
Кыргызстанда өткөн жылдын мыкты тасмаларын жана ата мекендик кинематографисттердин жетишкендиктерин белгилөөгө багытталган жаңы «СЫНЧЫ» («Сынчылардын тандоосу») кино сыйлыгы негизделди. Сыйлыктын демилгечиси – 2026-жылдын май айында КР Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке кирген «СЫНЧЫ» медиаплатформасы. Тасмаларды баалоого платформанын жаш авторлору катышат. Сыйлык тапшыруу аземи 2026-жылдын ноябрь айынын аягында өтөт.
Киносынчылардын сыйлыгынын пайда болушу кыргыз кинематографиясы үчүн маанилүү окуя. Фестивалдык сыйлыктар, көрүүчүлөрдүн колдоосу жана тасмалардын коммерциялык ийгилиги менен катар киносынчылардын өз алдынча баасы да барган сайын мааниге ээ болууда. «СЫНЧЫ» сыйлыгы сынчылардын үнүн угузуп, улуттук кинонун жетишкендиктерин талкуулоо үчүн жыл сайын өтүүчү аянтчага айланууну көздөйт.
Бир нече айдын ичинде «СЫНЧЫ» кыргыз киносуна кызыккан жаш авторлорду бириктире алды. Алар рецензияларды жазып, маектерди алып, киносынчылык боюнча өнөрканаларга катышып, редакторлор менен биргеликте тексттердин үстүндө иштеп келишет. Эми аларды жаңы милдет күтүп турат – өткөн жылы жарык көргөн тасмаларды баалап, кинематографисттердин эмгектерин салыштырып, өз тандоосун негиздөө.
Сыйлыктын негизделиши жаңы муундагы кыргыз киносынчылардын калыптандыруудагы кийинки кадам болуп саналат. «СЫНЧЫ» ишке кирген күндөн тартып жаш авторлор үйрөнүп, жазып, кинону талкуулап, өзүнүн сынчыл көз карашын өнүктүрө ала турган кесиптик чөйрөнү түзүү багытында иш алып барууда. Сыйлык бул ишти улантып, авторлорго улуттук кинематографияны баалоого жана анын жетишкендиктерин коомдук талкууга алып чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Уюштуруучулар келечекте «СЫНЧЫ» сыйлыгы кино жылынын жыйынтыгын кесиптик деңгээлде талкуулоо үчүн жыл сайын өтүүчү аянтчага айланып, киносынчылык маданиятынын өнүгүшүнө жана анын улуттук кинематографиядагы ролунун бекемделишине өбөлгө түзөт деп үмүттөнүшөт.
Сыйлык 12 номинация боюнча тапшырылат. Мыкты тасма, режиссура, сценарий жана актёрдук иштер үчүн берилүүчү сыйлыктардан тышкары, мыкты жанрдык тасма дагы өзүнчө белгиленет. Бул номинация комедия, триллер, коркунучтуу тасмалар жана башка популярдуу жанрларда эмгектенген кинематографисттердин жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет.
«СЫНЧЫ» кино сыйлыгынын номинациялары:
- Лучший фильм – «Мыкты тасма»
- Лучший жанровый фильм – «Мыкты жанрдык тасма»
- Лучший режиссёр – «Мыкты режиссёр»
- Лучший сценарий – «Мыкты сценарий»
- Лучший оператор – «Мыкты оператор»
- Лучший монтаж – «Мыкты монтаж»
- Лучший художник – «Мыкты сүрөтчү»
- Лучшая женская роль – «Мыкты аялдын ролу»
- Лучшая мужская роль – «Мыкты эркектин ролу»
- Лучший композитор – «Мыкты композитор»
- Лучший звук – «Мыкты үн»
- Лучший дебют – «Мыкты дебют»
Биринчи «СЫНЧЫ» кино сыйлыгына 2025-жылдын 1-октябрынан 2026-жылдын 1-октябрына чейин прокатка чыккан кыргыз кинематографисттеринин толук метраждуу тасмалары катышат. Номинанттардын ысымдары жана сыйлык тапшыруу аземине байланыштуу толук маалымат кийинчерээк жарыяланат.
«СЫНЧЫ» платформасы жөнүндө
«СЫНЧЫ» – кыргыз киносу тууралуу медиаплатформа. Ал 2026-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке кирген. Сайтта рецензиялар, маектер, улуттук кинематографиянын тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу макалалар жарыяланып турат. Редакциялык ишмердүүлүктөн тышкары, команда жаңыдан баштаган киносынчылар үчүн өнөрканалар жана билим берүү иш-чараларын да өткөрөт.
В Кыргызстане появилась новая кинопремия «СЫНЧЫ» («Выбор критиков»), которая отметит лучшие фильмы и достижения отечественных кинематографистов за прошедший год. Инициатор премии – медиаплатформа «СЫНЧЫ», запущенная в мае 2026 года при поддержке Департамента кинематографии КР. В оценке фильмов примут участие молодые авторы платформы. Церемония награждения состоится в конце ноября 2026 года.
Появление премии кинокритиков – важное событие для кыргызского кинематографа. Наряду с фестивальными наградами, зрительским признанием и коммерческим успехом фильмов всё большее значение приобретает самостоятельная оценка кинокритиков. Премия «СЫНЧЫ» призвана сделать этот голос заметнее и стать ежегодной площадкой для обсуждения достижений национального кино.
За несколько месяцев работы «СЫНЧЫ» объединил молодых авторов, интересующихся кыргызским кино. Они пишут рецензии, берут интервью, участвуют в мастерских по кинокритике и работают над текстами вместе с редакторами. Теперь им предстоит новая задача – оценить фильмы, вышедшие за прошедший год, сравнить работы кинематографистов и обосновать свой выбор.
Учреждение премии стало следующим шагом в формировании нового поколения кыргызских кинокритиков. С момента запуска «СЫНЧЫ» последовательно работает над созданием профессиональной среды, в которой молодые авторы могут учиться, писать, обсуждать кино и развивать собственный критический взгляд. Премия продолжает эту работу, предоставляя авторам возможность участвовать в оценке национального кинематографа и публичном обсуждении его достижений.
Организаторы надеются, что со временем «СЫНЧЫ» станет ежегодной площадкой для профессионального обсуждения итогов киногода, а сама премия будет способствовать развитию культуры кинокритики и укреплению её роли в национальном кинематографе.
В премии предусмотрены 12 номинаций. Помимо наград за лучший фильм, режиссуру, сценарий и актёрские работы, отдельно будет отмечен лучший жанровый фильм. Эта номинация позволит обратить особое внимание на достижения кинематографистов, работающих в комедии, триллере, фильмах ужасов и других популярных жанрах.
Номинации кинопремии «СЫНЧЫ»:
- Лучший фильм – «Мыкты тасма»
- Лучший жанровый фильм – «Мыкты жанрдык тасма»
- Лучший режиссёр – «Мыкты режиссёр»
- Лучший сценарий – «Мыкты сценарий»
- Лучший оператор – «Мыкты оператор»
- Лучший монтаж – «Мыкты монтаж»
- Лучший художник – «Мыкты сүрөтчү»
- Лучшая женская роль – «Мыкты аялдын ролу»
- Лучшая мужская роль – «Мыкты эркектин ролу»
- Лучший композитор – «Мыкты композитор»
- Лучший звук – «Мыкты үн»
- Лучший дебют – «Мыкты дебют»
В первой кинопремии «СЫНЧЫ» участвуют полнометражные фильмы кыргызских кинематографистов, вышедшие в прокат с 1 октября 2025 года по 1 октября 2026 года. Имена номинантов и подробности церемонии будут объявлены дополнительно.
О платформе «СЫНЧЫ»
«СЫНЧЫ» – медиаплатформа о кыргызском кино, запущенная в мае 2026 года при поддержке Департамента кинематографии при Министерстве культуры, информации и молодежной политики Кыргызской Республики. На сайте публикуются рецензии, интервью, статьи об истории и современном состоянии национального кинематографа. Помимо редакционной работы, команда проводит мастерские и образовательные мероприятия для начинающих кинокритиков.