UmutDoc кинофестивалы тууралуу 10 маанилүү факт

Текст: Айзат Кудайберди кызы

Бишкекте 10-14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп, Борбор Азия жана башка өлкөлөрдөн келген кинорежиссёрлорду, кино адистерин, көрүүчүлөрдү бир аянтчага чогултту. Фестивалдын алкагында тасмалар көрсөтүлүп, кесиптик жолугушуулар, мастер-класстар уюштурулду. SYNCHY фестивалдан чогулган 10 маанилүү факт менен бөлүшөт.

1-факт: Жалпы даректүү тасмаларга арналган алгачкы фестиваль

Бишкекте 10-14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы болуп өттү. Фестиваль быйыл көрүнүктүү кинодокументалист Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналды. Аталган иш-чара «Ала-Тоо» кинотеатрында режиссердун «Нарын күндөлүгү» тасмасы жана Тыным Ибрагимовдун «Альгимантас Видукыргыз – кинорежиссёрдун жубайынын сыры» аттуу тасмасы менен ачылды.  

Конкурстук программа 8 өлкөдөн 24 тасманы чогултуп, Кыргызстандагы жалпы даректүү тасмаларга арналган алгачкы фестиваль болуп калды. Белгилей кетсек, мындан тышкары адам укуктарына арналган «Бир Дүйнө — Кыргызстан» кинофестивалы да 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет.

2-факт: Algimantas Vidugiris Award эл аралык сыйлыгы

Фестивалдын жүрүшүндө Альгимантас Видугиристин ысымын алып жүргөн эл аралык кино сыйлыгы алгачкы жолу тапшырылды. Сыйлык UmutDoc даректүү кино фестивалынын алкагында уюштурулуп, башкы байге грузиялык «What Does the Mud Whisper» тасмасына берилди. Ал эми Данияр Абировдун «Бакайыр» тасмасы өзүнчө номинацияда белгиленди. Бул демилге Видугиристин кино мурасын эскерүү менен катар заманбап даректүү киного көңүл бурууну максат кылат. Сыйлыктын калыстар тобунун катарында бегилүү документалист Виталий Манский жана айтылуу кинооператор Хасан Кыдыралиевдердин ысымын кезиктирүүгө болот.

3-факт: Борбор Азиянын долбоорлору эл аралык киноиндустрия менен байланыш түздү

Фестивалдын маанилүү бөлүгү катары уюшулган UmutDoc Industry Борбор Азиядагы даректүү кинону өнүктүрүүгө, аймактык долбоорлорду эл аралык аудиторияга чыгарууга багытталды.

Программанын алкагында Project Pitching, Project Showcase, мастер-класстар, маалыматтык сессиялар, кесиптик талкуулар өтүп, катышуучулар DocsBarcelona, Cannes Docs, Berlin Film Residencies, TRT World сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

4-факт: Студенттердин тасмаларга берген баасы

UmutDoc быйыл жаштарды фестивалдын кесиптик жараянга түз аралаштырды: студенттерден турган өзүнчө калыстар тобу конкурстук тасмалардын баарын көрүп, өз жеңүүчүсүн тандады. Алардын сыйлыгы молдовалык режиссёр Раиса Размеританын «Electing Ms Santa» тасмасына ыйгарылды. Фестивалдын уюштуруучулары бул демилге жаштардын автордук жана социалдык маанилүү даректүү киного кызыгуусун күчөтүүгө багытталганын белгилешет.

5-факт: Киносынчылар да өз тандоосун жасашты

Фестиваль алкагында SYNCHY’нын киносынчылары конкурстук тасмаларды өз алдынча баалап, атайын сыйлыктарын тапшырышты. Толук метраждуу тасмалар арасынан Маки Гогаладзенин «Сколько я себя помню», ал эми кыска метраждуу сынактан Донгюн Кимдин «За кулисами» тасмалары SYNCHY’нын атайын сыйлыктарына ээ болушту. 

6-факт: Тасманын келечегине жол ачкан сыйлык

Фестивалда Distribution Award сыйлыгы Айжанат Капарованын «Карындашым, мени тартпай эле койчу» тасмасына ыйгарылды. Калыстар тасманын мета-даректүү формасын, камера менен каармандын ортосундагы мамилени жана төртүнчү дубал менен иштөөсүн өзгөчө белгилешти. Сыйлыктын алкагында WE ARE CENTRAL ASIA тасманы эл аралык кино рынокторуна жана фестивалдык аянтчаларга алып чыгуу боюнча дистрибуциялык колдоо көрсөтөт.

7-факт: Кыска метрде төрт өлкөнүн тасмалары белгиленди

Кыска метраждуу сынактын сыйлыктары Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Тажикстандын авторлоруна бөлүштүрүлдү. Алина Байтокованын «Узак жол» тасмасы калыстар тобунун атайын белгилөөсүнө, Фариза Танаинин «Beautiful» тасмасы атайын сыйлыкка ээ болду. Фаиг Дадашов «Black Cat, White Shani» үчүн мыкты режиссёр аталып, Пайрав Шарифовдун «Yaghnob» тасмасы мыкты кыска метраждуу даректүү тасма деп табылды.

8-факт: Аял режиссерлордун триумфу

Толук метраждуу сынакта бардык сыйлыктарды аял кинорежиссёрлор алды. Молдова режиссёру Раиса Размеританын «Electing Ms Santa» тасмасы студенттик калыстар тобунун сыйлыгына татыса, ошол эле фильмдеги каарман Елена Черней тууралуу иши калыстар тобунун атайын сыйлыгын алды. Казакстандык Жанна Курмашева «We Live Here» тасмасы үчүн мыкты режиссёр аталды, ал эми башкы сыйлык Кристина Михайлованын «River Dreams» даректүү тасмасына берилди.

9-факт: Калыстар тобу гана эмес, көрүүчүлөр да өз фавориттерин тандады

Фестивалда Audience Award үчүн көрүүчүлөрдүн добушу да эске алынды. Натыйжада көрүүчүлөрдүн тандоосу эки тасмага түштү: Шахзода Миракованын «Branch» жана Алиман Токтогулова менен Караш Жанышовдун «The Dogs» тасмалары Audience Award сыйлыгына ээ болду. Ошентип, фестивалдын жыйынтыгында профессионалдык калыстар тобунун чечими менен катар көрүүчүлөрдүн жеке тандоосу да өзүнчө белгиленди.

10-факт: Фестиваль көрсөтүүлөр менен эле чектелген жок

UmutDoc алкагында өткөн питчинг жаңы документалдык долбоорлор үчүн практикалык мүмкүнчүлүк түздү. Анын жыйынтыгында бир катар авторлор ар кайсы уюмдар тарабынан каржылык жана өндүрүштүк колдоого ээ болуп, New York Film Academy Kazakhstan катышуучуларга жалпы 15 миң АКШ долларына сертификаттарды тапшырды. Ошентип, фестиваль даяр тасмаларды гана көрсөтпөстөн, жаңы иштердин жаралышына да түрткү берген аянтчага айланды.

«Бул болгону башталышы»

UmutDoc фестивалынын директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Эльвира Мамытова фестивалдын бир жыл ичинде жетишкен өсүшүнө ыраазы экенин белгилейт. Анын айтымында, команда негизги программага да, индустриялык багытка да жогорку талап коюп, экөөнү тең мындан ары өнүктүрүүнү көздөйт. Фестивалдын башкы максаттарынын бири – даректүү кинону кесипкөй чөйрөнүн алкагынан чыгарып, кеңири көрүүчүлөргө жеткирүү. «Андыктан бул болгону башталышы», – дейт Мамытова.

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *