«Аян»: Үй-бүлө болуш үчүн сөзсүз балалуу болуш керекпи?

Текст: Айпери Болотжан

Үй-бүлө эки адамдан башталат. А бирок экөөнүн бактысы бала төрөлгөндө гана толукталып, үй-бүлө бекем болот деген түшүнүк бар. Бала жок болсо кыйыткан суроолор башталат. Андан кийин басым. Сөзсүз балалуу болуш керекпи? Үй-бүлөнүн маңызы бала төрөлгөндөбү же бири-бирин түшүнүп, колдоп жашагандабы? Ал эми балалуу болуу мүмкүнчүлүгү болбой калса, сүйүү да акырындап өчөбү? Ырыскелди Артелбековдун дебюттук «Аян» тасмасы ушул суроолорду Ажардын окуясы аркылуу ортого салат.

Ажар (Бегайым Асанакунова) сыртынан караганда кадимки эле үй-бүлөлүк жашоо доорун өткөрүп жаткан аял, сүйүктүү жар. Жандос (Атай Омурбеков) болсо камкор күйөө. Экөөнүн ортосунда жылуулук, ынактык, бири-бирине болгон ишеним бар. Демек, тасмадагы негизги конфликт «бактылуу эмес үй-бүлөдө» эмес, ошол бактылуу мамиленин ичине акырын кирип келген көйгөйдө жатат.

Ал көйгөйдүн башаты бала маселесине барып такалат. Бала маселеси жөн гана үй-бүлө куруунун кийинки баскычы катары эмес, жубайлардын мамилесин өзгөртө баштаган фактор катары көрүнөт. Алар бир кезде бала күтүшкөн. Кийин күтпөй калышкан. Эң кызыгы, ал тууралуу экөө бири-бири менен сүйлөшпөйт. «Ал сурабайт, мен дагы унчукпайм. Же корктукпу ал тууралуу сүйлөшүүдөн?» — дейт Ажар. Ушул сөздөн кийин экөөнүн мамилесин башкача карай баштайсың. Көйгөй чоң уруштан, бири-бирин күнөөлөөдөн жаралбайт. Айтылбай калган сөз экөөнүн ортосуна акырындан аралыкты, муздак дубалды жаратат. 

Ажардын депрессиясын да ушундай топтолгон мамилелердин фонунда кароо керек. Тасма аны жөн гана өзүнчө көйгөйгө туш болгон аял катары көрсөтпөйт. Анын ички абалы үй-бүлөдөгү унчукпоо, жолдошунун мамилеси, бала тууралуу сөздүн жабык калышы, ичте топтоло берген сезимдер менен кошо ачылат. Ажар эмне үчүн ушундай абалга жеткенин өзү да толук түшүндүрүп бере албайт. Балким, көптөн бери айтылбай келген нерселердин салмагы акырындап көбөйө бергенден уламдыр. 

Мындан улам аялдын үй-бүлөдөгү орду тууралуу суроо жаралат. Аялдын баасы эне болгону менен гана өлчөнүшү мүмкүнбү? Жубайлар баласыз да өзүнчө бактылуу үй-бүлө боло алабы? Тасмада Жандостун Ажарга айткан «Эптеп күйөөгө тийип алгандан кийин, бала төрөгөндөн башка колуңдан эмне келет? Жок дегенде ушул милдетти аткарбайсыңбы?» деген сөзү анын бала төрөөнү аялдын негизги милдеттеринин бири катары кабыл аларын көрсөтүп, бул суроолорду ого бетер курчутат. Ажардын окуясы аркылуу аялды эне болуу менен гана баалаган түшүнүк жубайлардын мамилесине да, аялдын өзүнө болгон көз карашына, менталдык саламаттыгына да таасир этери көрүнөт. Бул тема тасмада маанилүү орун алганы менен, Ажардын ушул басымдын алдында ички жактан кандай өзгөргөнү жетиштүү деңгээлде ачылбайт. Ошондуктан көтөрүлгөн маселе курч болгонуна карабай, анын психологиялык салмагы тасмада сезилген эмес. 

Тасманын окуяны берүү ыкмасы да атайылап бүдөмүк түзүлгөн. Окуялар дароо түшүндүрүлбөйт. Бир көрүнүштү көрүп, өзүңчө бүтүм чыгарганча ал ой өзгөрүп кетет. Дагы бир окуядан кийин буга чейин көргөндөрүңө кайра кайрылып, «анда бул эмне болгон?» деп каласың. Кийин айрым көрүнүштөргө кайрадан шек санай баштайсың.  Мунун себеби тасманын акыр жагында гана түшүнүктүү боло баштайт. Ошого чейин режиссёр көрүүчүгө даяр түшүндүрмө бербей, акырындан финалга алып барат. Бул ыкма Ажардын ички абалына да шайкеш келет. Анын дүйнөсү так чийилген сызык менен берилбейт. Көрүүчү да ошол бүдөмүк абалдын ичинде жашап өтөт. «Аяндын» психологиялык таасири көбүнчө ушундан сезилет.

Ажардын кадр сыртынан коштоп турган үнү тасманын баяндалышына бир чети өзүнчө өң берсе, бир чети тажатып жиберет. Каармандын ички дүйнөсүн үн аркылуу берүү чет элдик психологиялык драмаларда көп кездешкен баяндоо ыкмаларын эске салат. Ажардын сөздөрү айрым учурларда кадрда айтылбай калган нерсени толуктап, анын оюн, сезимин жакындан түшүнүүгө жардам берет. Бирок айрым жерлерде сүйлөмдөрдүн түзүлүшү татаалдашып, үн менен кадрдын ортосундагы байланыш да оор кабылданат. Кадрдан эмнени көрүп, Ажардын үнүнөн эмнени угуп жатканыңды өз-өзүнчө чечмелөөгө туура келген учурлар бар. Натыйжада ички дүйнөнү жакындатууга тийиш болгон үн кээде тескерисинче окуяны кабыл алууну жайлатат.

Ажар менен Жандостун мамилесиндеги өзгөрүүлөр алардын сөздөрү жана кадрдык чечимдер аркылуу шайкеш берилген. Экөө бир столдо отурганы менен, ортолорундагы аралык алыстап бараткан мамилени сездирет. Бир кезде жакын отурган адамдардын ортосунда боштук пайда болот. Столдун аралыгы алардын мамилесинин аралыгына айланып калат. Ушундай майда визуалдык чечимдер тасманын эмоциясын ого бетер күчөтүп, окуяны сөз менен айтып берүү зарылдыгын азайтат. 

Көзү ачык каармандын эркек болушу да тасмадагы өзгөчө чечимдердин бири. Кыргыз киносунда мындай образда көбүнчө аялды көрөбүз. «Аянда» анын ордуна эркек турат. Бул тандоо көрүүчүнүн көңүлүн бурбай койбойт. Режиссёр бул каарманды эмне үчүн эркек катары тандаганын тасманын өзүндө ачып бербейт. Ошондуктан образдын жаңылыгы кызык болгону менен, анын эркек болушунун  жүйөөсү жетиштүү деңгээлде сезилбей калат. 

«Аян» үй-бүлөлүк мамиледеги өзгөрүүнүн көзгө анчейин көрүнө бербеген себептерин ачууга аракет кылган психологиялык тасма. Режиссёр окуянын баарын дароо түшүндүрүп салбастан, Ажардын абалын акырындык менен ачуу жолун тандаган. Мунун аркасында көрүүчү да Ажар менен кошо болуп жаткан окуялардын жөн-жайын акырындап түшүнө баштайт.

Финалда ачылган чындык буга чейин көргөн окуяларга кайрадан кайрылууга түрткү берет. Башында бири-биринен бөлөк көрүнгөн көрүнүштөрдүн байланышы ошол жерден такталып, Ажардын окуясы бүтүндөй башкача кабылдана баштайт. Бул ыкма «Аянга» психологиялык драмага мүнөздүү бүдөмүк маанайды сактоого жардам берген десе болот. Анткени финалга чейин Ажардын депрессиялык абалын анын ички дүйнөсүндөгү кризис менен түшүндүрүп келсек, акырында анын жакын адамдарынын мамилеси да бул абалга таасир эткени билинет. Айрыкча курбусуна байланышкан чындык ачылганда, буга чейин көмүскөдө калган себептердин бири көрүнөт. Ушул жагынан алганда, «Аян» финалын жөн гана күтүүсүз бурулуш менен бүтүрбөстөн, буга чейинки окуяларды бир бүтүн мааниге келтире алган тасма деп айтууга болот.  

Кыргызстан, 2026 / цв., 73 мин.
Өндүрүш: Bagyt Production
Сценарий: Ырыскелди Артелбеков
Режиссер: Ырыскелди Артелбеков 
Оператор-постановщик: Эржан Аракеев
Сүрөтчү: Нурсултан Жусупбаев
Монтаж: Ринат Асанкулов
Композитор: Улук Назар
Продюсери: Бек Анарбаев 
Ролдордо: Бегайым Асанакунова, Атай Омурбеков, Кайрыл Бейшенова, Бек Анарбаев, Рысбек Жумабаев, Асылкул Набиева, Акбота Нурахын, Турганбүбү Бообекова, Жолдошбек Жанжигит, Айнура Сыдыкбекова
Премьера: 2026-жыл, 19-февраль

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *