Текст: Марина Сайфидин
Instagram: @_marinist
Өткөн жылы көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан «Кызыл көйнөк» тасмасынын экинчи бөлүгү «Айтылбаган окуя» деген аталыш менен учурда кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат. Эмне үчүн Кызыл көйнөкчөндүн уламышы эл арасында адилетсиздикке каршы ыңкылаптын метафорасы? Авторлор аны өз тасмасында толук көрсөтө алыштыбы, же «Айтылбаган окуя» кезектеги дагы бир мокочо тасмабы? Ушул жана башка суроолорго СЫНЧЫнын редактору Марина Сайфидин кенен саресеп салмакчы.
Бул тасма биринчисинин түз уландысы эмес, руханий сиквели десек болот. Башкача айтканда окуясы бөлөк, бирок айтайын деген идеясы бир. Ошондуктан көрүүчү биринчисин көрбөсө деле, тасманын экинчи бөлүгүн толугу менен түшүнө алат. Сюжет боюнча, милициянын майору Жылдыз (Арина Исакова) Ысык-Көлдүн алыскы айылындагы табышмактуу өлүмдөрдү иликтөө үчүн атайын иш сапарына жөнөтүлөт. Айыл эли бул өлүмдөрдү түндөсү жолдо көрүнгөн кызыл көйнөкчөн кыздын арбагы менен байланыштырат. Иликтөө Жылдызды 26 жыл мурун зордуктоого учурап, өзүнүн өмүрүн кыйган Толгонайдын (кызыл көйнөк) кайгылуу тагдырына алып келет.

Тасма баарыбызга тааныш уламыштын негизинде тартылган. Бир кезде белгисиз эркектер жолдо бараткан жаш келинди зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн жолдун четине ыргытып салышкан дешет. Ошондон кийин «келиндин арбагы зордуктаган адамдарды издеп жүрөт» деген уламыш тараган. Көрүп, күбө болгонун айтып ишенгендер канча болсо, куру сөз деп четке каккандар да ошончолук. Ушул аңыздарга негизделген Чолпонбек Абыкеевдин «Кызыл көйнөкчөн келин» деген чыгармасы да бар. Анда сюжет башкача болсо да, кеп ошол эле келин жөнүндө айтылат. Ошондон улам бул уламыштардын жаралуусу – аялзатынын адилетсиздикке жана жазасыз качып кеткен кылмышкерлерге каршы өчүнүн метафорасыбы деген ой жаралат.
Тасмада сюжет кылмышка күнөөлүү адамды издөө аркылуу түзүлгөнү менен, бул окуядагы башкы кылмышкер– коомдун кайдыгерлиги. Күнөө бир эле зордукчунун мойнунда эмес, «лам» дебей, көрсө да көрмөксөнгө салган ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. «Коргоочу көп болгон жерде эмес, кылмышкер жок болгон жерде тынчтык болот», – башкы каармандардын бири Мураттын (Руслан Орозакунов) бул айтканы бүтүндөй кинонун идеясын бир сүйлөмгө батырып салат. Авторлор ушул аркылуу кыргыз коомундагы аялдардын оор тагдырына жана андагы коомдун ролуна элдин көңүлүн бурганга аракет кылышкан.

«Кой аксагы менен жүз» дегендей, тасма кемчиликтерден куру эмес. Мокочо (хоррор) фильмдерде окуянын ырааттуулугуна логикалык байланыш өтө чоң таасир этет. Чү дегенде эле мындай суроолор жаралат: кызыл көйнөкчөн эмнеге 26 жыл күттү? Эмнеге дароо өчүн алган жок? Же зөөкүрлөрдүн бактылуу өмүр сүрүп, бала-чакалуу болушун күттүбү? Аны улай эле, айылдагы өлүмдөрдүн себебин ийне-жибине чейин билген Мурат дароо суракка алынбаганы да таң калтырат. Анан калса, акыркы сахнадагы шектүү Мураттын колунда кишени жок, эркин адамдай жүргөнү көздү өйкөйт. Бул деталдар режиссёр менен сценаристтин экрандагы дүйнөнү түзүүдө майда-чүйдө нерселерге кылдат мамиле кылбаганын айгинелейт. Фильмде каармандын ар бир кыймылы негизделген болушу шарт. Менимче, тасма жаратуучулары визуалдык эффекттерге жана көрүүчүнү коркутууга ашыкча алаксып кетип, окуянын мазмундук ырааттуулугун унутуп калышкан. Кинодо кооз кадр же үрөй учурган скример гана эмес, акылга сыярлык суроолорго берилген так жооптор да маанилүү экенин эске алганда, бул боштуктар тасманын жалпы салмагын бир топ төмөндөтүп жиберген.
Сценарийдеги логикалык каталарга толгон тасманы актердук курам менен техникалык топ алдыга сүйрөөгө жакшы эле аракет кылганы көрүнүп турат. Коомчулукка «Чоочун киши» сериалынын Зыйнаты катары таанылган Арина Исакова бул тасмада майор Жылдыздын образын жараткан. Актрисанын карьерасында жаңы амплуа болгон менен, Исакова дагы деле Зыйнаттын образынан чыга электей сезим калтырат. Тиги сериалда болсун, бул тасмада болсун жүзү ошол эле калыпта, жашоого нааразы, каштары бириккен. Балким: «Майордун ролун жаратуудасың, дайыма кабагыңды бүркөп жүр», – деп режиссёр тарабынан берилген тапшырмабы, айтыш кыйын. Анткенде деле бали деп кол чаба турган сахналары да жок эмес. Айрыкча, Кымбат (Гүлмира Ташматова) балдары менен өзүн өрттөгөн сахнада Жылдыздын жүзүндөгү эмоция дене боюңду дүркүрөтөт. Бул көрүнүш Арина Исакованын штамптардан суурулуп чыгып, каармандын ички трагедиясын жан дүйнөсү менен өткөрө алган чоң потенциалы бар экенин, болгону ага тереңирээк режиссёрдук иш жана эркиндик жетишпегенин көрсөтөт.

Ошондой эле Ашырбек Капар уулу жараткан карыган Кантемирдин ролу экрандык убактысы болгону эки эле мүнөттү түзгөнүнө карабастан, мыкты оюну менен көрүүчүнүн эсинде бекем сакталып калат. Коркуудан чачын ак баскан, кызыл көйнөкчөндү көрбөйүн деп эки көзү оюлган, жашоодон түңүлүп, өз өлүмүн күтүп калган каармандын трагедиялуу абалын ушул кыска сахнада жеткиликтүү ачып берген. Актёрдун бул коркунучтуу образын жаратууга гримёрдун да чеберчилиги чоң салым кошкон. Биздин кино дүйнөсү мындай актёрлорго суусап турганда, асмандан издегенин жерден тапкандай эле болуптур.
Тасманын биринчи бөлүгүнө караганда, бул жолу техникалык каражаттардын кескин жакшырганы жана кадрдын визуалдык сапаты дароо эле көзгө урунат. Бул тасманын бир топ ири бюджет менен чоңураак масштабда тартылганынан кабар берет. Техникалык өзгөчөлүктөргө келсек, оператор менен үн режиссёрунун иши тасманын деңгээлин бир топ көтөргөн. Кызыктуусу, кинонун эки бөлүгүн тең оператор Караш Жанышов тарткан. Жанышовдун даректүү жана социалдык драмалардагы бай тажрыйбасы, адамдын ички психологиясын кадр аркылуу реалдуу чагылдыруу интуициясы бул хоррордо өзүнүн жемишин берген. Анын даректүү кинодогу мектеби бул жерде камеранын жандуу, динамикалуу кыймылы аркылуу көрүнөт. Мындай ыкма жасалмалуулуктан алыстатып, көрүүчүнү окуянын так ортосуна алып кирет. Айрыкча каармандын көзү менен тартылган кадрлар чыңалууну күчөтүп, жүрөктүн үшүн алат. А бул оператордун чоң ийгилиги. Муну менен катар, экинчи бөлүктөгү өзгөчө оператордук табылга катары колчырак менен иштөө ыкмасын айтсак болот. Жылдыз жардамчысы экөө кызыл көйнөк мурда жашаган эски, кароосуз калган үйүн изилдөөгө барган сахнада бул табылга сонун ишке жарап берет. Көп жылдан бери жарык көрбөгөн караңгы бөлмөлөрдү колчырактын гана нуру менен тинтүү – визуалдык контрастты күчөткөн.

Тасманын үн драматургиясы жөн гана визуалдык сүрөттөлүштү коштоп турбастан, окуянын ритмин аныктап, көрүүчүнүн психологиясын түздөн-түз башкарып турган көзгө көрүнбөгөн куралга айланат. Мисалы, жогоруда сүрөттөлгөн сахнада эки каарман караңгы үйгө киргенде, көнүмүш фондук музыка же сырттагы ызы-чуу кескин токтоп, жымжырттык өкүм сүрөт. . Бул боштукта каармандардын араң дем алганы жана колчыракты кармаган колдорунун дирилдегени гана угулуп, көрүүчүнү бир жамандык күтүүгө мажбурлайт.. Ошондой эле эски жыгач полдун ар бир кадам сайын онтоп кычыраганы өтө даана жана катуу берилген. Үн драматургиясы кадамдардын ритми аркылуу чыңалууну өлчөйт. Жылдыз менен жардамчысы баскан сайын, көрүүчү да демин ичине катып отурууга мажбур болот. Жардамчы тергөөчү бөлмөдөгү жабык турган шкафты ачканда пайда болгон үн көрүүчүнүн нерв системасына сокку уруп, визуалдык коркунуч чыкканга чейин эле чочутуп салат. Булардын баары хоррор тасмаларында кеңири колдонулган клишелер.

Клише демекчи, «Кызыл көйнөк» да Голливуддун 80-90-жылдардагы эскирген клишелеринен кача алган эмес. Маселен, күзгүдөгү чагылуу. Мокочо тасмаларда күзгү көрсөтүлсө, демек, 99% учурда каармандын аркасынан желмогуз чыгат. Бул ыкманы биз «Астрал» же «Аннабель» сыяктуу тасмалардан жүздөгөн жолу көрүп тажаганбыз. Же болбосо, керектүү учурда от албай койгон унаа. Анан да түптүз жолдо качып баратып сөзсүз чалынып жыгылышы керек болгон каарман. Бул тээ 80-90-жылдардагы Friday the 13th, Scream сыяктуу жеңил-желпи хоррорлордон бери келе жаткан, модадан эбак чыккан штамптар. Эмне үчүн режиссерлор бул штамптарды колдонушат? Жооп жөнөкөй эле. Бул ыкмалар мээни көп иштетпей эле, көрүүчүнүн примитүвдүү рефлекстерин ойготуу үчүн даяр формула болуп саналат. Режиссер Белек Тургунов да ушул коркутуучу компоненттер менен гана чектелип, терең психологиялык изденүүгө батына алган эмес. Жыйынтыгында, үн эффекттери жана оператордук иш канчалык мыкты болбосун, Голливуддун эскирген клишелерин сокур түрдө көчүргөнү жана сценарийдеги боштук жараткан логикалык каталары үчүн «Кызыл көйнөк 2» баягы эле арзан хоррор бойдон калууда.
автордун тасмага берген баасы:
Кыргызстан, 2026 / цв., 77 мин.
Өндүрүш: 50 kvartal studio, On Production
Сценарийдин авторлору: Белек Тургунов, Бектур Усенов, Эрмек Таалайбеков
Режиссер: Белек Тургунов
Оператор: Караш Жанышов
Ролдордо: Айдана Келдибекова, Руслан Орозакунов, Арина Исакова, Белек Тургунов
Премьера: 2026 жыл 30-апрель