«Пианист айым»: эркиндиктин баасы

Музыка дүйнөсүнүн бийик эстетикасы менен адамдын ички кусалыгын, депрессиясын, ашкере көзөмөлдүн курмандыгы болгон каармандын драмасын ачып берген бул тасма сынчыларды кайдыгер калтырган жок. Классикалык обондор менен сезимдердин кагылышуусунан жаралган психологиялык драма тууралуу ой-пикирлерди ортого салабыз. 

SYNCHY тарабынан уюштурулган Гүлзада Станалиеванын киносын боюнча өнөрканасынын эмгектери.

Эки сааттык дискомфорт

Текст: Мээрим Осмон

«Тасманын алгачкы сахнасынан башкы каармандын кандай шартта жашап жатканын көрөбүз: жупуну батир, эски телевизор, креслодо отурган апа. Эрика үйгө кечигип келгенде, апасы аны дароо жемелей баштайт. Ушул учурдан тартып көрүүчү дискомфортту сезет. Көзөмөлчү апага ачууланарыңды да, Эрика менен кошо актангың келерин да билбейсиң.

Кырк жаштагы аял апасы менен мушташып, чачташып кетет. Мектеп окуучусундай болуп, сумкасындагы буюмдарын апасынан жашырууга аракеттенет. Апасы сумкадан жаңы көйнөктү таап алып, нааразы боло баштаганда, алардын мамилеси алда канча татаал экенин түшүнөсүң. Бул жерде эне менен кыздын чыры эмес, эки жубайдын ортосундагы тирешүү сыяктуу көрүнүш пайда болот: апасы көзөмөлчү аялдын, ал эми кызы үй-бүлөнү акча менен камсыз кылган күйөөнүн ролунда. Экөөнүн ортосунда жеке чек аранын таптакыр жоктугу бир төшөктө уктаганынан даана көрүнөт. Изабель Юппердин актёрдук чеберчилиги башынан аягына чейин ушунчалык ишенимдүү жана так болгондуктан экранда жаралган дискомфортко карабастан, тасманы көрүүнү уланткың келет.

Эриканын апасы сырткы чөйрөдө да кызынан бөлүнбөйт: жумушуна, концерттерине кошо барат. Ал убактысын да жалаң кызы менен өткөргүсү келет. Анын ар бир кыймылынан «Эрика мага таандык, ал меники» деген менчиктөө сезими байкалат. Балким, көпчүлүгүбүз байкай бербейбиз, бирок кыргыз үй-бүлөлөрүнүн арасында да үй-бүлөлүк ролдор алмашып кеткен учурлар кездешет. «Пианистка» алардын бирин башка коомдун мисалында баяндайт, бирок кыргыз көрүүчүсүнүн да жүрөгүнүн үшүн алып, ачык айтылбаган көйгөйлөрдү таанууга жардам берет. Тасма бул жараларды айыктыра албашы мүмкүн. Бирок ал экрандагы мамилелерди нормалдуу көрүнүш катары кабыл албоого, алардан жийиркенүүгө жана сценарий менен жашоодон баш тартууга түрткү берет.»

Эки адамга бир түрмө

Текст: Карымшак Жыргалбеков

«Эриканын апасы өзүнүн ишке ашпай калган кыялын кызы аркылуу жашоого аракет кылат. Сыягы, ал өзү музыкант катары да, инсан катары да калыптана алган эмес. Бул ийгиликсиздигин кабыл алып, өткөнгө коё берүүнүн ордуна, кызын өзүнүн «долбооруна» айлантат: кызы өзү жетпей калган бийиктикке жетиши керек, бирок ар бир кадамы апасынын көзөмөлүндө болуп, анын эркинен эч качан чыкпашы зарыл. Бул классикалык көрүнүш: өзү ээ боло албаган кесибин баласына жүктөп, ал эми жыйынтык алып келиш үчүн толук көзөмөлдөө.

Тасмада көпчүлүккө тааныш болгон психологиялык механизм иштейт. Бүгүнкү күндө жаш муун ата-энеси же чоң ата, чоң энелери көрбөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ. Билимдин кол жетимдүүлүгү, маалыматтын көптүгү, технологиялар же турмуш-шарттары болобу, көбүнчө: «биздин убакта ушундай болсо кана», же «биз муну көргөн эмеспиз» деген дооматтар айтылат. Ар бир муун «адилеттүүлүк» үчүн мурунку муунга окшоп жашаса, баарыбыз үңкүрдө от жагып жашап калмакпыз. Бирок муну кабыл алуунун ордуна, башка талап жаралат: «Мага оор болгон, демек сага да ошондой оор болушу керек, болбосо менин тарткан азабымдын мааниси жоголот». Натыйжада ички карама-каршылык пайда болот: кызы апасынын жеңилүүсү үчүн өч алуусу да, ошол эле учурда анын күзгүдөгү көчүрмөсү сыяктуу да болушу талап кылынат. Бирок мындай талапты аткаруу мүмкүн эмес. Анткени чыныгы жетишкендик үчүн адамдын өз алдынчалуулугу, ички эрки зарыл.»

Бөтөн сценарий

Текст: Айгерим Марат

«Ханеке Эриканын ички эки ача абалын өзгөчө бир катар көрүнүштөр аркылуу так ачып берет. Алгач Эрика улгайган кесиптештери менен классикалык музыканы олуттуу маанайда репетициялайт. Андан соң секс-дүкөндүн атайын кабинасына кирип, башка адамдар калтырган жыттарды жыттайт. Көп өтпөй эле окуучуларына катуу талап коюп, сабак өтүп жатканын көрөбүз. Бул көрүнүштөр бири-бирине таптакыр тиешеси жок дүйнөлөрдө болуп жаткандай сезилет. Бирок режиссёр аларды атайылап катар жайгаштырат. Жогорку маданият менен жашыруун каалоолор бири-бирине карама-каршы эмес, бир эле адамдын эки тарабы болуп чыгат. Көп жылдар бою басылып келген каалоо жок болуп кетпейт. Ал адамга өзүнүн денеси бар экенин кандайдыр бир жол менен эскерте турган мүмкүнчүлүктү издейт.

Тасманын финалы жымжырттык менен коштолот. Эрика бычакты ийнине сайып, концерттик залдан чыгып, күзгү көчөнү көздөй басат. Өзүнө таңууланган эрежелердин чегинен чыгууга жасаган жалгыз аракетинен кийин ал баарына биротоло моюн сунгандай көрүнөт.

Дал ушул жерде тасма көрүүчүнү эң оор суроо менен жалгыз калтырат: эгер аялдын эң купуя каалоолору да аны басмырлаган маданияттын таасири астында калыптанса, анда көтөрүлүш жасоого мүмкүнбү? Же гениалдуу пианистка үчүн эчак эле өзүнө таандык эч нерсе калбай, анын ордун башкалардын сценарийлери, фантазиялары жана ноталары ээлеп калганбы?»

Чийин

Текст: Айзат Кудайберди

«Мазохисттик, садисттик табиттин тамырын психологдор, философтор ар түрдүү пикирде чечмелешет. Ушул максатта Эриканы түшүнүү үчүн Альбер Камюнун Маркиз де Сад жөнүндөгү интерпретациясын («Бунтующий человек») салыштыра айта кетүү орундуу. Жок, Эрика М.Д.Саддын аял варианты эмес, сырткы формада окшоштук болгону менен, ички логика эки башка. Камю сүрөттөгөн Маркиз Де Сад эркиндикти башкаларды баш ийдирүү аркылуу издейт. Эрика болсо өзүн кыйноо жана басынтуу аркылуу каалоону сезет. Ал бийликти эмес, баш ийүүнү кыялданат. Бирок бул да чыныгы эркиндик эмес, анткени ал сценарийди өзү жазып, өзү көзөмөлдөгүсү келет.

Ошонлуктан Вальтер аны чындап зордуктаганда, анын фантазиясы талкаланып кетет. Кыялында ал окуянын режиссёру болсо, чыныгы жашоодо көзөмөл толугу менен жоголот. Камю Садды «абсолюттук эркиндик акырында абсолюттук зомбулукка айланат» деген ойдун символу катары көрсөтөт. Эрикада болсо тескерисинче көрүнүш бар. Абсолюттук тыюу акырында патологиялык каалоого айланат. Натыйжада бала кезинен бардык тандоо, каалоосунун үнү ата-энеси тарабынан басылып калгандыктан, жыныстык каалоо да бузулган формада чыккан. А бирок Эрика үчүн анын адаттан тыш жашыруун сексуалдык жашоосу өз алдынча өз мейкиндигин түзүүгө болгон жападан жалгыз мүмкүнчүлүк.

Тасманын башында Эрика Клеммерге Шумандын «Фантазия до мажор» чыгармасы жөнүндө айтып берет: «Акыл аны таштап кете элек болчу. Бирок акылдан азуунун чеги мына-мына жакындап келатканын сезип турду. Бардык адамдар аны таштап кетерде ал өзүнүн МЕНин жоготуп алганын түшүнөт.» Акыр аягында биз бул сөздөр менен башкы каарман өзү жөнүндө сүйлөп, өзүнө мүнөздөмө берип, чыгарманын кайгылуу финалы тууралуу айтып жатканын аңдайбыз.»

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *