Чыңгыз Айтматов бир гана улуттук сыймык эмес, бүтүндөй бир доордун үнүн чагылдырган улуу ойчул. Бирок анын татаал тагдырын да, чыгармачылык кудуретин да кинодо көрсөтүүгө ушул күнгө чейин олуттуу аракет жасала элек болчу. Бул боштукту толтурууну максат кылган режиссер Каныбек Калматов 2025-жылы жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен кездешип, Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга укук алган. 2026-жылдын 15-октябрында бет ачары өткөн «Айтматов» тасмасы көрүүчүлөр арасында чоң кызыгуу жаратып, өлкөдөгү эң көп талкууланган кинодолбоордун бирине айланды.
Бирок тасма Айтматовдун өмүр жолун баяндоо менен чектелбей, анын ойчул жана инсан катары ким экенин ачып бере алдыбы?
Текст: Айгерим Марат
Тасманын негизги окуясы 1979-жылды чагылдырып, «Бороондуу бекет» («Кылым карытар бир күн») романынын жарык көрүшүнүн айланасында өтөт. Сюжет боюнча жазуучу Чыңгыз Айтматов (Болот Тентимышов) менен Кыргыз ССР Жазуучулар союзунун төрагасы Алмаз Караев (Марат Амираев) чыгарманы басып чыгаруу үчүн Берлинге жол тартышат. Фильмдин басымдуу бөлүгү поездде орун алат. Бул поезд жазуучунун өмүр жолунун метафорасына айланып, анын тагдырындагы маанилүү учурларды кайра жандандырууга аракет кылат. «Кылым карытар бир күн» романындагыдай эле тасманын чордону да «эс тутум» темасынын тегерегинде айланат.

Каныбек Калматов үчүн аталган эмгек режисссёр катары алгачкы кадам. Дебюттук тасмасы үчүн залкар инсандын тагдырын тандаганы көпчүлүккө бир эле учурда кызыгууну да, ишенбөөчүлүктү да жаратты. Канткен менен, ВГИКтен оператор катары билим алып, бир нече долбоорлордо («Бейиш эненин таманында», «Нелегал», «Кассандра») тажрыйба топтогон Калматовдун тажрыйбасы дээрлик ар бир кадрдан сезилип, визуалдык тил тасманын башкы артыкчылыгына айланат. Мисалы, Айтматовдун балалык кезин чагылдырган эпизоддордо режиссёр пейзажды, аба ырайы менен түстөрдү көркөм каражат катары чебер колдонот. Жаш Чыңгыздын бийик дарактардын арасында жалгыз турган кадры анын башына түшкөн оор сыноолордун салмагын сездирсе, ачарчылык жана жокчулук менен коштолгон балалыгы кар баскан, туман каптаган, боз түстөр басымдуулук кылган көрүнүштөр аркылуу берилет. Башкача айтканда, Калматов каармандардын сезимдерин ашыкча диалогдорго таянбай, кинонун өзүнө таандык көркөм каражаттар аркылуу жеткирүүгө аракет кылат.

Бирок окуялар канчалык таасирдүү тартылбасын, алардын баары эле башкы каармандын өзүн ачууга кызмат кыла бербейт. Авторлор Айтматовдун башынан өткөн трагедияларды, айланасындагы адамдарды жана өмүрүндөгү чечүүчү учурларды көрсөтүшөт. Бирок ошол окуялардын борборунда турган адамдын өзүн кээде экинчи планга калтырышат.
Айтматовдун сүйлөө манерасына, токтоо жүрүм-турумуна кылдат көңүл бурган Болот Тентимышовду айрым кадрларда жазуучуга окшоштукту күчөтүү үчүн атайын ракурстарда тартышкан. Бирок жасалмалуулугу ачык көрүнгөн оор гримдин айынан анын жүзүндөгү булчуңдары, каштары дээрлик кыймылдабай, актёрдун оюнунда оорчулуктарды жаратканы байкалат. Буга карабай, Тентимышов сырткы окшоштуктардан сырткары, Айтматовго мүнөздүү кыймыл-аракетти жана сүйлөө ыргагын кармоого аракет кылат. Бирок сценарий актёрго бул образды мындан ары тереңдетүүгө көп мүмкүнчүлүк бербейт.
Айтматовдун балалык чагын чагылдырган эпизоддор тасманын эң таасирдүү бөлүктөрүнүн бири. Буга актёрлордун ишенимдүү оюну да чоң салым кошкон. Жаш Чыңгыздын ролун аткарган Нурислам Надыров балалык баёолугун жоготпой, башына түшкөн трагедиядан улам эрте чоңоюуга аргасыз болгон баланын образын чебер жараткан. Ал эми тасманын чыныгы ачылышы Нагиманын ролун аткарган Арина Исакова болду. Актриса куугунтукту, ачарчылыкты башынан кечирип, төрт баласын жалгыз чоңойткон эненин кайраттуулугун да, ички кайгысын да ишенимдүү жеткирген. Ал Нагиманын образы аркылуу бардык жүктү далысында көтөргөн кыргыз аялдарынын түбөлүктүү архетибин көрсөтө алган.

Бирок балалык тууралуу эпизоддор канчалык таасирдүү болбосун, алардын эмоционалдык өзөгүндө көбүнчө Нагима менен Төрөкулдун трагедиялуу тагдыры турат. Жаш Чыңгыздын өзү да бул окуялардын маанилүү бөлүгү болгону менен, негизги драмалык салмак көбүрөөк анын ата-энесине түшөт.
Башкы каарман өзү экинчи планга сүрүлүп калган мындай көрүнүш Алмаз Караевдин сюжеттик линиясында да кайталанат. Авторлор Караевдин мансапкорлугун, жашыруун максаттарын жана коркунучун кеңири ачышат. Мансабын сактап калуу үчүн ал репрессияланган атасынын баш тартып, анын буюмдарын жок кылат. Анын аракети экрандан акталбаса да, көрүүчүгө эмне үчүн ушундай жолго барганы түшүнүктүү берилет. Ошол себептен ойдон чыгарылган Караев башкы каарман Айтматовго караганда психологиялык жактан жеткиликтүүрөөк болуп чыгат.
Бул айырма финалга жакын өзгөчө байкалат. Караевдин чыккынчылыгы ашкереленгенден кийин Айтматов аны жазалабоону өтүнөт. Бирок эмне үчүн? Караевге боору оорудубу же аны мындай кадамга түрткөн жагдайларды түшүндүбү? Тасма бул суроолорго жооп бербей, жазуучунун айкөлдүгүн көрсөтүү менен чектелет. Албетте, ар бир чечимди сөзсүз майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүү шарт эмес. Бирок мындай учурлар улам кайталан сайын, башкы каармандын образы бизден улам алыстап жаткандай сезиле берет. Бул эпизод ошол көрүнүштүн бир мисалы: биз Караевдин эмне үчүн жамандыкка барганын түшүнөбүз, ал эми Айтматовдун эмне үчүн жакшылык кылганын өз түшүнүгүбүзгө таянып чечмелейбиз.

Бул жерде сценаристтер Айтматовдун эл арасында эбак калыптанган залкар инсан деген образынан толук алыстай албагандай туюм жаралат. Ошондуктан көрүүчүгө айкөлдүк анын экрандагы мүнөзүнүн өнүгүүсүнүн жыйынтыгы катары эмес, алдын ала белгилүү сапаты катары сунушталат.
Бул кемчилик Берлинде Харрингтон мырза Айтматовго «Атаңызды өлтүргөн өлкөдө кантип иштей аласыз?» деген суроо узатканда дагы даана байкалат. Бул суроо жазуучунун тагдырындагы эң татаал карама-каршылыктардын бирин козгойт. Анткени атасынын өмүрүн алган советтик бийликке карабай, Айтматов СССРге кайтууну тандайт. Бирок тасма буга чейинки окуяларда анын мындай чечимге келишине эмне түрткү болгонун жетиштүү ачып бере албайт. Эгер авторлор бул жерде мекен менен советтик мамлекеттик системанын ортосундагы айырманы көрсөтүүнү көздөшсө, анда анын кайтып келиши бийликке эмес, өз элине жана жерине болгон берилгендик катары чечмеленмек. Бирок тасмада Айтматовдун советтик бийликке болгон мамилеси да, бул карама-каршылыкты өзү кандай түшүнгөнү да бүдөмүк бойдон калат.

Анткен менен, сценаристтер Айтматовду адамдык кемчиликтерден оолак кылышкан эмес. Бүбүсара Бейшеналиева менен болгон мамилеси жана балдарына татыктуу ата боло албаганын мойнуна алуусу аркылуу жазуучунун адамдык алсыздыктары көрсөтүлөт. Айрыкча «Атамдай ата боло алган жокмун» деген сөз анын жеке өкүнүчүн сездирип, бирок бул эпизод да каармандын жаңы кырын ачкан кеңири ички конфликтке айланып кете албай, ара жолдо калат.
Тасмада адам катары жетиштүү ачылбаган Айтматовдун жазуучулук дүйнөсүн чагылдырууда да аксактыктар көзгө урунат. Тасмада чыгармачылык процесс таптакыр жок эмес: биз анын кол жазманын үстүндө иштегенин, жаңы образдарды элестеткенин жана чыгармасын жарыкка чыгарууда тоскоолдуктарга туш болгонун көрөбүз. Бирок бул жараянда жазуу аракетинин өзү көбүрөөк көрсөтүлүп, анын артында турган ойдун жана ой жүгүртүүнүн салмагы көмүскөдө калып кетет. Бул нерсе айрыкча маңкурт образынын жаралышын чагылдырган эпизоддо ачык байкалат. Айтматовдун поезддеги эскерүүлөрү жана атасынын элеси менен жолугушуу жазуучуну эс тутум, өткөн тарых жана маңкуртчулук темасына алып келгени маалым. Бирок бул ойдун конкреттүү көркөм образга кандайча айланганын тасма дээрлик көрсөтпөйт. Эмне үчүн жазуучу дал ошол жигиттин образын элестетти, эмне үчүн анын башына төөнүн териси кийгизилди, эмне үчүн окуя чөлдө өтөт – бул деталдардын булагы ачылбай калат. Биз билгендей Айтматов Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунан шири деген сөздү укканын, (баланы кармап алалык, башына шири салалык) анан ошол ойду өнүктүрүп отуруп, азыркы маңкурт деген терминди алып чыккан. Ошондуктан маңкуртчулук идеясына алып келген эмоционалдык жана тематикалык негиз бар болгону менен, маңкурттун конкреттүү образы Айтматовдун аң-сезиминде капыстан пайда болгондой таасир калтырат.
Тасмада «Саманчынын жолу», «Кыямат», «Бетме-бет» сыяктуу чыгармаларга жасалган шилтемелер да ушундай мүнөздө берилет. Тасма Айтматовдун жашоосундагы трагедияларды да, чыгармаларындагы белгилүү образдарды да көрсөтөт, бирок алардын ортосундагы эң маанилүү нерсе – жазуучунун ошол тажрыйбаларды кандайча аңдап, көркөм ойго айландырганы жетиштүү ачылбай калат. Анын ордуна, авторлор жаш Чыңгыздын кагазга аңгеме жазып отурган учурлары көрсөтүшүп, анын адабиятка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталганы баса белгилешип, анын келечекте залкар жазуучу болоруна ымдаган эпизоддорго кайрылышат. Буга Борис Пастернак (Сергей Безруков) менен болгон, тарыхый жактан тастыкталбаган жолугушуу мисал. Пастернак жаш Чыңгыздын келечекте улуу жазуучу болорун алдын ала сезгендей «Келечек ушунуку!» деген сыяктуу ашкере пафостуу сөздөрү баланын чыгармачылык кызыгуусун ачкандан көрө, келечектеги улуулугун көрүүчүгө алдын ала жар салгандай таасир калтырат. Башкача айтканда, фильм жазуучунун кантип калыптанганын көрсөтүүдөн мурда эле анын ким болуп чыгарын басым жасайт.
Айтматовдун улуулугун баса көрсөтүүгө болгон умтулуу акыркы сахнада туу чокусуна жетет. Филармонияда жаштардын алдында сүйлөгөн жазуучу эс тутум жана келечек тууралуу ой бөлүшөт. Анын сөздөрү өзүнчө алганда маанилүү жана таасирдүү. Бирок сахнада айтылган ойлор менен тасмада буга чейин көрсөтүлгөн окуялардын ортосундагы байланыш толук курулган эмес. Ошого карабай, эпизод визуалдык жактан жакшы тартылган. Камера Айтматовду төмөн жактан көрсөтүп, анын кадыр-баркын баса белгилейт. Салтанаттуу музыка, жаштардын алдында сүйлөп жаткан жазуучунун элеси жана Кыргызстандын кооз жаратылышын чагылдырган кадрлар сахнанын эмоционалдык күчүн арттырат. Бирок көрүүчүгө таасир эткен нерсе каармандын тасма бою ачылган ички жолуна караганда, көбүнчө ушул көркөм каражаттар жана Айтматовдун коомдук аң-сезимде эбак калыптанган залкар образы болуп калат.

«Айтматовдун» негизги кемчилиги жазуучунун өмүр баянынан кайсы окуялар тандалганында эмес. Маселе тандалган окуялардын башкы каарманды ачууга канчалык кызмат кылганында. Нагима менен Төрөкулдун трагедиясы, Караевдин мотивдери, Айтматовдун балалыгы, жеке турмушу жана чыгармачылык жолу тасмада бар. Бирок ушул окуялардын арасынан жазуучунун өзүнүн үнүн дайыма уга албайбыз. Ошондуктан «Айтматов» жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы менен жакшы тааныш көрүүчүгө көбүрөөк таасир этиши мүмкүн. Анткени андай көрүүчү тасма калтырган боштуктарды өз билими менен толуктай алат. Ал эми маалыматы аз көрүүчүдө бүдөмүк ой, суроолор жаралары анык. Тасма Айтматовдун тагдырындагы оор учурларды таасирдүү чагылдырып, анын улуулугун дагы бир жолу эске салганы менен, ошол улуулуктун артында турган адамды да, жазуучуну да толук ача албай, акыркы титрлерине жетет.
Кыргызстан, 2026 / цв., 105 мин.
Өндүрүш: Калматов Групп
Сценарийдин авторлору: Каныбек Калматов, Тилек Аскар
Режиссер: Каныбек Калматов
Оператор: Жантай Кыдыралиев
Сүрөтчүлөр: Бермет Лазарева, Элчибек Шаменова
Композитор: Роберт Зиганшин.
Үн режиссеру: Калыбек Шерниязов
Продюсерлер: Тимурлан Ташиев, Каныбек Калматов, Асель Давлетова, Асылбекова Гулайым, Нуржан Кожошева
Ролдордо: Болот Тентимышов, Нурислам Надыров, Арина Исакова, Абылай Марат, Марат Амираев, Мээрим Атантаева, Азиз Бейшеналиев, Сергей Безруков, Равшана Куркова, Эмиль Эсеналиев, Айнура Качкынбек кызы, Нургул Мамытова, Михаил Сотников, Бекбол Майрамбек, Айбийке Мухаметова, Талан Апыев, Рове Филипп Бруно, Шаршекуль Аманова, Арген Узаков, Даниэл Сапарбеков, Чынгыз Абазов, Арууке Надырова, Михаил Зубарев, Анастасия Балбекин, Дмитрий Балбекин
Премьера: 2026 жыл, 15 октябрь (Кыргызстан)