«Вердикт» патриархалдык үй-бүлөгө өкүм чыгарабы же аны актап жатабы?

Автор: Айпери Болотжан

Instagram: aiperi.bolotzhan

Кыргыз киносунда соттук драма өтө сейрек кездешет. Ошондуктан Сооронбек Турдумаматов менен Анвар Осмоналиевдин «Вердикт» тасмасы алгач жанрдык өзгөчөлүгү менен көңүл бурат. Бирок фильмдин негизги өзөгү сот процессинде же кылмыштын бетин ачууда эмес. Режиссёр бир үй-бүлөнүн баяны аркылуу коомдогу тамыры терең сиңген  түшүнүктөр жөнүндө сөз кылат.

Окуянын ырааты Арман (Эржан Осмонов) аттуу бай жана мансаптуу адамдын өлүмүнөн башталат. Шектүү катарында анын жубайы Мира Мусаева (Айнура Качкынбек кызы) жана эки кызы айыпталууда. Тасма акырындык менен детективдик сюжеттен үй-бүлөлүк драмага айланып, көрүүчүнү кылмыштын өзү эмес, ага эмне түрткү болгону көбүрөөк кызыктыра баштайт.

Армандын образы кыргыз коомунда жакшы тааныш бейнени элестетет. Бул ролду аткарган Эржан Осмонов каарманды бир өңчөй зөөкүр катары эмес, өз түшүнүктөрүнүн туткунунда калган адам катары көрсөтүүгө аракет кылат. Ал үй-бүлөнүн сөзү өтүмдүү башчысы, оокат-аш менен камсыздаган шер катары көрсөтүлөт. Анын эки кызы болсо да, эркек балалуу боло албаганы аны дайыма нааразы кылат, өксүтөт. Ал аялын уул төрөбөйсүң, колуңдан эч нерсе келбейт деп жемелейт. Ушул жагдай үй-бүлөдөгү жаңжалдын негизги себептеринин бирине айланат. Натыйжада жубайы дайыма басымдын, ур-токмоктун, эмоционалдык зомбулуктун алдында күн кечирип келет. Ошентип, тасма бир үй-бүлөнүн окуясын гана эмес, жалпы аялдардын коомдогу абалы, дагы деле эркек баланын төрөлүүсү кызга караганда күтүмдүүрөөк, орду барктуураак деген түшүнүктөрдүн жарасын чукуп көрсөтөт. 

Тасмадан көздү ала качтырбай кармап турган күчтүү жагы үй-бүлөдөгү жашыруун көйгөйлөрдүн акырындык менен ачылышы. Сот залында сурак менен иликтөө жүргөн сайын көрүүчү каармандар менен тааныша баштайт. Айрыкча айыпталып жаткан Мира Мусаеванын коркуу сезими кыздарына чейин жугуп, алардын жашоосуна да таасир эткени көрүнөт. Ошондон улам Армандын өлүмү бир күндө болгон окуя эмес, көп жылдан бери бышып келген кризистин соңку чекити катары кабылданат.

Окуяда үч аялдын ролу өзгөчө маанилүү. Эне менен улуу кызы кылмышка аралашса, кенже кызы чындыкты айтууну тандайт. Анын көрсөтмөсү тергөөнүн чечилишине жардам берет. Акырында сот өкүмүн чыгарып, кылмышка жараша укуктук баасын берет. Бирок «Вердикттин» негизги суроосу дал ушул жерден башталат: адамдын кылмышына гана өкүм чыгарууга болобу? Же аны ошол чекке жеткирген көп жылдык кордук менен басымды да таразалоо керекпи? 

Мында тасманын аталышы да символдук мааниге ээ. Өкүмдү сот гана эмес, көрүүчү дагы чыгарышы керек. Анткени бул жерде бир үй-бүлөнүн тагдыры менен катар патриархалдык түшүнүктөр да сынга алынат. Көркөм жактан алганда, «Вердикт» детективди, драманы жана социалдык темаларды айкалыштырган. Режиссер тасманын өзөгү катары колдонгон соттук эпизоддор, айыптоочунун аёосуз сурагы чыңалууну сактап, үй-бүлөнүн тарыхын ачууга жардам берет.

Өзүнчө көңүл бурууга арзый турган образдардын бири —  айыптоочу. Бул ролду Айсанат Эдигеева аткарат. Анын каарманы мыйзамдын өкүлү гана эмес, айыпталуучуларга карата өтө катаал мамиле жасаган фигура катары көрүнөт. Натыйжада тасма кызык парадокско туш болот. Көп жылдык зомбулуктун курмандыгы болгон аял эң күчтүү басымды дагы бир аялдан көрөт. Балким режиссёр мыйзам өкүлүнүн эмоцияга эмес, фактыга таянарын көрсөткүсү келгендир. Бирок экрандагы натыйжа айрым учурларда аялдын трагедиясын түшүнүүгө аракет кылуудан көрө, аны айыптоого көбүрөөк ыктап кеткендей таасир калтырат. 

Ошол эле учурда фильмде айрым мүчүлүштүктөр да көзгө илешет. Мисалы, Армандын образы толук ачылбай калгандай сезилет. Көрүүчү аны негизинен башка каармандардын сөздөрү аркылуу гана тааныйт. Эгер анын ички дүйнөсү кеңирээк көрсөтүлгөндө, окуя дагы таасирдүү болмок беле. Башында кызыл камчы, зомбулуктун символу катарында сыпатталып жатканы көрүүчүнү өз тарабына тартпайт, аны жек көрүүгө, айыптоого түртөт. Көшөгө бир аз ачыла түшкөндө үй-бүлөсүн баккан, кыздары үчүн эч нерсени аябаган атадай элес калтырган кадрлар чыга келет. Аң-сезимде уйгу-туйгу, карама-каршылыктуу сезимдер башталат. Ал чындыгында зөөкүр күйөөбү, кыздарына аталык мээрими, сүйүүсү жок ата болгонбу? Же Арман аялынын курулай дооматынан улам өлүмгө дуушар болуп жатабы? Мындай эки ача мүнөздөмө фильмди кооптуу интерпретацияга жакындатат. Анткени көп жылдык зомбулук жөнүндө баяндаган окуя акырында ошол зомбулукту түшүнүүгө же актоого жол ачып жаткандай кабылданышы мүмкүн. Натыйжада жоопкерчилик кайра эле аялдын мойнуна ооп кеткендей сезилет.

Финалда кенже кызы атасынын бейитине келип: «Биз үчүн жашап, биз үчүн кылган бардык аракетиңизди кеч түшүндүм. Бизди кечириңиз»,-деп айтат. Бирок буга чейин тасмада Армандын кыздары менен болгон жылуу мамилесин, аталык мээримин жетиштүү деңгээлде көрсөтүлбөстөн, көбүнчө үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыздаганы, аны дагы милдет кылып кечке айтып, өтө корс мамиле кылганы гана берилгендиктен, финалдагы мындай бурулуш драматургиялык жактан толук негизделбей калгандай сезилет. Андан да маанилүүсү, тасманын баштапкы көтөргөн темасын, уюткусун бүдөмүктөтүп жиберет. Зомбулуктун кесепеттери жөнүндө сөз кылган тасма акырында зомбулук көрсөткөн фигураны актоого жакындап кеткендей. Муну менен «Вердикт» өзү сындаган патриархалдык түзүлүштү актоо менен кооптуу билдирүү берип жатат десек болот.  

«Вердикт» кылмыш тууралуу фильм гана тасма болуу менен чектелбестен, үй-бүлөдөгү бийлик, атанын күтүүлөрү жана аялдардын абалы тууралуу суроолорду көтөрөт. Ошол эле учурда тасма өзү көтөргөн маселелерге карата бир жактуу жооп бербейт. Тасма көрүүчүнү адилеттик жөнүндө гана эмес, адамдарды трагедияга жеткирген коомдук түшүнүктөр жөнүндө да ойлонууга мажбурлайт. Бирок акыркы суроо ачык бойдон калат: «Вердикт» кимге өкүм чыгарып, кимди актаганга аракет кылып жатат? 


Кыргызстан, 2025 / цв., 89 мин.

Өндүрүш: Akbars Production

Сценарийдин авторлору: Найзабек Сыдыков

Режиссер: Сооронбек Тургунмаматов, Анвар Осмоналиев

Оператор: Караш Жанышов

Сүрөтчү: Эрлан Өмүрбеков

Үн режиссеру: Айдай Разакулова

Монтаж: Азык Абдырахманов

Композитор: Баласагын Мусаев

Продюсерлер: Акбар Кубанычбеков, Алмаз Садыров

Ролдордо: Эржан Осмонов, Айнура Качкынбек кызы, Руслан Орозакунов, Айсанат Эдигеева, Темирлан Сманбеков, Альбина Имашова, Абылай Марат уулу, Бахтияр Шаршенбаев,Аскар Качкынбаев, Элиза Рыскулова, Жаңыл Султангазиева, Айдина Бектурова, Айдана Асанова

Премьера: 2025-жыл, 18-сентябрь 

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *