«Өч»: Акыркы ок

Кыргызстанда акыркы жылдары көкөйдү кескен тема – зордук-зомбулук. Жыл бою кыргыз киносунда аталган көйгөйдүн тегерегинде байма-бай бир нече кино тартылды. SYNCHY долбоорунун «Эң мыкты рецензия» сынагында 1-орунду алган Карымшак Жыргалбеков сынакка жазылган рецензиясында ушул эле темадагы «Өч» тасмасынын маселени көтөрүүдөгү жетишкен ийгиликтери жана кемчиликтери жөнүндө кеп курат. Рецензия редакциянын кийлигишүүсүз берилди.

Тасманы тарткан «Izibiz Production» студиясынын эмгеги 2025-жылдын 27-февралында көрүүчүлөргө сунушталды. Тасманын аталышында эле бир нече маанилик катмар камтылган. Кыргыз тилиндеги «өч» сөзү бир гана кек алууну эмес, «оттун өчүшү», «оттун басылуусу» деген маанилерди да билдирет. Бул эки маанинин тең тасманы түшүнүүдөгү орду өзгөчө. Бир жагынан, аталыш көрүүчүнү дароо эле өч алуу темасына багыттайт. А экинчи жагынан, тасма жөн гана кек тууралуу эмес, Жылдыздын акырындап киши өлтүрүүгө алып келген жолун да баяндаарын алдын ала кыйытып турат. Анткени адам өмүрүн кыюу эң акыркы чара жана аны актоо мүмкүн эмес экенин баарыбыз түшүнөбүз. Бирок тасма көрүүчүнү бул чекке ушунчалык кылдат жетелеп келет дейсиң, акырында өзүңдү Жылдызга өкүм чыгара турган калыстын ордунда сезип каласың. Аны күнөөлүү деп табуу барган сайын кыйындай берет. Тасманын жаралышына Борбор Азияда кеңири талкуу жараткан үй-бүлөлүк зомбулук маселеси негиз болуп, анын сюжети да ушул көрүнүштөн азыктанган.

«Өчтү» бир гана жанрдын алкагына батыруу кыйын. Анда мыкаачылык менен адам өлтүрүү көп болгонуна карабастан, бул кадимки слэшер эмес. Ал эми тасманы жөн гана өч алуу тууралуу окуя катары кароо анда айтылган ойлорду өтө жөнөкөйлөштүрүп жибермек. Бул жерде зордук-зомбулук аны түздөн-түз жасагандарга гана эмес, аны көнүмүш көрүнүш катары кабыл алып, унчукпагандарга да тиешелүү.

Окуя жай темп менен өнүгөт: биринчи киши өлтүрүү тасманын ортосуна жакын гана орун алат. Бирок тасмадагы көрүнүштөрдүн узакка созулуусу кокусунан тандалган эмес. Көрүүчү бир нече мүнөт бою Жылдыздын кордукка кабылып, өзүн коргой албай жатканын көрүп отурат. Ошону менен чыңалуу улам күчөй берет. Андыктан өч алуу башталган учур кезектеги мыкаачылык катары эмес, башкы каармандын башынан өткөн азаптын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы катары кабылданат.

Тасма бул окуяны кыргыз турмушунун кадимки реалдуулугуна бекем байлайт. Топ болуп зордуктоо чечими бир күндө эле пайда боло калган жок. Жамандыктын башы кызды адам катары кабыл алуудан баш тарткан сүйлөшүүлөрдөн улам тутанат. Адегенде анын сулуулугун сынап, андан кийин гана кылмыш жасашат. Тасманын көрүүчүгө түзүп берген таасирин оператордук иш да күчөтөт. «Өчтө» дүйнөнүн кооздугу менен каармандардын башынан өткөн үрөй учурган окуялар карама-каршы коюлат. Бул ыкма жанр үчүн жаңылык эмес. Бирок бул жерде ал америкалык «Мен силердин көрүстөнүңөргө түкүрөм» же кореялык «Осатаневшая» тасмаларындагыдай иштебейт. Ал фильмдерде окуялар көбүнчө караңгы, күнүмдүк турмуштан обочо мейкиндикте өтөт. Ал эми «Өчтө» баары тааныш чөйрөдө болот: кадимки айыл, кадимки короо, колонкадан аккан суу. Мына ушул көзгө тааныш турмуш көрүүчүгө «мындай нерселер алыста гана болот» деген ойго жашынууга мүмкүнчүлүк бербейт. Бул жердеги коркунуч күнүмдүк жашоонун өзүнөн жаралат. Баары эч ким маани бербеген тамашалардан башталат. Зордукчулар коомдон обочолонгон жырткыч эмес, ошол эле айылда жашаган жөнөкөй адам катары көрсөтүлөт. Алардын үй-бүлөсү, сүйгөн жубайы бар. Кадрда өз кыздары менен мээримдүү жылмайып турушат. Эркектердин бири башында бул ишке катышкысы келбейт. Бирок айланасындагылардын басымына туруштук бере албайт. Тасма ушундай жагдайларда да коомдук кысымдын канчалык күчтүү болорун айкын көрсөтөт. Жылдыздын күйөөсү жана милициянын кенже лейтенанты Кайраттын образы да өзгөчө маанилүү. Ал сырттан жубайын коргошу керек сыяктанганы менен, өз чөйрөсүнө жана энесине каршы чыга албайт. Айылдаштары андан:

«Эми эмне, досуңду каматасыңбы?»

— деп сурашат.  Дал ушул басым аны аракетсиздикке түртөт.

Тасмада Жылдыздын өчү карма сыяктуу иштейт: ким кандай зомбулук кылса, ошол деңгээлде жооп алат. Ал зордукчунун оозуна арак куюп, кайненесинин оозун тигип, алардын жасаган кордугун кайра кайтарат. Формалдуу түрдө Жылдыз киши өлтүргүчкө айланса да, көрүүчүдө ага карата боорукердик күчтүү болгондуктан, аны бир жактуу айыптоо кыйынга турат. Тескерисинче: Ал кантип ушуга чейин чыдады?» — деген суроо жаралат.

Финал көрүүчүгө өз алдынча тыянак чыгарууга кеңири мүмкүнчүлүк берет: биз бир гана атылган ок үнүн угабыз, а так эмне болгону белгисиз бойдон калат. Бирок бул деталь өтө маанилүү. Дал ушул финал аркылуу авторлор көрүүчүнү чыгарманын негизги идеясына жетелейт. Эгер Тамчыбек аткан болсо, ал Жылдызды соттон же түрмөдөн сактап калууну каалаган болушу мүмкүн. Андай болгон чакта анын тасмадагы жүрүм-туруму бул ниетке ишенүүгө жол бербейт. Тескерисинче, ок коркуу же ачуунун таасири менен атылса, финалды дагы бир адилетсиздиктин символуна айлантат: колдоо таппаган, зомбулукка кабылган адам кайрадан системага “жеңилди”. Эгер окту Айнура  аткан болсо, бул аракет кылмыш болуп эсептелет жана анын артынан кесепеттер болушу толук ыктымал. Ошентсе да Жылдызды жалгыз болсо да бир адам түшүнүп, аны колдогонун билдирет. Бирок менимче, тасманын бизге так жооп бербегени ушул варианттардын баарынан маанилүүрөөк. Ачык финал өзүнчө үчүнчү вариант катары кызмат кылат. Бул чечим тобокелдүү жана бардык көрүүчүлөр үчүн бирдей иштей бербейт. Мындай ачык финал кээде сценарийдин чечкинсиздиги катары кабыл алынышы мүмкүн. Бирок тасма көтөргөн тема контекстинде бул ыкма ар кандай бир маанилүү, даяр жыйынтыкка караганда креативдүү сезилет. Мамлекетке (тергөөчүнүн образында) айылдын өзүндөй эле зомбулукка жөндөмдүү болуп чыккан окуяга “кооз чекит” коюуга болбойт. Ага болгону көп чекит гана ылайык, ал эми тасма дал ошол көп чекитти так, дээрлик музыкалык атылган ок формасында табат. Бул көрүүчүнү кайрадан реалдуулукка кайтарат: экрандын алдында отурган адам өзүнүн коркуусу же үмүтү менен калат…

Жыйынтыктап айтканда, тасма тартуу сапаты жагынан эң жогорку деңгээлдеги баалоого татыбашы мүмкүн. Айрым учурларда баяндоо темпи аксап кеткендей сезилет. Бирок бул кемчиликтер тасманын өзгөчө темасы, бай сюжети жана көтөргөн маселелеринин салмагы менен толук жабылат. Дал ошондуктан «Өч» сөзсүз көрүүгө арзый турган тасма.

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *