 90-жылдары соода-сатык менен үй-бүлөсүн экономикалык кыйынчылыктан сууруп чыккан, алтургай, ишкерлиги менен өлкөсү үчүн да чоң экономикалык күч болуп берген муундун жашоосун көз алдыга тартат. Бирок режиссер бактылуу жашоо менен гана фильмин бүтүргүсү келбейт. Ал баш каарманын дагы сыноого кабылтат. Оор ооруга чалдыккан Максатка үй-бүлөсү болгон аракетин жумшап, операция жасатуу аркылуу айыгып кетишине себепчи болушат. Демек, адам ар дайым тагдыр сыноосунда жашайт. Жашоо жеңил эмес. Анын  «сюрприздери» тартыш турмушта да, бардар жашоодо да коштой берет. 

«Ашыгым» ушундай жөнөкөй турмуштук окуялар аркылуу көрүүчүнү бир тараптан жылуу сезимге балкытып, көзүнө жаш алдырса, экинчи тараптан, азыркы жаштарга улуу муун басып өткөн жолду таанып-билип, аларды түшүнүү менен кабыл алууга багыт берет. Фильм көрүүчүлөрдү сүйүүгө дагы бир ирет ишендирип, эң негизгиси, бактылуу болуу үчүн адамга көп нерсенин кереги жок экенин, эң башкысы  жүрөк тандаган жакын адам турганда эч кандай тоскоолдук аны майтара албашы тууралуу баяндайт.   

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *