«Сүйүү маанайына» сегиз ой

SYNCHY тарабынан уюштурулган Гүлзада Станалиеванын киносын боюнча өнөрканасынын эмгектери.

Дээрлик 25 жылдан ашуун убакыттан бери көпчүлүк кино сүйүүчүлөрдүн тизмесинен туруктуу орун алып калган кооз тасма – бул албетте Воң Кар-Вайдын  «Сүйүү маанайы» тасмасы. Жаш кино сынчылар бул тасманы ар башка өңүттөн талдоого алышты. Алдыда сиз окуй турган ойлор жакшы тасманын жыл өткөн сайын ажары ачылып, мааниси кеңейе берерине жооп болсун. 

Рецензиялар SYNCHY тарабынан уюштурулган Гүлзада Станалиеванын киносын боюнча өнөрканасында үй тапшырма катары жазылган.

Романтикалык трагедия

«1962-жылдагы Гонконгдун 3,3 миллион калкы 1068 км2 аянтта жашаган. Бул аймакта элдин бири-бирине каалайбы-каалабайбы жакын жашоосу тилекке каршы мыйзамченемдүүлүк болчу. Традегия сөзсүз бирөөнүн өлгөнү же башка катастрофалык абал эмес, ал алсыздык – эч нерсе кыла албагандык.  Бул тасма көп жерде романтикалык тасмалардын эталону катары көрсөтүлөт. Тасма трагедияны жөнөкөй, кадимки, ар-бирибиздин башыбызга келе турган учурлар аркылуу баяндаган мыкты эмгек. Тар, тыгын чөйрөдө, жашоо шартты бириктирген адамдар арасындагы сезимдер романтика боло албайт. А жаратуучулардын ушундай кооз, уккулуктуу куралдар менен баарыбызды романтикага ишендиримиш болуп, абалдын трагедиясын жука вуаль катары колдонгону –  консервативдүү коомду сындаган masterpiecе».

Тексттин автору: Адамата Алишер

«Эки дүйнөнүн ортосунда жана эч биринде эмес»

«Каармандардын психологиялык шал абалы 1960-жылдардагы Гонконгдун геосаясий абалына түздөн-түз проекцияланат. Су менен Чоу формалдуу түрдө бактысыз никелеринде жашоону улантып, бирок ойноштук кылууга кайраты жетпегендей эле, ошол мезгилдеги Гонконг да эки дүйнөнүн ортосунда кысылып, алардын эч бирине толук таандык боло албай турган абалда калат. Ал – транзиттик, чек аралык мейкиндик: арал материктик Кытайдан бөлүнүп калган, бирок ошол эле учурда Британиянын метрополиясынын органикалык бөлүгүнө да айланган эмес. 

«Каармандар эмоционалдык лимбодо, башкача айтканда, белгисиз, убактылуу абалда жашаган сыяктуу, шаар да тарыхый бурулушту алдын ала сезип, өзүнүн терең иденттүүлүк кризисин башынан кечирет. Воң Кар-Вай каармандардын мурунку байланышын үзө албаган жөндөмсүздүгүн өз алдынча чечим кабыл алуу укугунан ажыраган Гонконгдун саясий эркиндигинин чектелиши менен үндөштүрөт.»

Тексттин автору: Санжар Досаалы

Азия маданиятындагы ашыктык

«Бул тасма батыштын сүйүү кинолорунан кескин айырмаланат. Батышта сезимдерди ачык драма менен ортого салышса, бул жерде баары ичке катылган, тынч абалда берилет. Бул азиялык маданияттын өзгөчөлүгү, баары бир гана көз караштан, үнсүз түшүнүктүү болот. Бирок эч качан сөзгө айланбайт…»

Тексттин автору: Айгерим Марат

Визуалдык поэзия

«Кадрдагы колдор диалогдорго караганда алда канча көп маалымат берет. Чыгыш маданиятына мүнөздүү сабырдуулук, стоицизм жана сезимдерди сыртка чыгарбоо актёрдук оюндун жөнөкөйлүгүндө катылып турса, тескерисинче, бири-биринен тартынганы, бирок бири-бирин эңсегени колдордун кыймылы аркылуу каармандардын ички бороонун ачып берет. Ушул карама-каршылыктын фонунда биз үчүн араң тийишкен же тийишпей калган колдордун сүрөттөлүшү ичибизде алар жашап жаткан бороонду жаратат».

«Тасманын соңунда Чоунун Ангкор-Ват храмындагы байыркы таштын көңдөйүнө өз сырын шыбырап, аны мамык менен бекитип кеткен сахнасы орундалбай калган назик сүйүүгө, артка кайтпас өткөн чакка коюлган визуалдык эстелик сыяктуу таасир калтырат. Тасма бизге сүйүүнүн эң башкы баалуулугу бактылуу финалда эмес, анын жаралуу процессиндеги ошол кайталангыс, кармалгыс «маанайында» экенин далилдейт. Ал ар бирибизге Су менен Чоудун образы аркылуу качандыр бир кезде жетпей калган сүйүүбүздү эске салып, көмүскөдө калган ошол улуу сезимдерди жүрөгүбүздө кайрадан жашатууга аракет кылат».

Тексттин автору: Айдай Дүйшөнкул кызы

Түстөрдүн символдук эволюциясы

«Алгач кызыл түс Чау мырзанын аялынын көйнөгүнө, андан кийин таксиге, Чан айымдын көйнөгүнө, мейманкананын пардаларына,Чау мырзанын үйүндөгү жууркандын өңүнө, кайра айымдын плащына өтүп олтурат. Бирок эске түшүрө кетчү жагдай: кызыл түс ар дайым эле сүйүүнү билдирбейт. Кээде коркунуч, а кээде азгырык. Көңүлдөш аялдын көйнөгү, жууркандын өңү бизге сүйүү эмес, көбүнчө азгырык менен ассоцияция болот. Чан айымдын көйнөгүндөгү денесин толук жапкан, денесин, эркин толук бийлеп алган кызыл түс – сүйүү. Тилекке каршы бул сүйүү кемесинен алгач болуп Чау мырза чыгып кетти. Кудум кызыл таксиден чыгып кеткендей. Ошентсе да кемеге түшкөндүн жаны бир. Бир канча убакыт өтсө да алар бул сүйүүнү жүрөгүндө өмүр бою Кудайдан башка эч кимге айта албаган улуу сыр кылып сактап өтүшөт.»

Текст автору: Айзат Кудайберди кызы

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *