«Псих»: психи бар, психологиясы жок тасма 

Автор: Айпери Болотжан

Instagram: @aiperi.bolotzhan

Хоррор жана триллер жанрларында коркунуч күтүлбөгөн окуялар же мистикалык элементтер аркылуу жаралса, Радик Эшимов менен Белек Тургунов жараткан «Псих» тасмасы коркунучтун булагын адамдын ички дүйнөсүнөн издегендей көрүнөт. Аталышы эле башкы каармандын психологиясы окуянын өзөгүнө айланат деген үмүттү жараткан тасма тууралуу Айпери Болотжандын рецензиясынан окуңуз.


Башкы каарман Азат (Аман Шерикул) сулуулук салонунда иштеген Алтынайды (Мырзайым Касыбаева) жактырып, бүт көңүлү менен ага байланып калат. Адегенде  ага социалдык тармактардан тынымсыз жаза берет. Кийин артынан аңдууга өтүп, ал тургай таштап кеткен буюмдарын чогултат. Жарым ичилген кофе, суу бөтөлкөсү, чач байлагыч… Айтор, башкалар үчүн таштанды болгон нерселер Азат үчүн баалуу эстеликке айлангандай. Ушул майда деталдар анын сезими сүйүү эмес, обсессияга1 айланганын көрсөткөн учурлардын бири. 

Дал ушул учурдан тартып фильм сүйүү окуясынан психологиялык триллерге оой баштайт. Азаттын аракеттеринин артында романтика эмес, ээлик кылуу каалоосу жатканын көрө баштайсың. Бирок анын эмне үчүн мындай абалга жеткени белгисиз бойдон калат. Психологиялык триллер дал ушундай суроолорго жооп издеген жанр. Көрүүчү кылмыштын кандай болгонун гана эмес, адамды ошол чекке эмне жеткиргенин да билгиси келет.  «Псих» болсо ошол процессти тереңдеткенден көрө, анын кесепетин гана көрсөтүүгө көбүрөөк көңүл бурган.

Ошентсе да сценарий каармандын ички дүйнөсүн ачууга жардам бере турган айрым маалыматтарды берет. Азат жалгыз жашайт, касапчы болуп иштейт. Ата-энеси бир күндө каза болгон. Алтынайды апасына окшоштурганы да айтылат. Булардын ар бири өзүнчө алганда каармандын мүнөзүн ачууга жардам бере турган деталдар. Бирок фильм аларды бири-бири менен байланыштырбайт. Натыйжада көрүүчү Азат жөнүндө маалымат алат, бирок анын эмне үчүн ушундай абалга жеткенин толук түшүнө албайт.

Азаттын образын түзүүдө анын касапчылык кесиби өзгөчө көңүл бурдурат. Баш каарманга бул кесиптин тандалышы жана касапканадагы эпизоддор – кан жалаган пол, илинип турган малдын эти – Азат тууралуу биринчи таасирди жаратышат. Бир караганда бул жөн гана каармандын кесиби сыяктуу көрүнгөнү менен, режиссерлор үчүн бул визуалдык образдар окуяны өнүктүрүүдөгү маанилүү паттерндерге айланышат. Алтынайдын столго кыймылсыз байланып турганы, кадрдын муздак өңү касапканадагы көрүнүштөрдү эстетет. Оператор Караш Жанышов сценарийдеги жетишпеген психологиялык катмарды визуал аркылуу компенсациялоого аракет кылган. Азаттын кандай адам экенин диалогдон эмес, айлана-чөйрөсүнөн жана ал жашаган «дүйнөдөн» сезе баштайсың. Бирок визуал сценарийдеги боштукту толугу менен толтура албайт. Азаттын аракеттери ишенимдүү көрүнгөнү менен, алардын түпкү себеби көмүскө бойдон кала берет. 

Обсессиянын белгилери болгон аңдуу, ээлик кылуу аракети, Алтынайга тиешелүү буюмдарды чогултуу так көрсөтүлгөн. Бул көрүнүштөр каармандын психикалык абалы өзгөрүп жатканын айгинелейт. Бирок бул абал качан жана эмне үчүн башталганы белгисиз. Азат Алтынайды биринчи жолу кайдан көргөн? Эмне үчүн дал ушул кызга байланып калды? Апасына окшоштуруусу анын психикасында кандай орун ээлейт? Бул суроолор жоопсуз калат. Андан тышкары, фильмдин жүрүшүндө Азаттын ички өзгөрүүсү да дээрлик сезилбейт. Анын обсессиясы күчөп жаткандай эмес, башынан эле бир чекке жеткен абалда көрүнөт. Каарман жаңы кырынан ачылбай, дээрлик өзгөрүүсүз калат. Ошондуктан көрүүчү каармандын оюн эмес, көбүнчө анын аракеттерин байкап отурат. Психологиялык триллер үчүн бул олуттуу кемчилик. Анткени жанрдын күчү кылмыштын өзүндө эмес, ошол кылмышка алып келген аң-сезимдин акырындык менен өзгөрүшүндө жатат.

Ушул жагынан алганда «Псих» менен 2026-жылдын эң көп талкууланган хоррорлорунун бири болгон Карри Баркердин «Oбсессия» тасмасынын айырмасы айкын көрүнөт. Эки фильм тең обсессия темасын көтөргөнү менен, аны ар башкача өңүттөн ачышкан. «Обсессия» көрүүчүгө бир адамга байланган жиндиликтин кантип пайда болушун көрсөтөт. Анда башкы каарман сүйгөн кызын өзүнө ашык кылуу үчүн сыйкырдуу таякты колдонот. Бирок тилеги орундалгандан кийин ал күткөн сүйүүнүн ордуна акырындык менен коркунучтуу обсессияга айланган мамилеге туш болот. Ошентип фильмдин өзөгү обсессиянын кантип келип чыгышы, адамдын аң-сезимин кантип өзгөрткөнү аркылуу түзүлөт.

«Псих» болсо так ушул процесстин эң акыркы чекитинен баштайт. Азаттын Алтынай менен ооруп калганы ишенимдүү көрсөтүлгөнү менен, бул сезим качан жана эмне үчүн обсессияга айланганын көрүүчү өзү божомолдошу керек. Ошондуктан «Психте» чыңалуу бар, бирок каармандын ички дүйнөсүн ачкан психологиялык курчтук жетишпейт. 

Ошентсе да «Психти» ийгиликсиз тасма катары кароого болбойт. Тескерисинче, кыргыз киносунда сейрек кездешкен темага кайрылганы анын негизги артыкчылыгы. Обсессияны романтизациялабай, анын коркунучтуу табиятын көрсөтүүгө аракет кылганы да маанилүү чечим. Айрыкча оператордук иш тасманын атмосферасын көтөрүп, көп учурда сценарий айта албаган ойду кадр аркылуу жеткиргенге аракет кылат.

Бирок, жогоруда белгилегендей, жакшы визуал драматургиядагы боштукту толугу менен толтура албайт. Көрүүчү фильм бүткөндөн кийин Азат эмне кылганын эстейт, бирок анын эмне үчүн ошондой адамга айланганын түшүндүрүп бере албай калат. Психологиялык триллер үчүн эң маанилүү суроо дал ушул жерде жоопсуз калат.

«Псих» көрүүчүнү тынчсыздандырып, ойго сала алган тасма. Ал обсессия, сталкинг жана зордук-зомбулук сыяктуу оор темаларга кайрылып, акылдан аздырган сезимдин кандай коркунучтуу чекке жетиши мүмкүн экенин көрсөтүүгө бел байлайт. Ошол эле учурда, бул  темаларды психологиялык деңгээлде тереңдетүүгө келгенде орто жолдон токтоп калгандай таасир калтырат. Ошондуктан фильм атмосферасы жана визуалдык чечимдери менен гана таасир калтырып тим болуп, бирок аталышындагы убадасын толук аткара албайт. Экрандан биз психологиялык жактан толук изилденген каарманды эмес, анын сырттагы көрүнүшүн гана көбүрөөк көрөбүз.

  1.  Обсессия — адамдын бирөөгө же бир нерсеге ашкере байланып, ал сезимин башкара албай калган психологиялык абал. 
    ↩︎


Кыргызстан, 2026 / цв., 75 мин.

Өндүрүш: On Production

Сценарийдин авторлору: Бектур Усенов, Белек Тургунов, Радик Эшимов

Режиссер: Радик Эшимов, Белек Тургунов

Оператор: Караш Жанышов

Сүрөтчү: Бектур Курстанбек уулу

Үн режиссеру: Асель Раззакулова

Монтаж: Жанузак Мамытов

Продюсер: Нурсултан Курсанали уулу

Ролдордо: Амангелди Шерикул уулу, Мырзайым Касыбаева, Жандат Жаманбаева, Шаршекуль Аманова

Премьера: 2026-жыл, 9-апрель 

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *