Ар бирибиздин жашообузда кийин айтууну ойлоп жүрүп, эч качан айтылбай калган сөздөр болот. «Апаңды бийге чакыр» тасмасы өз убагында айтылбай калган сезимдер жөнүндө баяндайт. Режиссер Дастан Мадалбеков ашыкча пафоско же жасалма драматизмге кайрылбай, азыркы муундун дал ушул эң оор көйгөйлөрүнүн бирин экранга чыгарат. Аталган тасмага SYNCHY долбоорунун «Эң мыкты рецензия» сынагында 3-орунга ээ болгон Исламбек Өмүрбековдун сынак үчүн жазылган рецензиясын сунуштайбыз. Рецензия редакциянын кийлигишүүсүсүз берилди.
Аша чапкандай угулушу мүмкүн, бирок биздин муун өз алдынча болууну, тасманы өзгөчө тараптан көрүүнү таптакыр унутуп калгандай… Такай киного барарда боорду эзе турган күлкүлүү комедияны, же бир өксүп алганга кадимки драманы күтөбүз. «Апаңды бийге чакыр» тасмасы да алгач ушундай жөнөкөй сезилет, бирок экранга үңүлүп караган сайын, сырткы көрүнүштүн артынан башка жан кейиткен чындык кылтыйып чыга баштайт. Режиссер Дастан Мадалбеков селт эттире турган коомубуздун көрүнүшүн боексуз чагылдырат. Бойго жетсе да акылы толо элек, киндиги энесинен кесиле элек жана эң башкысы бири-бири менен ачык сүйлөшө албаган бүгүнкү муундун аянычтуу образы берилет.

Тасманы көрүп жатып, Мирбектин эгоизмине кадимкидей жиниң келип, кыжырданасың. Экрандагы убакыттын тең жарымынан көбүн бул жигит көздү жумуп, чындыкка тик карай албай, жоопкерчиликтен качуу менен өткөрөт. Ажал менен бетме-бет келген апасын кучактап, ичиндегисин төгүп-чачып, ачык сүйлөшкөндүн ордуна, балалык акылы менен куру намыска, куру кыялга моюн сунат. Убакыт зымырап учуп баратса да, каармандын бала кыялы, мынчалык бейкамдыгы адамды иренжитет.
Камера анын жүзүн ири планда кармаганда, чындыктын көзүнө тик кароодон үрөйү учкан жаш баланын элесин көрөсүң. Мирбек апасынын жашоосуна он күн каларын айткан түшүнө ишенбей, дароо динге жабышат. Бирок анын бул кадамы азыркы коомдун динге болгон үстүртөн, курулай формалдуулукка гана таянган мамилесин ашкерелеп койду. Ал мечитке ички дүйнөсүн тазартып, тообо кылуу үчүн эмес, а жан дүйнөсүн убактылуу жоошутуп, башына түшкөн соккуну сыйкыр менен жок кыла турган «тез жардам» издеп келген. Ал эми имам болсо, ажалдын создуктурулбашын, баары бир келерин тастыктап коёт. Ошондо Мирбек жан алкымга келген коркунучун ичкилик менен өчүрүүгө аракет кылып, түнкү клубдун ызы-чуусуна жашынат. Бул көрүнүштө жаңырган ырдын тексти каармандын ички монологундай угулат: «Я не нашел в себе сил пойти на контакт… но все равно мне плевать» (сүйлөшүүгө алым жетпеди… бирок мага баарына баары бир).

Көк түтүндү бурулдатып, тамекини колдон түшүрбөгөн тартип сакчылары, тааныштар жана башкы каармандар… Кинонун кымындай бөлүгү болсо да, бул коомдун ири көйгөйү: коркунучка тике карабай, өзүбүздү алдоого аракет кылуу. Себеби, бир көз ирмемге «тык» токтоп, тымтырс калуудан жана өзүң менен жалгыз калуудан өткөн азап жок да.
А бирок, мунун баары кайдан башталат? Эмнеге азыркы коомдун көйгөйү эмоционалдык интеллектке такалып атат? Бул суроолорго режиссер жоопту эненин жүрөк тилген бир гана сөзүнө катат: «Балерина болгум келген, БИРОК турмушка чыгып кеттим». Кыргыз аялзатынын, бүтүндөй бир муундун трагедиясы… Биздин аң-сезимде үй бүлө куруу эки жетилген адамдын баш кошуусу эмес, сокур курмандык катары кабылданып калган. Илгери, жашоо жайлоодо өткөн заманда, мындай катаал эрежелер, курмандыктар аман калуунун бирден бир шарты эле. Айтор, заман өзгөрсө да, психологиялык жара айыккан жок. Бул курулай курмандык кийин уулдарын ашыкча эркелетип, алардын тагдырын талкалаган энелик инстинктке айланган. Тасма ушунун кесепетин ачып берет: натыйжада даяр оокаттан башканы көрбөгөн, өзүмчүл эркектер өсүп чыгууда. Мирбек сыяктуу жигиттер өз алдынча мамиле кура алышпайт, анткени аял менен эркектин ортосундагы чыныгы сезимди, бири-бирин сыйлоону билишпейт. Алар бой жетсе да, ички дүйнөсү энесинин кучагынан чыга албай, киндиги кесилбей кала бергендей…

Тасманын акыркы жарым саатында жалган дүйнө жоголуп, ажалдын каары жакындаганда да Мирбек эсине кирбеди. Чындап отуруп, ичтеги кепти козгоп, адамча сүйлөшүүнүн ордуна, ал апасын аттракциондорго сүйрөп, көчөлөрдү кыдыртат. Апасын кайрадан «бейкапар балалыкка» сүйрөп киргенге аракет кылат. Бул жердеги психологиялык чыңалууну актёрлор таң калыштуу таамай берген: ашыкча кыйкырык-өкүрүгү жок эле, апасынын ичинен сызган айласыздыгы менен уулунун жийиркеничтүү жетилбегендиги. Актёрдук чеберчилик ушунчалык табигый, кадимки жашоодон алынгандай. Экранда эч кандай жасалмалуулугу жок ынак жашоо.
Драманын туу чокусу Санкт-Петербургдун театрында Чайковскийдин классикалык музыкасы аркылуу ачылат. Мирбек апасы менен залдан орун алганда, «Лебединое озеро» балетиндеги атактуу Одеттанын Scène лейтмотиви жаңырат. Балетте бул күү каргашага кабылган, каргыштан кутула албаган ханбийкенин айласыз тагдырын билдирет. Балерина болуу кыялы тээ алыста калган Мирбектин апасы үчүн бул обон өмүрдүн соңуна аз калганын билдирген ажал коңгуроосундай. Оору анын акыркы күндөрүн аёосуз уурдап жатканын ушул музыка аркылуу жан дүйнөң менен сезесиң. Ошол эле учурда, Мирбектин суранычы менен бош калган сахнада аткарылган акыркы бий шаттыкка толгон Valse күүсү менен коштолот. Бул балеттин эң башындагы өлүм менен кайгынын жыты да жок, майрамдык шайыр вальс эле. Мындай обондук карама-каршылык каармандын чындыктан качуу психологиясын болушунча ашкерелейт. Аянычтуу жоготууну сезип турса да, апасын ажал жеткис жаш кезине кайтаргысы келип, ички коркунучун ушул шайыр бий менен калкалайт. Бий аяктаар менен эненин ааламдан өтүүсү ачык көрсөтүлүп, тасма суроосуз, түз эле өлүм менен чекит коёт. Көрүүчү болсо өмүрдүн өткүнчү экенин, жашоонун катаал чындыгын жалгыз аңдап кала берет.

Тасмадагы эң негизги ойду театрда кезиккен карыянын: «Бизди таштап кете турган бүтүндөй аалам – биздин энелер», – деген сөзү ачып берет. Бул сөз каармандын куру намысын, сокур сезимин талкалап, энени жоготуу бул бүтүндөй бир космостун кыйрашына тең экенин эске салат. Бирок «Апанды бийге чакыр» тасмасы бизди өлүмгө өкүнүп, ыйлап олтурууга эмес, жашоого умтулууга үйрөтөт. Ал бизди жасалма калкандарды таштап, акыр аягы эс тартып, жаныбыздагы адамдар менен ачык сүйлөшүүгө, ички сезимдерди убагында айтууга чакырат. Тасманын башкы чакырыгы: адамдарга ички сезиминди убагында ачык айтып, бирге болуу. Кимдин канча өмүрү калганына карабай, бири-бирибизди угуп, тирүүлүктү баалай билүү.