Текст: Айзат Кудайберди кызы
Instagram: @ai_ku__
Адам табияты татаал лабиринт. Бирок заманбап кыргыз кинематографиясында бул татаалдыкты даяр, жаттама сюжетке сала берип куурчак каармандар пайда болду. Жаңы жарыкка чыккан «Адамга адам керек» тасмасынын мисалында кинодогу ашыкча символизм интриганы кантип өлтүрөрүн жана эмне үчүн каармандарды даяр үлгүлөрдөн бошотуунун мезгили келгенин талкуулайбыз.
«Адамга адам керек» деген сөз сизге да пандемия менен ассоциация болгондур, окурман. А эмнеге дал пандемия маалы менен? Адам социалдык жандык болгондуктан, анын мээси эволюциялык жактан аман калуу үчүн башка адамдар менен топко биригүүгө программаланган. Пандемия учурунда бул табигый байланыш күтүүсүз үзүлгөндө, мээ муну негизги коопсуздукка коркунуч келтирүүчү фактор катары кабыл алды. Дал ушундай оор кырдаалдарда коомдо жамааттык эмпатия ойгонот. Дал ушундай мезгилде бизге 2020-жылы жарык көргөн «Адамга адам керек» сыяктуу ырлар музыкалык-психологиялык терапия ролун аткарган. Же, башкача айтканда жалгыз калуу, оору, өлүм коркунучунан өзүбүздү бүтүндөй элге бирдей таасир берген музыкалар, тасмалар ж.б.у.с. жолдор менен коргогонбуз. Дагы кандай учурларда адамга адам керек? 2026-жылдын 10-сентябрынан тарта режиссёр Азамат Арыков көрүүчүлөргө ушул теманын тегерегинде тартылган тасмасын сунуштады.

Азамат Арыковдун ысымы калың элге 2010-жылы «Аят» франшизасы аркылуу таанылды. Алгач ал башкы ролдогу актёр болсо, көп өтпөй «Аят 2», «Аят 3» жана эң акыркы «Аят 4» тасмаларында башкы ролдогу каарманды ойноп, ошону менен катар режиссёрлук да кылды. Ал эми быйыл, тасма талаасына Арыков социалдык драма менен кирип келди. Бул эмгек анын толук метраждуу «Жашоо керемет» даректүү тасмасынын көркөм тасмага айланган варианты. Даректүү тасмада мектепте музыка мугалими болуп иштеген көзү азиз Дмитрий Хусаиновдун күнүмдүк турмушун, жашоого болгон көз карашын, күрөшүн чагылдырса, көркөм тасмага аталган каармандын жашоо образындагы негизги өзгөчөлүктү гана алып, драматургия кошкон. Тасманын аталышы – «Адамга адам керек». Окурманга рецензияны кененирээк түшүнүү үчүн документалдуу LIFE IS WONDERFUL 50 min тасманы да көрүп чыгууну сунуштайбыз.
Сабыр – көзү азиз музыка мугалими. Экранда таза, тыкан кийинген, күндөн коргоочу стилдүү көз айнекчен жаш жигитти ишенимсиз кадамы, же таягы болбосо аны көпчүлүктөн ажырата таануу кыйын. Анткени көп учурда көзү начар көргөн, тубаса көзү азиз адамдар көзүн толугу менен жапкан, күндөн, чаңдан коргоочу атайын көз айнек тагынса, тасмадагы Сабырдын көз айнеги көрөрманга көзү азиз адамдын образын кабыл алууга тоскоолдук жаратат. Албетте, муну башкы каармандын айланасындагылардан өзгөчөлөнгүсү келбегени, өзүн башкалардан кем санабаганы сыяктуу жүйөлөр менен түшүндүрүүгө болот. Бирок мындай түшүндүрмө тасманын өзүндө да негизделиши керек.

Тубаса көзү азиз төрөлгөн адамдарда жарык аалам жөнүндө визуалдык маалымат жок. Алар дүйнөнү кабыл алуунун, таануунун башкача формасына ээ. Тасмада Сабыр студенттерин үнүнөн, кыймылынан тааный алат, өз алдынча тамак жасап, өзүн-өзү камсыздай алат, коргой алат. Өтө этият кыймылынан, бөлмөдөгү китеп, кол саат, ашканадагы тамак-аштын жазууларынан анын чын эле көзү азиз экенине ынанасың. Ошондой эле тасманын тартылуу процессиндеги материалдардан режиссер башкы каарманды ойногон Эрбол Руслановду Дмитрий Хусаиновго кезиктирип, анын жашоо образы менен тааныштырганын көрүүгө болот. Бул режиссердун, актердун образдын сырткы түзүлүшүн ийинине жеткире иштөөгө аракет кылганынан кабар берет. Бирок образдын ишенимдүүлүгүнө шек жараткан дагы бир эпизод бар. Сабырдын түшү түстүү сюжет менен берилет, ал тургай түшүндө Марьямдын жүзүн, өзүн көрөт. Эгер Сабыр тубаса көзү азиз болуп, өмүрүндө эч качан көрбөсө, анда бул түш суроо жаратат. Анткени анын визуалдык жашоо тажрыйбасы болбогондуктан, түстөрдү же адамдын жүзүн биз көргөндөй элестетиши илимий-теориялык жактан күмөн. Албетте, бул көркөм ыкма, же диний маанидеги керемет катары түшүндүрүлүшү мүмкүн. Бирок тасма буга чейин Сабырдын дүйнөнү үн, жыт, тийүү жана кыймыл аркылуу кабыл аларын ишенимдүү көрсөткөндүктөн, түш эпизоду ошол логикага шайкеш келбей калат. Сабырдын түшү да анын кабылдоо дүйнөсүнө ылайык берилсе, каармандын образы бир кыйла ынанымдуу болмок.

Экинчи башкы каарман – Марьям. Марьям атасынан мураска калган курулуш компаниянын директору, жалгыз бой аял. Анын кызы Фатима Сабырдын окуучусу. Эки башкы каарман Марьям авто кырсыкка учурап, баса албай калган жагымсыз окуядан улам жүзмө-жүз таанышат. Сабыр Марьямга моралдык колдоо көрсөтүп, жаңы абалын кабыл алууга көмөктөшөт. Авто кырсыкка чейин ачуулуу, катаал ишкер айым болсо, кырсыктан кийин мүнөзү да, кийген кийимдеринин өңү да жумшара түшөт. Бул өзгөрүүнү режиссер Марьямдын жашоосунда Сабырдын пайда болуусу менен түшүндүрөт. Ар дайым жумушун көзөмөлдө кармаган, талапчыл, эч кимге ишенбеген ишкер айымдан жардамга муктаж адамдын абалына келүү, өзүн кабыл албоо, андан соң жашоону жаңы кырынан көрүү бир жумалык окуядай бат өтөт. Натыйжада Марьямдын жаңы жагдайды кабыл алуу күрөшү кыскарып, «Сабыр пайда болду – Марьям өзгөрдү» деген жөнөкөйлөштүрүлгөн схема жаралат. Чындыгында кырсыктан кийинки мындай өзгөрүү бир гана жаңы адамдын эмоционалдык таасири менен эмес, көз карандысыздыгын жоготуу, жардам кабыл алууну үйрөнүү, жаңы жашоосуна көнүү сыяктуу бир нече ички татаал баскычтар аркылуу жүрүшү керек эле. Бирок тасмада бул жоопкерчиликти Сабырдын колуна карматып коюшкан. Сабыр көчөдө араба менен жүрүүгө жардам берет, Сабыр колдойт, Сабыр коргойт. Марьямдын жеке жашоосу, тандоосу, өздүгү Сабыр келер замат четке жылып кетет. Ушундан улам кыска убакытта жаралган бакытты көргөн көрөрман да Сабыр сыяктуу куткаруучу эркек (male savior) архетибин романтизациялайт. Оор кырдаалдан алып чыгуучу сүйүүнү күтөт. Бул ыктымалдуулугу аз иллюзия көрүүчү кыздарды инфантилдүү абалга, аракетсиздикке түртөт. Себеби Сабырдай тарбиялуу, ыймандуу, акылдуу куткаруучунун образы аял каармандын өз алдынчалыгын чектеп, аны жөн гана эркектин күчүн, баатырдыгын баса белгилей турган «курал» катары көрсөтүп коёт. Же болбосо ишкерлик аялдын жумушу эмес, андан жакшысы жоолугун салынып, «көлөкөдө багылып» олтурушу керек деген ойлорду таратат.

Тасма диний мотивдерге жыш. Эки башкы каармандын ысымдары өзүнөн мурун «сүйлөп турат». Сабыр – Ислам дининде мусулман адамдын негизги сапаттарынын бири катары айтылса, Марьям – Иса пайгамбардын энесинин аты, Куранда аты аталган жалгыз аял. Эгер жогорудагы ойду андан ары тереңдетсек, каармандардын ысымдары алардын кинодогу тагдырын, жыйынтык чечимин алдын ала чийилген карта сыяктуу көрсөтүп турат. Эң күчтүү символ – бул жашыруун, көрүүчү өзү байкап, өзү чечмелей турган символ. Ал эми бул тасмада режиссер символдорду жашырбай, түз эле бетке чаап көрсөтүп жаткандай таасир калтырат. Натыйжада каармандардын тагдыры алкактын ичиндеги алкакка сыйып кетет. Биз ойлогондой эле финал Марьямдын жоолук салынып, намаз окуп, Сабырга турмушка чыгуусу менен аяктайт. Эгер бул Марьямдын өз изденүүсүнөн келип чыккан тандоо эмес, болгону Сабырдын идеалдуу жан дүйнөсүнө суктануудан улам пайда болгон психологиялык реакция болсо, анда финалдагы хиджаб жана намаз диний аң-сезимдин жеңиши эмес, жөн гана стресстен кийинки жаңы «баш калкалоочу жай» экени түшүнүктүү болот. Ошондуктан тасманын башынан аягына чейин башка бирөөнүн таасири астында жүргөн башкы каармандын бул чечими күмөн жаратат. Себеби мотивациялык китептердин деми менен бир өмүр жашай албагандай эле, башка бирөөнүн эмоционалдык таасири менен да узак убакыт бактылуу жашоого кепилдик жок.

Эми даректүү тасмадагы Дмитрий Хусаиновго кайтып келсек. Ал өзүн бактылуу адам эмес, өжөр адам катары эсептейт. Тагыраагы өжөрлүктүн, тынымсыз аракеттин өзүн жашоонун кадимки абалы катары аң сезимдүү түрдө кабыл алган. Бул адамдын өзүн таануудагы маанилүү тепкич. Ушул жерде Альбер Камюнун чечмелөөсүндөгү Сизиф эске түшөт. Тоого ташты түртүп чыгып бараткан Сизиф таштын кайра кулай турганын билет. Анын эмгеги эч качан акыркы жыйынтыкка жетпесе да, ташты түртө берет, түртө берет. Дмитрийдин өжөрлүгү да ушундай кайталануучу аракетке негизделген. Анткени документалдуу тасмада Хусаинов өзүн жашоонун курмандыгы катары да, керемет күтүп отурган каарман катары да кабыл албайт. Ал өзүнүн шартын билет, алардын баарын өзгөртө албасын да билет, бирок ошого карабай жашоону күн сайын жаңы оптимизм менен күтүп алат. Дмитрий өз тагдырынын Сизифи. Ал эми көркөм тасмада Марьям менен Сабырдын кызматы бири-бирине дарыгер, «жаңы көз», «жаңы бут» болуу менен гана чектелип калган.
Кыргыз киносунда дин, адамдарды кыйын жагдайдан сууруп чыккан баатыр каармандар бактылуу финал жаратуунун эң жөнөкөй, эң оңой жолу. Каарманды эркиндиктин ээн талаасына таштап коюунун ордуна, режиссер аны өз мээсиндеги алкак-сюжетке салып алгысы келет. Ошондуктан да тасма көрүүчүгө күтүлгөн классикалык бактылуу финалды көрсөтөт. «Адамга адам керек» тасмасы адамга моралдык жардам көрсөтүү менен куткаруунун айырмасын так ажырата албагандыктан, аталышында көтөрүлгөн чоң философиялык суроону жөнөкөй романтикалык формула менен жыйынтыктайт.
автордун тасмага берген баасы:
Кыргызстан, 2026 / цв., 120 мин.
Өндүрүш: Niet media
Режиссер, продюсер: Азамат Шаршенов
Аткаруучу продюсер: Бегай Шаршенова
Оператор: Бакыт Абдыгазиев
Сүрөтчү: Төлгөбек Койчуманов
Көркөм жетекчи: Тынчтыкбек Абылкасымов
Үн режиссеру: Алым Турсунбаев
Ролдордо: Эрбол Русланов, Айдана Асанова, Фатима Шаршенова, Тимур Маматкулов, Назира Бердигулова, Азамат Шаршенов.
Премьера: 2026-жыл, 10-сентябрь