«Апакай күйөө бала»: Ксенофобиянын түздөн-түз сүрөттөлүшү

Кыргыз киносу акыркы жылдары коомдогу сезимтал темаларга көбүрөөк кайрыла баштады. Бирок мындай темаларды экранга алып чыгуу бир гана даяр мүмкүнчүлүктү колдонуп калууну эмес, чоң жоопкерчиликти да талап кылат. Тасмадагы юмор стереотиптерди талкалайбы же тескерисинче аларды бекемдейби? Ал эми кайсы учурда жөн гана эски түшүнүктөрдүн кайталанышына айланып калат? SYNCHY долбоорунун «Эң мыкты рецензия» сынагында 2-орунду алган Айгерим Марат дал ушул суроолорго «Апакай күйөө бала» тасмасына сынак үчүн жазылган рецензиясында ой калчайт. Рецензия редакциянын кийлигишүүсүз берилди. 

Тасманын кызыктуу аталышы менен тартуучу топ көрүүчүгө өздөрүнө белгилүү бир ойду айткысы келет. Ошондуктан кара тору күйөө бала тууралуу комедияга жаратуучулар так ушул «апакай» деген сөздү тандап алышкан. А бизге, постерди көргөндө бул тасманын эң башкы тамашасы  сөз менен сүрөттөлүштүн ортосундагы карама-каршылык экени түшүнүктүү болот. Муну маркетинг ишинин жемиштүү тапкычтыгы десек болот. Тилекке каршы, кинонун бүтүндөй «тереңдиги» ушуну менен эле чектелип калган.

«1.1 Studio» студиясы эбак эле кыргыз киносундагы коммерциялык кинолорду тартуу жагынан эң күчтүү, тажрыйбасы мол продакшндардын бири катары белгилүү. Режиссёр Илгиз Куватбек 2025-жылы жарык көргөн аталган тасмасы менен улуттар аралык никени чагылдырган сезимтал темага кайрылганы белгилүү болгондо, бул жолу жөн гана кассалык жеңиш эмес, тартуучу топ менен көрүүчүнүн ортосунда чыныгы маек жаралуусу мүмкүн деген бир үмүт пайда болгон. Мындан тышкары, көрүүчү кадимки жеңил-желпи күлкүнү эмес, стереотиптердин абсурддугун, айрым адамдардын ой жүгүртүүсүнүн чектелгенин юмор аркылуу ачып бере алган, бирок ошол эле учурда жанрдын жеңилдигин жоготпогон деңгээли жогору комедияны күттү. 

Кыргызстан өзгөрүп жатат. Чет өлкөдөн кайтып келген жаштар көбөйдү. Туристтер агылып келе баштады. Аралаш улуттагы үй-бүлөлөр кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Мындай шартта кино коомдун күзгүсү боло алмак. Бирок тилекке каршы, ал күзгү түз эмес, кыйшайган болуп чыкты. 

Тасманын сюжети жөнөкөй жана баарыбызга тааныш: салтты бекем кармаган кыргыз атасы Аскар Америкадан кайтып келген кызы Айперинин афроамерикалык жигитке турмушка чыгарын билип калат. Андан ары окуя пикир келишпестиктер, тиричиликтеги чыр-чатактар, комедиялык кырдаалдар менен уланып, чиеленишип кетет. Бир карасаң формула иштей тургандай эле көрүнүп, бирок тасма көккө көтөрүлө турган жеринен чалынып жыгылат. Жаратуучулар сатира менен эскирип бүткөн сокур ишенимдердин ортосундагы айырманы сезе алышкан эмес. Бөтөн элден, бөлөк улуттан коркуу сезимин шылдыңдап күлүү менен ошол эле коркууну кайрадан коомго таңуулоо таптакыр эки башка нерсе. Бул фильм ошол эки башка коркуунун чек арасын  чаташтырып жиберет.

Айперинин болочок жолдошу тасмада толук кандуу каармандын эмес, болгону тегерегиндегилердин реакциясын жаратуучу курал катары гана берилген. Анын адамдык ички дүйнөсү, өз үнү, жеке тарыхы жок; жөн гана сөлөкөтү менен башкаларды кезектеги арзан тамашага түртүп отурат. Бул башка улутту кабыл албастыкка (ксенофобияга) жасалган сатира эмес, бул ксенофобиянын түздөн-түз сүрөттөлүшү.

Өзгөчө айрым сахналар муну одоно көрсөтөт. «Баштан суу тегеретүү» ырымы көрсөтүлгөн эпизоддо каарман жаңылыштык менен ага чейин түкүрүлгөн сууну ичип алат. Андан кийинки дааратканада даарат алуу үчүн коюлган сууну ичип алган сахна да ошол эле деңгээлдеги ыңгайсыздыкты жаратат. Мындай учурлар көрүүчүнү күлдүрбөйт, тескерисинче, «эмне үчүн бул керек эле?», — деген сезим калтырат. Дагы бир эпизоддо күйөө баланы көздөй «кокусунан» банан ыргытылган учур бар. Бул жерде фильм ирония менен расисттик штамптын ортосундагы чекти таптакыр жоготот. Так ушундай сахналардагы арзан юмор коомдогу көйгөйдү ашкерелебейт, болгону эски түшүнүктөрдү кайра таңгактап көрсөтөт. Экинчи пландагы каармандар эскирген интернет-мемдерден чогултулган топтой таасир калтырат.  Орунсуз рэп цитаталар, жасалма кыймыл-аракеттер, «көрүүчү үчүн ойнолгон» реакциялар. Кыргыз комедиясынын өзүнө тиешелүү салты бар: аша чапкандык, элдик юмор, үй-бүлөлүк фарс. Бирок бул тасмада алардын  шаблону гана калган. Кээ бир конфликттер атайылап созулат. Смартфон, интернет, котормочу бар заманда деле каармандар бири-бирин түшүнө алышпайт. Мунун баары сюжет узагыраак болсун деген гана максатта жасалган иш экени айтпаса да түшүнүктүү. 

Музыкалык коштоо фильмдин эң жасалма сезилген элементтеринин бири.  Айрым сахналарда рэп же «батышча» тректер атайын күлкү жаратуу үчүн коюлуп, өзү иштебей жаткан тамашаны музыка менен «сүйрөп кетүүгө» аракет кылат. Кээ бир учурларда фильмге кара түстүү каарман тууралуу кино экенин баса белгилөө үчүн стереотиптүү музыканы күчкө салып колдонушкандай көрүнөт. Айрым колдонулган ырлар боюнча автордук укук маселеси да суроо жаратат. 

Ошентсе да, кинону толугу менен жараксыз деп чийип салууга болбойт. Айылдын турмушу, дасторкон четиндеги отуруштар, элеттик жашоонун майда-чүйдө жагымдуу көрүнүшү жандуу жана жасалмасыз берилген. Айрым кадрлар кадимкидей айылды сагындырат. Жумшак түстөр жана оператордун кылдат эмгеги тасманы өзү түшүп калган тузактан маал-маалы менен сууруп чыгып турган сонун атмосфераны жарата алган.

Кинону сактап калган эң башкы тирек – актёр Аскат Сулайманов. Анын каарманы ушул окуядагы бирден-бир тирүү, реалдуу адам катары сезилет. Сценарий каарманды ашыкча карикатурага түртсө да, актёр аны сактап калууга аракет кылат. Анын ар бир реакциясынан жөн гана комедиялык образ эмес, кызынын тагдырына чындап тынчсызданган ата көрүнөт. Бул коркуу адамга таандык тааныш сезим. Дал ошол сезим бүт фильмдин өзөгү боло алмак. Бирок сценарий аны укпай, чектен ашкан орунсуз тамашаларды тандап кеткен.

Эң өкүнүчтүүсү  фильмди экранга чыгарган режиссёр менен продюсерлер көрүүчүнү дагы деле баарын иргебей кабыл ала бере турган, талап койбогон аудитория катары көргөндөй сезилет. Эл жөн гана ызы-чуу же жасалма провокацияга күлүп отура турган мезгилден өттү. Бирок азыркы көрүүчү айрыкча коомдогу сезимтал темаларды козгогон тасмалардан жөнөкөй эле «хайпты» эмес, ойду, тактыкты жана жоопкерчиликти күтөт. 

«Апакай күйөө бала» – аталыштагы карама-каршылыкты мыкты пайдаланган, бирок ошол карама-каршылыкты аң-сезимдүү ой жүгүртүү деңгээлинде уланта албаган тасма. Постер стереотипти шылдыңдай тургандай көрүнсө да, ал эми фильм ошол стереотиптин өзүн кайра кайталап койгон. Көрүп бүткөндөн кийин ачуулангандан көрө, көбүрөөк өкүнүч сезими калат. Бул окуянын мүмкүнчүлүгү анын акыркы жыйынтыгынан алда канча чоң эле…

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *