«Кассандра»: Кыргыз киносуна жаңы дем берген «акылдуу хоррор»

Текст: Тыныстан Темиржан

Instagram: @teliby_

28-майдан тарта өлкөдөгү чоң экрандарда Бекзат Пирматовдун сегиз жылдык тыныгуусунан кийинки «Кассандра» аттуу жаңы этно-хоррору элге тартуулана баштады. СЫНЧЫнын шеф-редактору Тыныстан Темиржан быйылкы кыргыз киносундагы эң күтүлгөн тасма тууралуу баян курат. 

Тасма 1980-жылдардагы пролог аркылуу башталып, бүгүнкү күндөгү окуяларга өтөт. Жаман түштөрдөн улам уйкудан кур калып, буулугуп жүргөн Айсулуу (Енлик Айымгазы) кесиптешинин кеңеши менен алыскы айылдагы эмчиге даарыланганы келет. Акыркы 30 жылдан бери эч кимди кабыл албай жашаган улгайган эмчи Толгонай (Кулайым Каниметова) Айсулууну даарылоого дароо макул болот. Толгонай Айсулууга бир жума ичинде коркунучтун көзүнө тике караганды үйрөтөрүн айтат.

«Коркунучтун көзүнө тике кара» деген ураан менен жарык көргөн бул тасма жергиликтүү панк-режиссер Бекзат Пирматовдун экинчи толук метраждуу эмгеги. Ал сегиз жыл мурун калың элге «Аврора» аттуу дебюту менен кенен таанылган. «Аврора» пансионатын заманбап Кыргызстанга аллегория кылып көрсөткөн режиссер бул жолу бизге байыркы касиет, эмчи-домчулук, албарсты, каргыш жана зордук-зомбулук темаларына курчалган этно-хоррорун сунуштайт. Этно-хоррор (же фолк-хоррор) — бул коркуу сезиминин негизги булагы байыркы ишенимдер, улуттук фольклор, эски ырым-жырымдар болгон поджанр. Анда каарман байыркы ишенимдер, түшүнүксүз салт-санаалар, сыйкыр аралаш ырым-жырымдар менен бет келип, көбүнчөсү айласыздыкка, туңкуюкка кабылат. Ошол эле учурда «Кассандра» тасмасын кайсы бир деңгээлде мистикалык триллер деп атоо да орундуу. Себеби, андагы каргаша жалпы салт-санаага эле эмес, кайсы бир каарманга, же бир көрүмчүгө гана байланган (мисалы: албарсты). 

Тасманын жаратуучулары Чынгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романынан шыктанышканын айтышат. Ал эми Айтматовдун романы да өз кезегинде байыркы грек мифологиясындагы айтылуу Кассандра аттуу ханбийкенин трагедиясына шилтеме менен жазылган. Бул мифологияда Кассандра ханбийке байыркы грек кудайы Аполлондун каргышынан кийин, келечектеги бардык окуяны так-даана көрө баштайт. Ал жакын адамдарынын кандай шартта, кантип өлөрүн көрүп, аларды куткарганга аракет кылат. Бирок Кассандрага эч ким ишенбейт. Ошентип жүрүп, кайгыга толгон ханбийке бир туугандарынын өлүмүн да, өз шаары Троянын кулашын да алдын ала албай калат. Кассандранын каргышы мына ушунда болчу – ал келечекти ийне-жибине чейин көрө алган, бирок ага эч ким ишенген эмес.

Ал эми 1996-жылы жарык көргөн Айтматовдун романы өзүн космостун монахы деп атаган Филофей аттуу каармандын космостогу чуулгандуу ачылышын баяндайт. Ал түйүлдүктөгү бала келечекке көз жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, согуш, кырсыктар, зомбулук каптаган дүйнөгө төрөлгүсү келбесе, энесинин жүзүнө атайын эн тамга жиберишин жазат. Ал белгини космостук монах «кассандра тамгасы» деп атайт. Анын бул тууралуу жерге жөнөткөн каты адам коомун астын-үстүн кылып таштайт. Жер бетинде Филофейди кудайга каршы чыккан күнөөкөр, антихрист деп атай башташат. Бул илимий-фантастикалык роман ымыркайдын кастык, жырткычтык каптаган дүйнөгө төрөлүүдөн баш тартуу идеясын сунуштоо менен адам табияты тууралуу терең ойго түртөт. 

«Кассандра» тасмасы романдагы идеянын кичинекей гана бөлүгүн өзүнө батырганга аракет кылып, андан ары өз арабасын өзү тартып жөнөйт. Романда эненин жүзүндөгү эн тамга түйүлдүктөгү баланын бул кирдеген дүйнөгө келишинен баш тартуусу катары мүнөздөлөт. Ушул аркылуу автор түйүлдүктөгү баланы эмес, ал төрөлүүдөн баш тартып жаткан дүйнөнү көңүл чордонуна коюп, адамзатынын чириген, былгыган баалуулуктарын сынга алат. Ал эми тасмада бул идея тескерисинен, эненин жүзүндөгү эн тамга түйүлдүктөгү баланын келечекте жамандык алып келүүсүнүн белгиси сымал берилип калгандай ойго салат. Ушундан улам авторлор зомбулук жасаган адамды анын маңдайына жазылган тагдыры менен актап жаткандай сезим жаралат. Мисалга, тасмадагы негизги зөөкүр катары көрсөтүлгөн Жаннат Керимбаевдин каарманы прологдогу жүзүндө кассандра тамгасы бар келиндин баласы экенин билебиз. Сценаристтер бул аркылуу эгер ал төрөлбөсө мындай зомбулук болбойт эле деп бизге ымдап жатышкан сыяктуу. Жыйынтыгында жоопкерчилик зомбулук жасаган кишиге эмес, аны тарбиялаган коомго эмес, бешенеге, тагдырга, баланы төрөгөн энеге, анын жүзүндөгү кызыл такка, аны көрүп чара колдоно албай калган Толгонайга эле артылып калат. Ошондуктан тасмада зомбулук да, кассандра тамгасынын идеясы да сюжетке ыңгайлуу болсун үчүн номиналдуу түрдө гана көрсөтүлүп калган.

Тасмада бир эле учурда бир нече тема айкалышып берилген: касиет жана каргыш, каргаша жана зомбулук, коркунуч жана албарсты. Тасма коркунучка толгон окуяны акырындап элдин коллективдик жаратына байлаганга аракет кылат. Албетте биринчи караганда баары сонун, көз кубанат, сезимдер козголот. Бирок жакындап келгенде, мунун баарын бириктирип тигилген жиптер дирилдеп араң эле турганын көрөсүң. Ушундан улам, балким, «Кассандра» тасмасынын негизги кемчилиги — анын «Кассандра» деп аталып калганындабы деген ойго берилесиң. Себеби, канча ойлонбо кыргыз фольклору менен грек мифологиясынын ортосундагы жүйөөлүү байланышты көрө албай бушайман болосуң. Анын үстүнө эмчинин жеке каргашалары менен Айсулуунун кайгысынын ортосундагы байланыш эптемей желим менен араң чапталып тургандай сезим эч кое бербейт. Анан сандаган «эмне үчүндөр» биринин артынан бири капталып келе берет. Эмне үчүн Толгонай жаш кезинде (Айнура Качкынбек кызы) өз касиетинен баш тартты? Ал ага чейин деле жүзүндө кызыл тамгасы бар келиндерди жолуктурду беле? Эмне үчүн бул жолкусу ал үчүн баласынын жана жолдошунун өмүрүн тобокелге койгончолук маанилүү болду? Прологду жана Кассандрага тиешелүү байланыштарды унутуп салсаң, бул суроолор өзүнөн-өзү эле жоголуп кетчүдөй. Анда тасма эмчилик жана албрасты жөнүндө гана болуп, балким, көңүлүбүз анча чачырабайт болчу. Ошондо, финалындагы маанилүү сюжеттик аныктамаларды баналдуу рамкадагы сүрөттөр жана радиодогу кабардан чайнап берүүгө зарылдык да калбайт эле.  Ушундан улам «Кассандра тамгасынын» идеясы тасмага тоскоол гана болуп жатабы деген жыйынтык жаралат. 

Канткен менен,«Кассандра» азырынча кыргыз сегментиндеги жылдын мыкты тасмасы экени талашсыз. Анда кыргыз көрүүчүсү үчүн мокочо (хоррор) жанры да, Бишкек шаары да, биз көнгөн актерлор да таптакыр башка жагынан ачылышат. Пирматовдун актердук ансамблды чогултуудагы талантын белгилебесе болбойт. Гүлайым Каныметованын образы анын чыгармачылык жолундагы эң маанилүү ролу болуп калары анык. Анын дирилдеген үнүнөн баштап ар бир кыймыл аракетине чейин ишенесиң, жана… коркосуң. Ооба, Каныметованын бир сырдуу оюнунан улам анын каарманы бир эле учурда мээрим төккөн эне болуу менен бирге коркунучту өзүнө сиңирген шектүү кемпирдин элесин калтырат. Ал эми ал бала кези тууралуу айтып берип жаткан жерде, Каныметованын бырыш баскан жүзүнөн кичинекей кыз кыялы жылт эте түшөт. Экран бетинде ага сапарлаш болгон Айсулууну аткарган казак актрисасы Енлик Айымгазы кыргыз көрүүчүсүн эң негизги артыкчылыгы – жаңы жүзү менен багындыра алат. Айрым жерлеринде сөздөрүндөгү бурулуштарды эле эске албаса, Айымгазы кайгыга буулуккан кыздын кейибин кынап аткарган десе жарашат. 

Тасманын эң негизги артыкчылыгы анын көз кубанткан көркөм каражаттарында. Камераны башкарган Каныбек Калматов бул жылда эң күтүлгөн эки тасманын бирөөсүндө режиссер болсо, бирөөсүндө оператор катары тайманбас талантын көрсөтүүдө («Айтматов», «Кассандра»)  Кинонун визуалдык тили окуя менен бир ыргакта сүйлөп, бир нукта кыймылдайт. Ошондуктан «Кассандра» жөн эле коркунучтуу эмес, кооз-коркунучтуу тасма деп аталууга татыктуу. Анткен менен анын кооздугу тасмага тоскоолдук деле кылбайт,  байкалган-байкалбаган кооздук. Бул эмгектин тең жарымы койгон сүрөтчү Бермет Лазереванын жеңиши. Анын жумушу тасмада такыр байкалбайт. «Байкалбайт» дегеним – бул сүрөтчү үчүн эң чоң мактоо. Тасмадагы башкы үйдү нөлдөн курушканын эске алганда, ар бир кадрдагы ар бир буюм, интерьер кадимки калыпта көзгө сайылбай көрүнгөнү — Бермет Лазереванын чоң жетишкендиги. 

Тасмага карата көрүүчүлөрдүн чексиз мактоолору тасманын өзүнөн мурун, жалпы кыргыз киносунун кейичтүү абалына көбүрөөк сайгылап көрсөтөт. «Кассандранын» авторлору да бул жоопкерчиликти сезишкен сыяктуу. Алар жөн гана окуяны айтып берүү менен чектелбестен, кыргыз киносуна жаңылык алып келебиз деген чоң максатты өздөрүнө жүктөп алышкан. Тасма бул чоң максаттын оор жүгүн көтөрө алабы, же жокпу,  азырынча айтыш кыйын. Тасмага продюсерлик кылышкан Асель Шерниязова, Медер Сүйүндуков, Айжан Иманкулова, Эльнура Осмоналиева баары бир ооздон бул тасма аркылуу биздин киноиндустриядагы сапаттын көтөрүлүшүнө өбөлгө болгулары келгенин айтышат. Албетте, алардын сөзүндө калет жок. Чын эле «Кассандра» техникалык сапаты, көркөмдүк жагынан биздин кинобазарда чыккан башка тасмалардын басымдуу бөлүгүнөн эки-үч моюнга бийигирээк турат. Ал коркутат, таасирлентет, кыжаалат кылат, бирок чочутпайт. Коркутуу = чочутуу формуласы менен тартылган башка хоррор тасмалардын жанында «Кассандра» бир топ эле өзгөчөлөнөт, режиссер өзү айткандай «акылдуу хоррор» экенин далилдейт. 

Тасманын жаратуучулары ар бир деталга кылдат, сүйүү менен мамиле кылгандарын көрүп, алардын сапатка тренд жасайбыз деген мүдөөсү ишке ашса экен деген тилек жаралат. Кыргыз киносун бир сүйлөнүп, бир какшанып жүрүп багып келген кыргыз көрүүчүсү «Кассандраны» кандай кабыл алары азырынча табышмак. Канткенде да бул тасма коомубуздагы жумуртка же тоок биринчи жаралды беле деген сыяктуу «көрүүчүлөр тасманын сапатына жооптубу, же тасмалар көрүүчүлөрдүн табитин аныктайбы» деген талашка жакшы эле жем чаччудай болуп турат.

автордун тасмага берген баасы:


Кыргызстан, 2026 / цв., 89 мин. 

Өндүрүш: Alcha Group Production, «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын техникалык колдоосу менен

Сценарийдин авторлору: Бекзат Пирматов, Дмитрий Сое

Режиссер: Бекзат Пирматов

Оператор: Каныбек Калматов

Сүрөтчү: Бермет Лазарева

Композиторлор: Мурзали Жеенбаев, Александр Юртаев, Бостон Надырбеков, Бекзат Пирматов
Үн режиссеру: Калыбек Шерниязов

Монтаж: Элдияр Мадаким

Продюсерлер: Асел Шерниязова, Медер Сүйүндуков, Айжан Иманкулова
Сопродюсер: Эльнура Осмоналиева

Ролдордо: Еңлик Айымгазы, Гүлайым Каныметова, Айнура Качкынбек Кызы, Шаршекүл Аманова, Жаннат Керимбаев, Элдияр Жарашев

Премьера: 2026 жыл 28 май 

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *