Алина Байтокованын «Саптан сапка» долбоору IDFA Forum 2026га тандалды. Андан сырткары Кыргызстандан IDFAнын дагы бир маанилүү IDFAcademy программасында режиссёр Назгүл Өмүржанова жана продюсер Сүйүм Сулайманова катышат. Ушундай шылтоо менен дүйнөдөгү даректүү тасмалардын эң ири кинофестивалы болуп эсептелген IDFA’га мурда-кийин катышкан кыргыздар тууралуу айтып беребиз.

IDFA деген эмне?
1988-жылы негизделген International Documentary Film Festival Amsterdam бүгүн даректүү тасмалардын дүйнөдөгү эң ири кинофестивалы болуп эсептелет. Жыл сайын Амстердамда өтүүчү фестивалда 300 миңдей фестивалдык визит катталып, 3 миңдей кино адиси катышат. IDFA тасма көрсөтүүчү фестиваль болуу менен гана чектелбестен, кино долбоорлор, жаш режиссёрлор жана продюсерлер үчүн IDFA Forum, IDFAcademy сындуу ар кандай мартабалуу программаларды да өзүнө камтыйт. Ошону менен катар фестиваль күндөрү Docs for Sale аталышындагы киномаркетте даректүү кино долбоорлордун соода-сатыгы ишке ашып, жаңы медиага арналган DocLab лабораториясы да жүзөгө ашат. Быйыл IDFA 12–22-ноябрда өтөт.

Кыргызстандын IDFA Forum’дагы алгачкы долбоору.
Быйыл Алина Байтокованын «Саптан сапка» (Stitch by Stitch) долбоору IDFA Forum 2026га дүйнө жүзү боюнча 859 арыздан тандалган 47 долбоордун катарына кирди. Алина долбоорду продюсери Адилет Каржоев менен бирге Амстердамда эл аралык фонддорго, продюсерлерге, телеканалдарга жана дистрибьюторлорго тааныштырат. Продюсер Адилет Каржоевдин айтымында, Алина Кыргызстан тарыхында IDFA Forum’да долбоорун жактаган алгачкы режиссёр болуп калмакчы.

«Саптан сапка» Бишкектеги тигүү цехинде жашап, иштеген жалгыз бой эне Элмира жана көп жыл чоң энесинин колунда өскөн 13 жаштагы кызы Нурсулуу тууралуу даректүү тасма. Тасмада эне менен кыздын мамилеси акырындык менен, «саптан сапка» кайра курулат. Долбоор буга чейин East Doc Forumга тандалып, Sheffield DocFest Networking Award сыйлыгын алган.

IDFAcademy программасында дагы эки катышуучу
IDFAcademy дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн биринчи же экинчи тасмасынын үстүндө иштеп жаткан 100гө жакын режиссёр жана продюсерди чогултат. Төрт күндүк программада катышуучулар эл аралык киноиндустриянын адистери менен жолугуп, фильм өндүрүү, каржылоо, фестивалдык стратегия жана дистрибуция боюнча иштешет.
Быйыл IDFAcademy’ге Кыргызстандан Назгүл Өмүржанова жана Сүйүм Сулайманова да тандалды.
Назгүл Өмүржанова – документалист жана монтаж режиссёру, Bishkek Documentary Lab’дын биринчи агымынын катышуучусу. IDFAcademy’де «Суубашы» долбоору менен катышмакчы.

Сүйүм Сулайманова – режиссёр жана продюсер, Кыргызстандагы жана эл аралык копродукцияларда иштеген тажрыйбалуу кинематографист. Учурда бир нече тасмалары менен катар иштеп жаткан «Аңчы кыз» долбоорун IDFAcademy’де тартуулайт.

Кыргыз киносу IDFAда буга чейин да көрсөтүлгөн
2011-жылы Артыкпай Сүйүндүков жана Молдосейит Мамбетакунов биргеликте тарткан «Көч» (Nomadic) даректүү тасмасы IDFAнын программасына кирип, Нидерланддагы премьерасын өткөргөн. Тасма бийик тоолуу аймакта топоз баккан көчмөндөрдүн жашоосун жана кар көчкү коркунучунан улам жер которуусун баяндайт.
Үч жылдан кийин, 2014-жылы Чыңгыз Нарыновдун «Темир нан» (Metal Bread) тасмасы IDFAда дүйнөлүк премьерасын өткөргөн. Майлуу-Сууда тартылган фильм мурдагы лампа заводунда иштеген Татьяна Прокопенконун күнүмдүк жашоосу аркылуу постсоветтик өнөр жай шаарынын өзгөрүшүн көрсөтөт.
Ал эми 2023-жылы Жаңыл Жусупжандын «Atirkül in the Land of Real Men» тасмасы IDFAнын Luminous программасында эл аралык премьерасын өткөргөн. Тасма көк бөрү дүйнөсүндө өз ордун тапкан Атыркүл аттуу ишкер аял тууралуу. Ал ат сатып, жаш оюнчуларга кеңеш берип, аларды каржылап жана колдоп турат. Эркектер үстөмдүк кылган чөйрөдөгү Атыркүлдүн жашоосун чагылдырган тасманын бул жетишкендиги толук метраждуу кыргыз документалистикасында маанилүү кадам болгон.

Кыргызстандык кинематографисттер IDFAнын билим берүү программаларына да мурда катышкан. Продюсер жана режиссёр Адилет Каржоев – IDFA Academy бүтүрүүчүсү, Эльнура Осмоналиева IDFAнын Summer School программасында «Pasture in the Skies» долбоорун өнүктүргөн, ал эми Айзада Амангелди 2024-жылы, Тынымгүл Эшиева 2025-жылы IDFAcademy’ге катышкан.
2025-жылы режиссёр Ильгиз-Шернияз Турсунбек уулунун «Жайлоого карай узак жол» даректүү тасмасы IDFAнын Best of Fests программасына тандалган. Ага чейин фильм Оберхаузен эл аралык кыска метраждуу кинофестивалында Гран-при жана Түндүк Рейн-Вестфалиянын Маданият жана илим министрлигинин сыйлыгын жеңип алган. IDFA тасманы ошол жылдын эл аралык фестивалдарда өзгөчөлөнгөн эмгектеринин бири катары программасына киргизген.

BishDocLab’дан IDFA’га
Бул ийгиликтердин артында акыркы жылдары Кыргызстанда пайда болуп жаткан даректүү кино инфраструктурасы да бар. Bishkek Documentary Lab’дын биринчи агымында Алина Байтокова, Назгүл Өмүржанова жана Тынымгүл Эшиева сыяктуу авторлор өз толук метраждуу долбоорлорун өнүктүрүшкөн. Лаборатория эл аралык менторлор менен иштөө, питчинг, продюсерлик, каржылоо жана долбоорду дүйнөлүк рынокко даярдоого басым жасайт.

Балким, азырынча муну толук кандуу “жаңы толкун” деп атоого эрте. Бирок бир нече кыргызстандык автордун бир учурда дүйнөлүк документалдык кинонун негизги аянтчаларынын бирине чыгышы өлкөдөгү документалистиканын жаңы мууну эл аралык деңгээлге системалуу өтүп жатканын көрсөтөт.