Интервью: Айзат Кудайберди кызы
Кыргыз киносунда аялдын образы экранда кантип жаралат? Бул суроо акыркы убакта режиссёрлордун чыгармачылык позициясы менен катар гендердик тең салмак маселесин да күн тартибине чыгарды. Бир нече маңыздуу тасмалардын режиссёру Наргиза Маматкулова менен анын чыгармачылык жолу, аялдын кинодогу образы, орду жөнүндө кеп курдук.

– 2006-жылдан бери кино тармагында иштеп келесиз. Кесип тандоо процессин өзүңүздүн тажрыйбаңыздын негизинде кандай түшүндүрөр элеңиз?
– Адамдын кийин кандай кесипти тандап, дүйнөгө кандай көз караш менен карашы балалык менен байланыштуу. Тандоо ачык-айкын көрүнбөсө да, бала кезде эмнени сиңирсең, кандай чөйрөдө жашасаң, ошол дүйнөнү кабыл алууңа таасир берет. Ошондуктан «сен кесипти эмес, кесип сени тандайт» деген сөзгө кошулам. Университетке тапшырарда да, окууну аяктаганда да кесибиңди толук түшүнбөйсүң. Ал учурда сенде «баланча университетте, баланча факультетте окудум» деген кыска мүнөздөмө болушу мүмкүн. Бирок чындыгында кесип тандоо бир эле мезгилде кабыл алынган чечим эмес. Окууну аяктагандан кийин да узак убакытка созула турган татаал процесс, узун жол. Жөнөкөйлөштүрүп айта турган болсок, мен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүн бүтүрдүм. 2007-жылы Кыргызстанда биринчи жолу «Ой Арт» студиясы менен КТМУ биргелешип ачкан жаш режиссёрлордун кино мектебинен тогуз айлык курста окудум. Негиздөөчүсү Актан Арым Кубат болсо, окутуучуларыбыз Артыкпай Сүйүндүков, Талип Ибраимов, Альгимантас Видугирис болду. Ушул үч мугалимден билим алдык. Андан соң Түштүк Кореядан магистрлик даражаны окуп келдим. 2006-жылдан баштап кино чөйрөсүндөмүн.
– Сиз өзүңүздү режиссёр, актриса жана окутуучу катары сынап көрдүңүз. Бул үч ролдун сиз үчүн айырмасы эмнеде?
– Үчөөнү тең кино бириктирет. Үч кесип тең көп энергияны, үч башка жоопкерчиликти талап кылат. Режиссёрлук өмүр бою үйрөнө турган кесип деп эсептейм. Камераны кандай коюш керек деген суроо менен гана чектелбей, эң ириде турмушту үйрөнүшүң керек. Режиссёр үчүн башкысы адамды, турмушту түшүнүү маанилүү. Актриса катары бир гана киного тартылдым. Актрисамын деп өзүмдү эсептеш үчүн дайыма киного тартылып турсам, анан актрисамын деп айтсам болот. Камеранын алдында турган менен, камеранын артында турган эки башка нерсе. Актриса катары өзүңдүн каарманыңды түшүнүү, анын тагдырын, иш-аракетин, чечимин кабыл алуу маанилүү. Анан албетте авторго, режиссёрго баш ийишиң керек. Студент кезимде кайсы бир окутуучуларды оңой эле сындап койчумун. Кийин окутуучулукка аралашканда бул көп тармактуу, татаал кесип экенин аңдадым. Эч нерсени билбей келген студентке «азыр мээсине билимимди куюп, чилистен кылып жиберем» деген ойдон алыс болушуң керек экен. Ар бир студенттин тамырын кармап, анын кулк мүнөзүн, жүрүш-турушун, маалыматты кабыл алуу темпин, психологиясын анализдеп, ошого жараша керектүү маалыматты кайсы бир ыкмада бере билүү зарыл.
– Сизди көпчүлүк «Кара Кызыл Сары» тасмасынан кийин актриса катары тааныды. Бул тасманын ичинде «жашаган» адам катары тасманы көргөн адамдын биринчи кезекте эмнени сезишин же түшүнүшүн каалайсыз?
– Актриса катары өз оюмду айтып, көрүүчүнү бир алкакка салгым келбейт. Балким, бирөөгө жалгыздык жөнүндө, балким, экинчисине сүйүү, а үчүнчү көрүүчү сюжеттин ичинен такыр башка ойду көрөр. Анткени ар бир көрүүчүнүн өзүнүн дүйнөсү, өзүнүн кабылдоосу бар. Ар бир көрүүчү кинодон өз дүйнө таанымына, жеке тажрыйбасына жараша ар башка маанини көрө алат. Менин оюмча, тасманы бир гана мааниге камап коюу туура эмес. Көрүүчү тасмадан өзү үчүн эмнени тапса, көрсө – ошол маанилүү.
– Учурда аялдардын образы кинодо кандай чагылдырылып жатат деп ойлойсуз?
– Кино тарыхы жаралганына жүз жылдан ашып калды. Дүйнөлүк кинодо «male gaze» деген түшүнүк бар. Бул тармакта башынан эле 90% эркек режиссёрлор болгондуктан, аялды биз экранда эркектердин көз карашы менен көрүп келгенбиз. Бирок аялдын образы режиссёрдун, автордун турмуштук тажрыйбасына, дүйнөнү кандай кабыл аларына, аялзатын кандай көрөрүнө байланыштуу. Мисалы, кыргыз киносундагы эркек кесиптештер менен маектешкенде бул темада көз караштардын айырмачылыгы бар экенин байкайм. Айырмачылыкты жакшы же жаман деп бир жактуу бөлүүгө да болбойт. Болгону айырма бар, ошону кабыл алыш керек. Албетте ар бир автор өзү каалаган каарманды каалагандай тартыш керек. Ошентсе да аялдын образын чагылдырып жатканда аял автор болобу, аял режиссёрбу, же жок дегенде аял кошунаңдын, таанышыңдын да оюн, көз карашын угуп коюу көптүк кылбайт. Себеби аялдын үнү аялдын өзүнүн тажрыйбасы жана көз карашы аркылуу да угулушу керек. Эмнеге эркектерди эмес, азыр көбүнчө аялдарды чагылдырып жатасыңар деген суроого «эркекти чагылдыруу кызыксыз» деп жооп берген кесиптешим болду. Буга чейин дүйнөлүк кинодо да эркектер көп чагылдырылгандыктан, балким азыр гана аялга убакыт келди. Учурда дүйнө жүзүндөгү байма-бай көтөрүлгөн гендердик суроолордун толкуну менен кинодо камеранын сыртында, экранда гендердик баланска умтулуу пайда болду. Кыргыз киносунда да аялдын образы салыштырмалуу көп чагылдырылып жатат. Азырынча «male gaze» көбүрөөк. Бул да бир этаптын башталышы. Балким, бара-бара алдыда дагы жакшы жакка өзгөрөт.
– Искусствону бир стандартка, критерийге салып баалоо мүмкүн эмес. Бирок ошентсе да, сиз үчүн жакшы кино кандай болушу керек?
– Жакшы кино, жаман кино деп бөлүүнү каалабайм. Студенттериме да такай ушуну айтам. «Кино мага жакты же жакпады» деген сөздүн ичинде аргументтүү ой болуш керек. Турмушта да 100% жакшы адам, жаман адам болбогондой эле, кинодо да толугу менен жакшы же начар фильм болбойт. Кайсы бир учурда биз өзүбүздү башкача алып жүрөбүз, башкача реакция кылабыз. Каршыбыздагы адам ичинен ошол кездеги учурга гана жараша бизди жакшы же жаман деп соттойт. Кинодо да көрүүчү бир мезгилде ал кинону кабыл ала алган жок, түшүнгөн жок же жактырган жок. Балким, 10 жылдан кийин кайра көрүп, темасын өзүнө жакын кабыл алып, кайсы бир эпизодун өзүнө жакын кабыл алып, жактырып калышы мүмкүн. Кино биринчи иретте чынчыл болушу керек. Чынчыл болуу сөзсүз түрдө тасма реалисттик стилге же документалдык жанрда жакын болушу керек дегендик эмес. Автордун чынчылдыгы козгоп жаткан темасын толугу менен сезе алганына, каармандарына, көтөрүп жаткан көйгөйгө болгон мамилесине, тартуу максатына байланыштуу. Адатта, чынчылдык экрандан сезилет. Кай бир учурларда бир фильмди көрөсүң, фильм бүтөт, болду, унутасың. А кээ бир фильмдер өзүнүн аурасынан жумалап, айлап чыгарбайт. Кайра-кайра ошол киного, ошол ойго кайтып келе бересиң. Жакшы кино көрүп бүткөн убакытта эле бүтүп калбайт, ал сенин ичиңде көпкө чейин улана берет.
