Текст: Айгерим Ишебаева
Кээде эң оор салгылаш майданда эмес, адамдын ичинде өтөт. Жоготуу, үмүт жана жоопкерчилик менен күрөшкөн атанын баяны болгон «Акыркы дем» көрүүчүнү кыргыз кино айылынын кең талаасына жетелеп, ошол эле учурда үй-бүлө, ата-энелик милдет жана адам чыдагыс сыноолор тууралуу ойго салат. Бирок таасирдүү идеянын артында тасманын алсыз жактары да байкалбай койбойт. SYNCHY долбоорунун «Эң мыкты рецензия» сынагында атайын дипломго ээ болгон Айгерим Ишебаева дал ушул суроолорго «Акыркы дем» тасмасына сынак үчүн жазылган рецензиясында жооп издейт. Рецензия редакциянын кийлигишүүсүз берилди.
Жашоонун катаал сыноолору биринин артынан бири пайда болуп турганда, ага туруштук берүү канчалык мүмкүн жана анын баасы кандай? «Акыркы дем» оператор-коючу Автандил Батырбековдун биринчи режиссердук эмгеги. Режиссердун айтымында, бул – атанын коомдогу ролун түшүрбөө жана аларды колдоо максатында тартылган фильм.

Башкы каарман Бакыттын ролун актер Аскат Сулайманов аткарат. Сулайманов десе кыргыз комедиясы, кыргыз комедиясы десе Сулайманов эске түшөт. Арийне, бул фильм тамашакөй артистти көнүмүш амплуасынан чыгарып, биз тааныбаган, дагы көрө элек Аскат Сулайманов менен таанышууга чакырат. Маал-маалы менен орундуу какшыктоосу, кызын күлдүрүү аракеттери анын дагы эле күлдүрө да, ыйлата да алчу таланттуу актер экенине ишендирет. Бакыт жашоонун сыноосуна бышып бүткөн, акырын моюн сунуп оокатын жай өткөргөн койчу. Көңүлүнүн баары жалгыз кызында экендигин, ошол эле учурда терең кайгыны башынан өткөргөнүн анын жүдөңкү сырткы келбети кабар берип турат. Ал эми Карлыгачтын образы актриса Амина Абдраимовага куп жарашкан. Акылдуу, боорукер, тайманбас Карлыгач өтө эле «жакшы кызды» ойноп жаткандай калтырат. Фильм бою бул кыз качан жарылат, качан апасын сагынганын ачык айтат, качан, качан деген эле суроолор өзүнөн-өзү пайда боло берет. Тагыраагы атасы менен кызынын мамилесине бир чагылган жетпей тургандай. А балким ал чагылган Мончокту (жылкы) Назымдар (антагонист) кыйнап алып бартканда чартылдаса керек.

Фильмдеги бурулуш ат менен башталып, фильмдин бүткөн чекити да ат менен аяктайт. Анын талаада чуркаганы балалык сезимдерди ойготуп, тээ мурун жайкы каникулда айылга келгендеги элестерге алып барат. Мончок башкы каармандардын үмүтү жана шам чырагы. Бакыт ичинен миң бөлүкчөлөргө сынып калганында, анын кайрадан түстүү мозаика сымал чогулуусуна да Мончок жардам берет.
Калган каармандар «стандарттуу» кыргыз фильмдерин түзүп жүргөн курам. Адамгерчиликсиз, колунда бар антагонист жана анын коштоочулары, чет элдик инвестор (өзгөчө шейхтер) калыптанып калган клише. Арийне, арасында баса белгилей турчу каарман бар, ал – Айтбекти аткарган Эламан Жаналиев. Анын жөнөкөйлүгү, өзүн жеңил алып жүрүшү, көз карашы көрүүчүнү бат эле өзүнө арбап алат. Бакыт аны ат чабыштарга даярдап жүрөт. Режиссер ат үстүнөн эле Айтбекти финалдык сценадан алып салуусу Бакыттын трагедиялуу өлүмүн көрсөтүү үчүн колдонгону негизсиздей. Түз жерден башка эле бир аттын (Мончок эмес, Толкун да эмес) баланы бир тээп кеткени көрүүчүнү ишендирбейт.

Жогоруда айтылган шейхтер дайыма жардамга келе калчу, берешен, каалап турсаң берем деген образдын кабыгынан чыга алышпагандай. Ат чабыштын масштабдуулугун көрсөткүсү келгендиги дурус. А бирок ошол эле Өмүрбек Израиловду (бизнесмен) инвестор катары берсе деле болмок. Ошону менен катар режиссер жардамды өздөн эмес, өзгөдөн күт деген месседж калтырган деген ой келбей койбойт. Буга Бакыттын доктур менен болгон диалогунан үзүндү («Кыргызстанда деги эмне кыласыңар өзү?» ) далил боло алат.
Назымдын ролу Жылдызбек Касейиновго тийген. Ооба, ал ачкөз, кур намысчыл, жеңилгенди жек көрөт. Назым Бакытка бир топ ыңгайсыздыкты жаратат. Бирок «Акыркы демде» андан өткөн таш боор, билинбей жүргөн дагы башка антагонист бар. Ал аёсуз адамдын өмүрүн алган оору. Карлыгачты үйгө чыгарып кеткенге боло турганын айтып жаткан сцена, тагыраагы доктур менен Бакыттын маеги дубалдары саргайган сары түскө боёлгон, күндүн нуру тийип турган коридордо өтөт. Жагымсыз сары түс, жабышып алган оорунун аллегориясы жана күндөн Бакытка тийген нур такыр эле үмүттүн нуруна окшошпойт.

Музыкасыз кино – тузсуз тамактай. Тузду туура колдоно билүү тамакты же даамына чыгарат, же такыр бузат. «Акыркы демдеги» музыкалык коштоо, дал ошол туура эмес туздалып калган аштай. Музыка каармандардын үнүн угузбай, өтө чоңоюп же, тескерисинче, каармандардын үнү өтө кичирейтилген. Диалогдорду дааналап уга албай убарага салганы – чоң кемчиликтердин бири. Кээ бир жерлерде обон визуалдык тизмекке шайкеш келбей, отурбай калганын байкоого болот. Маселен, кыргыз аспасптары коштолгон обон фильмде басымдуулук кылып, жалпы темага жарашат. Анан эле ортодон ата тууралуу шаңдуу заманбап ыр кошулат. Ага чейинки болгон сыйкырдуулукту ушул шаңдуу ыр бир бузат дейсиң!..

Оператордук иштин жалпысынан оркоюп көзгө көрүнгөн кемчилиги жок. Мончоктун чуркаганы, анын жарышка чыкканы, сезимдери кылдаттык менен тартылган. Бакыттын ички уйгу-туйгу сезимдерин берүү үчүн кол камера колдонулган. Мончок жарадар болгон сахнанын ачылышынан арткы фондогу (жашыл тоонун боору) трактор, жер казуу, жол салуу иштерин көрүүгө болот. Бул фильмге эч кандай бир маалымат кошпогон соң, аны кошо алып тартуу кажети бар беле деген суроо туулат.
Продакт-плейсментти да айтпай кетпесе болбойт. Башкы өнөктөшү NNGroup курулуш компаниясы сыналгыдагы жарнамалардын бири катарында көрсөтүлгөн. Ал эми Vedanta ооруканасы өнөктөштөрдүн катарына кирбегени менен тез жардам унаасындагы жазуусу, телефон номуру даана эле көрүнөт. Өнөктөш болгусу келбеген «Шоро» компаниясынын «legenda» суусун сырткы каптагычы жок деле таанууга болот. Камео катары Айсанат Эдигееванын пайда болушу Өмүрбек Израиловду (продюсерлердин бири) колдоп келгенинен кабар берет.

«Акыркы дем» – бул кооз момпосуй кагазына оролгон атанын драмасы. Кооз момпосуй кагазы – бул ата менен кызынын идеалдуу мамилесинин аллегориясы, себеби чыныгы жашоодо конфликтсиз үй-бүлө болбойт. Демек Бакыт да, Карлыгач да ички сезимдерин, аялына, апасына болгон сагынычты билдирбей жүргөнгө, бири-бирине күч-кубат болууга шартсыз сөз беришкендей туюлат. Режиссер Автандил Батырбеков атайылап эле апасы тууралуу кеп козгогонго мүмкүнчүлүк бербегендей. Карасаңар, апасыз деле атанын колунан баары келет дегендей. Коомдогу идеалдуу атанын ролун берүү аракети канчалык деңгээлде жүзөгө ашканын ар бир көрүүчү өзү тыянак чыгарар.