Текст: Адамата Алишер
Instagram: jamgyrchy_
Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Нуржамал Карамолдоеванын «Дүнүйө» аттуу социалдык драмасынын улуттук премьерасы болуп өттү. «Дүнүйө» Америкага жетип жашап жаткандардын турмушун, коркууларын, адаттарын, кыялдарын, умтулууларын жана ичте каткан сырларын баяндайт.
Буга чейин даректүү тасмалары менен таанылган Нуржамал Карамолдоеванын дебюттук эмгеги фестивалдын жыйынтыгында «Мыкты режиссер» наамын жеңип алды. Тасманын бул жетишкендиктерине себеп болгон өзгөчөлүктөр, артыкчылык-кемчиликтер жана элдин кабыл алуусу жөнүндө сөз кылабыз.
АКШ чек арасын аман-эсен өтүп, ал жакта түтүн булатып, агарып-көгөрөм деген мигранттардын жашоосу жөнүндө кенен маалыматы барлар аз. Көп нерсе көмүскөдө калгандыктан Америка кыялын дагы деле романтизациялайбыз. «Дүнүйө» ушул көмүскөдөгү окуяларды ар тараптуу каармандар аркылуу жон терини дүркүрөтө мыкты баяндап, кээ бир мигранттарыбыздын жоруктарын сынга алат. Фестивалда алган наамына татыктуудай режиссердук иш жана операторлук чеберчилик аркылуу өйдөгө тартылган тасма актерлордун чабал оюну жана жарашыксыз жамаачыдай кыргызчаланган дубляжынын айынан баары бир, тилекке каршы, орточо деңгээлдеги жумуш катары калып калууда.

Сюжеттин өзөгү кумар оюндарына баш-оту менен кирип, карызга баткан «тракист» Эриктин (Даурен Ташкенбаев) тагдыры жана анын айланасындагы окуялар менен өнүгөт. Эрик тапкан акчасын слот-машинага же кумар оюндарына уттуруп, улам карызга бата берип, үй-бүлөсүн туңгуюкка кептейт. Окуянын экинчи бөлүгү анын жубайы Миранын (Малика Канатова) көз карашы, ички драмасы жана үй-бүлөдөгү жашыруун сырлардын ачыкка чыгышы менен уланат. Тасма каармандардын башына түшкөн оор сыноолор аркылуу миграциянын эң караңгы барактарын ачууга аракет кылат.
Кумарпоздук – Америкадагы мигранттар арасындагы олуттуу меселелердин бири жана көмүскөдөгү биринчи пункт. Тасмадагы конфликт кумардын айынан карызга, азапка батып, бири депортация болсо, экинчиси башка шаарга качып жүрүп акыры ыдырап жок болгон үй-бүлөлөр тууралуу айтылып жүргөн далай окуялардан куралган. Тасмада Эрик – мына ушундай адамдардын образы. Же өзүн токтото албаганы, же ал жакта эч ким көрбөйт дегени белгисиз, айтор, эшектей иштеп тапкан акчасын сапырып жашайт. Булар тууралуу укса дагы көз жаздымга калтырып, дагы деле Америка деп жулунуп жүргөндөргө көзгө сайып көрсөтчү образ.

Андан тышкары тасма тууганычылдык тууралуу кенен кеп козгойт. Кыргыз Америкага барып эле «American» болуп кетпейт дегендей, эл эмне дейт, эл көзүнө куру мактанычтар, кур намыс темалары каармандардын калп айтуусу, чыныгы абалын жашыруусу сындуу мисалдар менен көрсөтүлгөн. Ал жактагы турмушка аралашуу аракетине карабай, ошол эле тууган-туушкандар менен социалдык изоляцияда жашаган каармандардын жашоосунун парадоксунун чагылдырылышы – жаратуучулардын мигранттык турмушту терең түшүнгөнүн күбөлөйт.
«Дүнүйөдөгү» сюжетти кыймылдаткан негизги күч – бул акча. Америкага барып эле акчаны күрөчүдөй элестетүүлөр аркасынан тилсе кан чыкпас, жаңы келгендердин башын айланткан алдамчы, карызга белчесинен баткан ар кандай каармандардын окуялары аркылуу жокко чыгат. Акчанын тегерегинде айланган окуяга баш каарман Эриктин кумарпоздугу туз сээп, ошонун артынан алардын үй-бүлөсүндөгү бири-бирине болгон ишенбөө, кыянаттык маселелери ачылат. Мисалы, Эриктин апасы анын акчасын шыпырып алып турат, а Мира болсо кара күнгө деп жашыруун акча чогултуп жүрөт. Негизи эле ошол оор турмуштун артынан үй-бүлөдөгү баналдуу эне-уул-келин үч бурчтугу баналдуу эмес жолдор менен ачылат. Айрыкча, отузга чыккан баласын «эмчектен чыгарбай», өз уулунун бүт жашоосун көзөмөлгөө алуу менен, келинине күн көргөзбөй жашаган жалгыз бой эне ()нин уулу менен мамилеси эмоционалдык инцести катары элес калтырат. Ал Эриктин кумар карыздарын билет. Бирок уулуна сөз тийгизбей, маселени өз алдынча чечкенге аракет кылат. Ал эми Миранын образы өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Мира ансыз да кысылган мигранттардын жашоосунда андан бетер кысылып жашайт. Ал бул дүйнөдө өзүн таптакыр жалгыз сезет. Тасмада анын ала жипти аттаган түгөй болуп чыкканы – баса белгилей турган сюжеттик кадам. Сценарист, режиссер катары мындай талаштуу сахнаны көрсөтүү өзгөчө кайратты талап кылат. Бул чечим эки анжы стандарттарды көрсөтүү менен бирге, мигранттардын жалгыздык сезимине зор комментарий берет. Мира – сүйүүсүз турмушка чыгып, кайненесинин кысымында калып, өзү каалаган программалоо окуусун таштаган, алданган, коргоосу, таянычы жок жетим кыз каарман. Ал АКШдагы мигранттыктын курмандыктарынын бири. Андай тагдырларды социалдык тармактарга жүктөшпөйт, эч ким ачык сөз кылбайт. Тасма Миранын окуясы аркылуу көптөгөн мигранттардын тагдырын чагылдырып, Американын терс тараптарын көрсөтүү аркылуу, Америка кыялы балким анчалык жан үрөөгө татыктуу эмес суроону ортого таштайт.

Акча жөнүндө сөз болгон жердин арты карыз менен бүтөт. Америкада карызга да оңой менен акча ала албайсың. Карызын талап кылып, өлтүрүп койчулар деле бар. Ошолордун фонунда көмүскөдөгү кийинки пункт чыгат – полиция. Тагыраагы полициянын жоктугу. Бул парадоксалдуу statement. Себеби, Америка дегенде биринчилерден болуп ар бир кадамдагы көк кийимчен полиция кызматкери эске түшөт. Бирок, Орусиядагыдай жөнсүз токтотуп документ текшеришпейт. Алар себептүү токтотушат. А мигранттар аларга шылтоо бербегенге аракет кылышат, өзгөчө документтери бүтө элек «нелегал» мигранттар. Полиция чакырсаң, документтерди текшерүү, депортация коркунучу күчөйт. Аны билген кээ бир шылуундар жаңы келгендерди коркутуп, алдап, тоноп кеткен учурлар да бар. Мыкты мисал, Мира өз үйүндө жуунуп жатса (өз үйүбүздө, душта эң аялуу, коргоосуз абалдабыз), Эрикке карыз берген Арсен аттуу каарман эч ким полиция чакырбашын билип туруп эшикти тээп кирет. Чын эле Мира полиция чакыра албайт. Себеби, фильмдин башында документтерди бүтүрүп, коркуусуз иштөө үчүн адвокат менен легалдаштыруу процесинде экени көрсөтүлгөн. Чындыкка дал келген ушундай учурлар тасмага артыкчылык болуп берет.

Акыркы жана менимче эң негизги пункт – каармандардын бири да өлкөсүнө кайтып келүүнү сөз кылбайт. Ойлонбойт дагы. Тасманын аягы барар жери жок жалгыз калган Мира машинесине болгон байлыгын жүктөп, АКШнын эле ичинен жаңы бир тарапка кетип баратканы менен бүтөт. Бул финал кезинде кыргызстандыктарда «Америка кыялын» ойготкон «Салам, Нью-Йорктон» таптакыр айырмаланат. Келечеги кең карьерасын таштап, мекенине кайтканга шашкан Баатыр менен үмүтсүз жашоосуна үмүт артып, алыскы жерде андан да алыска жол тарткан Миранын айырмасы асман менен жердей. Кызыгы, бир эле жылда Американын эл арасындагы образын жокко чыгарган эки тасманын катарлаш чыгып жатканында. Руслан Акун «Нелегал: Мексика аркылуу» тасмасы менен Америкага агылган жердештерибиздин санын азайтууга бел байласа, «Дүнүйө» ал жактагы жашоону жылаңачтап көрсөтүүгө аракет кылат. Акун «Салам, Нью-Йорк» тасмасындагы романтизацияланган Америкага жооп кылып «Нелегалды» тартканын айтып жүрөт. А Карамолдоева «Дүнүйө» аркылуу америкалык мигранттарды эле эмес, жалпы биздин коомду, өлкөнү сынга алган сыяктуу. Миранын мекенге кайтып келүү тууралуу ойлонбогону да ошондон болсо керек.

Тасманы начарлаткан үч чоң кемчилик бар. Биринчиси, диалогдордун кыргыз сөздөр менен англисче сүйлөгөндүгү. Маалыматтарга караганда, сценарий алгач англисче жазылып, андан кийин гана кыргызчаланган. Ичим ачышканы, диалогдордун кыргызча которуудагы катачылыктар. Каармандардын кыргызча сүйлөгөнү Гугл Транслейт же Чат ЖыПыТы тантыгандай. Каталарды кечирем, бирок кыргызча сөздөр менен англисче сүйлөгөндү жана котормодогу чабалдыкты кечирбейм. Тасманын жакшы көрсөткүчтөрүн булгаган биринчи нерсе ушул.

Экинчиси, кээ бир актерлордун ойногону көрүүчүнү киного сүңгүп киргизмек турсун, тескерисинче ага бөгөт болот. Даурен Ташкенбаевдин ойногонуна эч сын жок. Мыкты образ, мыкты каарман, мыкты аткарылган. Өзгөчө биринчи сахнасындагы «трак бузулду» деп алдап акча карыздаган учурда, ишенбеген адам да ишенет. Ал эми начар аткарылган ролдордун биринчиси – Эриктин апасы. «Мына, мен жаман кайненени ойноп жатам, ишенгиле» дегенсип, ашыра-көптүрө ойногону итиркей келтирет. Эң ичти ачыштырганы – Малика Канатбекованын Миранын ички карама-каршылыгын көрсөтүүдөгү туруксуз оюну. Бир сахнада ишенип кетесиң, анан эле кийинкисинде эптемей болуп калат. Күйөөсү жоголгондо анын досу Кубанын үйүнө барып, кайда экенин сурап жатса, Кубанын аялы какшыктап, табалап баштайт. Ошо маалда Мира ага бурулуп: «Мага антип сүйлөбө»,-дегени орусча айтылса да жакты. Бирок кийинки сахнага келгенде эле, тактайдай жүзү кайтып келип, тасманын маанайы тыптыйпыл жоголуп кетип жатты. Орусча демекчи, Малика Канатбекова сахналарын орусча сүйлөп тартып, кийин кыргызча коштолгону – үчүнчү жана эң негизги кемчилик болду. Мисалы, Эрик кыргызча сүйлөп, ооз кыймылдары кыргызча сөздөргө дал келсе, ага жооп берип жаткан Миранын оозу таптакыр башкача кыймылдап, сөзү башкача чыгып жатканы кыжыр келтирет экен. Чикагодогу кыргыздардын көбү орусча сүйлөгөнүн эске алуу менен, кыргызча билбеген актрисанын сөздөрүн мынчалык зордуктап дубляж кылыштын кереги бар беле.
Жыйынтыктасак. «Дүнүйө» кыргызстандагы бар катар начар көрүнүштөрдүн чет өлкөлөргө барганда, «эч ким көрбөйт, эч ким билбейттиктин» аркасынан ырбашын, ошол эле учурда жакшы көрүнүштөрдүн бузулушун баяндаган тасма. Аны менен бирге баарыбызды ойлонто турган бир катар оор суроолорду узатат. Тасманын даамын бузуп, чоң кара тактарды калтырган бир катар кемчиликтерди эске албаганда, «Мыкты режиссер» сыйлыгы татыктуу жеңиштир. Ким билет.
Дүнүйө
Режиссер: Нуржамал Карамолдоева
Сценарий: Жефф Ман, Гүлжан Токтогул
Оператор: Митчелл Аренс
Үн корежиссер: Эмерсон Коул, Сэм Русинк, Остин Спанн
Монтаж: Улукмырза Равшанбеков
Продюсер: Марк Жером Круз, Нуржамал Карамолдоева, Азизи Халбекова
Ролдордо: Малика Канатова, Даурен Ташкенбаев