Текст: Айзат Кудайберди кызы
Камера каарманга жакындаганда же андан алыстаганда көрүүчүнүн окуяны кабыл алуусу да өзгөрөт. Кинодо бул аралыкты аныктоо үчүн пландын ар кандай түрлөрү колдонулат. SYNCHY’нын «Кино сөздүк» рубрикасында пландын негизги беш түрүн жана алардын көркөм функцияларын Вонг Кар-Вайдын «Сүйүү маанайы» (2000) тасмасынын мисалында түшүндүрөбүз.
Кинематографияда план кадрдын композициялык түзүлүшүн, камера менен тартылып жаткан объекттин ортосундагы аралыкты аныктаган негизги визуалдык түшүнүктөрдүн бири. Ар бир план кадрдагы маалыматтын көлөмүн гана эмес, анын драматургиялык жана эмоционалдык таасирин да аныктайт. Ошондуктан пландын туура тандалышы тасманын визуалдык тилин түзүүдө, сюжетти баяндоодо, көрүүчүнүн окуяны кабыл алуусун башкарууда маанилүү роль ойнойт.

План (лат. – тегиз мейкиндик) – кадрда адамдын, предметтин же мейкиндиктин масштабын аныктаган түшүнүк. Ал камера менен объекттин ортосундагы визуалдык аралыкты билдирет. План жалпысынан 10дон ашык түрлөргө бөлүнөт. Бирок көп колдонулган негизги 5 түрү бар. Аларды «Сүйүү маанайы» (In the Mood for Love, 2000) тасмасынын мисалында тааныштырабыз.

Деталдык план (Extreme Close-Up)
Адамдын жүзүнүн белгилүү бир бөлүгүн же буюмдун майда деталын өтө жакын аралыктан көрсөткөн план. Ал көрүүчүнүн көңүлүн кадрдагы маанилүү деталга буруп, анын маанисин баса белгилөө үчүн колдонулат. Ошондой эле каармандын ички абалын, сезимдерин жана майда өзгөрүүлөрдү көрсөтүп, чыңалууну же тынчсызданууну күчөтүүгө жардам берет.

Ири план (close up)
Каармандын жүзүн жакын аралыктан көрсөткөн план. Кадрда көбүнчө анын башы жана ийининин бир бөлүгү гана көрүнөт. Бул план каармандын эмоцияларын, жүзүндөгү майда өзгөрүүлөрдү жана ички абалын чагылдыруу үчүн колдонулат. Ири план көрүүчүнүн көңүлүн каарманга буруп, анын сезимдерин жакындан байкоого мүмкүнчүлүк берет.

Орто план (medium shot)
Каарманды көбүнчө белинен жогору көрсөткөн план. Ал каармандын жүзүндөгү эмоцияларды, кол кыймылдарын жана жаңсоолорун бир учурда байкоого мүмкүнчүлүк берет. Көбүнчө каармандардын диалогдорун, өз ара мамилесин жана аракеттерин чагылдыруу үчүн колдонулат.

Жалпы план (Full Shot)
Каарманды башынан бутуна чейин толук көрсөткөн план. Ал каармандын кыймыл-аракетин, дене тилин жана айлана-чөйрө менен болгон байланышын чагылдыруу үчүн колдонулат. Бул план көрүүчүгө каармандын мейкиндикте кандай жайгашканын жана окуя болуп жаткан чөйрөнү түшүнүүгө жардам берет.
Алыскы план (Long shot) Кадрдын негизги бөлүгүн айлана-чөйрө же кеңири мейкиндик ээлеген план. Каарман кадрда кичинекей болуп көрүнүп, же таптакыр көрүнбөшү да мүмкүн. Бул план окуя болуп жаткан жердин масштабын, атмосферасын көрсөтүү, ошондой эле каармандын айлана-чөйрө менен болгон байланышын, жалгыздыгын же алсыздыгын баса белгилөө үчүн колдонулат.
