Текст: Кайыргүл Абдырахманова
«Ата – аска тоо…». Бир кезде социалдык тармактарда кеңири жайылып талкууланган «ата-бала мамилеси» темасы эми кыргыз киносуна өткөн сыңары. Бирок экранда бул мамиле азырынча үстүртөн гана «иштелип» жаткандай.
Үй-бүлөлүк баалуулуктарды комедиялары аркылуу чагылдырып келген Бакыт Осмонканов «Кыял» аттуу драмасы менен бул тенденцияны өзгөртө алдыбы? Бул жана башкалар тууралуу SYNCHY’нын автору Кайыргүл Абдырахманова кеп курат.
Комедия жанрында бир топ ийгиликтүү тасмаларды жараткан режиссёр Бакыт Осмонканов өткөн жылы Бишкек эл аралык кинофестивалына «Аяш 4» тасмасы менен катышып, башкы каармандын ролун аткарган Динара Багышбаева «Эң мыкты роль» наамына татыктуу болгон. Кинофестивалдын бул жылкы KyrgyzBox бөлүгүндө Осмонкановдун «Кыял» аттуу драмасы ат салышып, кайрадан «Эң мыкты актриса» наамында жеңүүчү аталды. Сыйлык тасмада баш каарман Кыялдын ролун ойногон Айлин Таалайбековага тапшырылды.

Тасмада жубайынан эрте айрылган Болот бир кезде рак оорусун жеңген кызы Кыялды жалгыз тарбиялап келет. Күндөрдүн биринде Кыял эсин жоготуп бейтапканага түшүп калат. Эски оорусу күчөгөнүн уккан атасы кызын сактап калуунун жолдорун издеп, айласы кетип турган чакта, кызынын кыял дептерин таап алат. Андагы тизмени көргөн Болот бул жолу оору менен эмес, убакыт менен күрөшүүнү туура көрөт. Кызынын тилектерин орундатууга шашылып, аны түн ичинде бейтапканадан уурдап кетет. Ошентип, Болот, Кыял жана анын жакын досу Жоки тизмедеги кыялдардын бирин ишке ашыруу үчүн жолго чыгышып, күтүүсүз окуяларга туш болушат.

Бакыт Осмонканов ата-бала мамилесине ушуну менен экинчи ирет кайрылууда. Алгачкы жолу «Ата» драмасында кырсыктан улам жубайын жоготуп, балдарына ата да, апа да болууга аракеттенген атанын окуясын баяндаган. Анда да башкы каарман күтүлбөгөн кесепет жана баласынын оорусу менен сыналат. Башкача айтканда, эки тасмада тең атанын мээрими баласынын ооруп калышынан же күтүлбөгөн кырсыктан улам алынган чечимдер аркылуу көрсөтүлөт. Ошентип, күтүүсүз жагдай, кырсык, баланын оорусу жана тобокелдиктен турган драматургиялык түзүм ата мээримин көрсөтүү үчүн колдонулган паттернге айланат.

Ушул эле паттерн акыркы убактагы ата-бала мамилесине арналган башка кыргыз тасмаларында да байкалат. Мисалы, Автандил Батырбековдун «Акыркы дем» (2025) тасмасында жубайынан айрылган башкы каарман, кызынын оорусуна байланыштуу тобокелге барат. Дал ушул тобокелдик жагдайы Камчыбек Салморбековдун «Кызым» (2024) аттуу триллеринде да байкалат. Башкача айтканда, аталган тасмаларда көбүнчө жесир, турмуштук кыйынчылыктарга туш болгон каармандар баласы оор абалга кабылгандан кийин гана демилгени колдоруна алышат. Натыйжада аталык мээрим, негизинен, кризистик учурлар аркылуу гана ачылат. Бул ыкма драманы гана күчөткөнү менен, сезимдин тереңдиги көмүскөдө калып кетет. А бул аталык мээримди бир жактуу кабылдоого алып келет. Буга ылайык, аталык сүйүү терең, туруктуу жана күнүмдүк көрүнүш катары эмес, көбүнчө экстремалдык жагдайларга жооп катары берилет. Натыйжада, атанын ролу коргоо функциясы менен чектелип, анын көп кыры ачылбай калып кетет.

Андан тышкары, аталган тасмалардын көбүндө эненин фигурасы жокко эсе. Ал тасманын башынан эле эскертилбейт, же трагедиялык жагдайдан улам окуядан четтетилет. Бул көңүлдү толук түрдө ата менен баланын байланышына буруу максатында колдонулушу мүмкүн. Бирок бир четинен режиссёр жагдайды жасалма оорлоштуруу аркылуу мамилелердин тереңдигинен мурун, аталык мээримдин чектерин сынап жаткандай. Андыктан, авторлор бул образды улам бир калыпка салып, байкап, изденип жатышабы же өздөрү чийген чийинден чыга албай жатышабы айтуу кыйын.
Көзгө дароо урунган окшоштуктарга карабастан, «Кыял» тасмасы башкалардан ритми жана күтүүсүз финалы менен айырмалана алат. Сюжеттеги кайгылуу окуялар менен күлкүлүү жагдайлардын кезектүү ирээти көрүүчүдө кандайдыр бир эмоционалдык чайкама жаратат. Бул бир жагынан көрүүчүнү кайгыга чөктүрбөй, тасманы жеңил кабыл алууга жардам берсе, ошол эле учурда, мындай кескин алмашуудан улам көрүүчү драмалык эпизоддорду сиңиргенге үлгүрбөй, анын таасирин сезбей калышы мүмкүн. Натыйжада тасманын жанрдык түзүлүшү гибриддүү эмес, тескерисинче, туруксуз сезилип, режиссёр дагы эле толук кандуу драмага өтүүгө батына электей таасир калтырат.

Ага карабастан тасманын актёрдук ансамблы – анын башкы артыкчылыгы. Айрыкча белгилей кетчү образ – Жеңишбек Майрамбековдун аткаруусундагы Жокинин каарманы. Ал аутизм өзгөчөлүгү бар отуз жаштагы бала кыял, ичи таза, тамашакөй зээндүү бала, Кыялдын жакын досу жана кошунасы. Жоки жакшы ой айтып же иш жасаса, Кыял:«Жоки, молодец!»,- деп аны дайыма кубаттап турат. Жеңишбек Майрамбеков буга чейин негизинен комедиялык ролдордо ойногон актер катары белгилүү. Анткен менен ал алгачкы драмалык ролун ашыкча сентименталдуу же карикатурага айландырбастан, аяр жана кылдаттык менен ишендире аткарган. Өзүнө мүнөздүү тамаша стили бул жолку образын органикалык түрдө толуктап, Жокинин каарманын шөкөттөп турат. Андыктан тасманын соңунда, «Жоки, молодец!» деген сөздү Майрамбековго да арнагың келет.

Акыркы мезгилде ата-бала темасы Осмонкановду эле эмес, бир нече режиссерлорду кызыктырып, алар атанын образын жаңыча карап чыгууга же кайра жаратууга умтулуп жатышат. Бирок, азырынча алар аталар тууралуу көбүнчө кризис же жоготуу коркунучу аркылуу гана айтып келишет. «Кыял» тасмасы да мына ушул тенденциянын күзгүсү болуу менен чектелип, жаңы нерсе сунуштабаса да, ата-бала мамилесин экранда чагылдырууда али да изилдене элек кырлар бар экенин эске салуу менен, ата-бала темасын чагылдыруунун жаңы жолун издөөгө түрткү берет. Балким, кийинки тасмалар бул темага жоготуу аркылуу эмес, жандуу жана өзгөрүп турган мамиленин өзү аркылуу кайрылышып, жаңы көркөм чечимдерди сунуштай алышар.
