Кино сөздүк: кинодогу жанрлар жана багыттар

Текст: Айзат Кудайберди кызы

Кино сөздүктүн алгачкы чыгарылышында сиздерди кинодогу кеңири таралган багыттар жана жанрлар менен тааныштырабыз. 

Артхаус – режиссёрдун жеке чыгармачылык көз карашын чагылдырган көз карандысыз автордук тасмалар. «Артхаус» деген аталыш англисче art  – «искусство» жана house – «үй» деген сөздөрдөн келип чыккан. Алгач «искусство үйлөрү» деп атайын кинотеатрларды аташкан. Ал жерлерде согушка чейинки Голливуд тасмалары жана чет элдик режиссёрлордун фильмдери көрсөтүлгөн. 

Аталган багытка кызыксаңыз төмөндөгү режиссерлордун тасмаларын көрсөңүз болот: Актан Арым Кубат, Марат Сарулу, Ингмар Бергман, Федерико Феллини, Дэвид Линч, Луис Бунюэля, Микеланджело Антониони ж.б.

Мейнстрим – көпчүлүккө арналган, популярдуулукка жана коммерциялык ийгиликке багытталган массалык кино. Мейнстрим деген термин англис тилинен которгондо «негизги агым» дегенди билдирет. Бул түшүнүк XX кылымдын 40-жылдарында АКШда пайда болгон. Музыка, динамикалуу сюжет, таасирдүү диалогдор, атайын эффекттер, сапаттуу үн жана кооз визуалдык көрүнүштөр  мейнстрим киносунун негизги белгилери. Мейнстримди аныктоо субъективдүү мүнөзгө ээ жана ар бир өлкөдө белгилүү бир убакыт аралыгында коомдун каалоосуна жана баалуулуктарына жараша өзгөрүп турат. Мисалга алсак, баарыбыз билген Marvel кино студиясынын тасмалары.

Триллер (англ. thrill  – чыңалууда кармоо) – көрүүчүнү же окурманды туруктуу чыңалууда, ички коркунучта кармап, окуянын улам курчушу аркылуу кызыгуусун арттырган кино жана адабият жанры. Триллер жанрында «саспенс» (англ. suspense – «белгисиздик») деген эффект көп колдонулат. Саспенс – көрүүчү мындан ары эмне болорун так билбей, окуянын чечилишин тынчсыздануу менен күтүп тургандагы нервдик чыңалуу абалы. Триллер тасмалар «мындан ары эмне болот?» деген белгисиздикке негизделет. Бул жанрда Альфред Хичкок, Дэвид Финчер, Мартин Скорсезенин тасмалары дүйнөлүк рейтингде жогору бааланат. 

Комедия (бай.гр. kõmõdia – майрамдагы шаңдуу ыр) – адабият, театр, кино жана телевидениеде кеңири колдонулган негизги жанрлардын бири. Башкы максаты – юмор, сатира, пародия жана күлкүлүү жагдайлар аркылуу көрүүчүнү күлдүрүү, көңүлүн көтөрүү жана чыңалуусун басаңдатуу. Ал адамдын жана коомдун кемчиликтерин күлкү аркылуу ашкерелеп, көрүүчүнү айрым көрүнүштөр тууралуу ой жүгүртүүгө түртөт. Мисалы: «The General» (1926), «City Lights» (1931), «Singing in the Rain» (1952), «Some Like It Hot» (1959) , «Play Time» (1967)

Трагедия (грек. tragōdía, түз мааниси – эчкинин ыры) – адам жашоосундагы эң курч жана маанилүү көйгөйлөрдү көркөм чагылдырган драмалык жанр. Башаты Байыркы Грецияда. Кинодо  каармандын  курчап турган жагдайлар менен элдешкис кагылышы көрсөтүлөт. Трагедиянын өзөгүндө ар дайым терең идеялык конфликт жатат. Бул тасмалар көп учурда башкы каармандын өлүмү, жеңилиши же  баалуулуктарынын кыйрашы менен аяктайт. Мисалы: «La Passion de Jeanne d’Arc » (1927), «Иван Грозный» (1945, 1958) же болбосо Лукино Висконтинин «Rocco e i suoi fratelli» 1960, «II Gattopardo» (1962), «La caduta degli dei» (1969), «Ludwig» (1972).  

Боевик же экшен-фильм (англ. action – аракет) – киноматографиянын атышуу, мушташуу, куугунтуука басым койгон жанры. Бул тасмаларда динамикалуу аракеттерге өзгөчө көңүл бурулат. Боевикке кызыктуу салгылашуулар, тез темп, интрига сыяктуу ыкмалар мүнөздүү. Жакшылык менен жамандыктын символдук күрөшү таасирдүү курч окуялардын фонунда ачылат. 1980-жылдарда боевик тасмалар популярдуулукка ээ болуп, өзүнүн алтын доорун жараткан. Мисалга алсак, көпчүлүккө белгилүү Шварценеггер тартылган «Commando» (1985) тасмасы. Жанр менен таанышууну Квентин Тарантинонун «Inglourious Basterds» (2009) , Люк Бессондун «Léon» (1994) тасмасынан баштасаңыз болот. 

Драма (грек. drama – аракет) – реалдуу турмуштук кырдаалдарга, каармандардын ички дүйнөсүнө, эмоцияларына басым жасаган жанр.  Драма байыркы грек трагедияларынан келип чыккан. XVIII кылымда өнүгүп, кийинчерээк кино дүйнөсүнө тараган. Драмадагы негизги конфликт каармандын коом, тышкы жагдайлар же өзү менен болгон күрөшүнөн келип чыгат. Конфликт тынчтык жолу менен чечилиши мүмкүн, бирок бул чечим адатта каарман үчүн белгилүү бир жоготуу же кымбат баа менен коштолот. Драма өз ичинен бир канча майда жанрларга да бөлүнөт. Мисалдар: «Knockin’ on Heaven’s Door» (1997), «Schindler’s List» (1993), «Parasite» (2019) ж.б.

Детектив (лат. detectio – ачуу, ашкерелөө) – сюжети кылмышты же сырдуу окуяны иликтөөгө негизделген жанр. Кылмыш катары киши өлтүрүү, уурдоо, адам уурдоо, алдамчылык жана башка мыйзам бузуулар көрсөтүлөт. Башкы каарман адатта тергөөчү, полиция кызматкери, жеке детектив, адвокат же жагдайдын айынан өз алдынча иликтөө жүргүзүүгө аргасыз болгон жөнөкөй адам. Эң биринчи болуп бул жанрда 1900-жылы Артур Марвин «Sherlock Holmes Baffled» аттуу фильм тарткан. Мисалдар: «Knives Out» (2019), «Gone Girl» (2014), «Murder on the Orient Express» (2017) жана «Black Box» (2021).

Байопик (англ. biopic, biographic picture  – биографиялык сүрөт) – чыныгы жашоодогу белгилүү инсандын өмүрүн, ишмердүүлүгүн жана маанилүү учурларын баяндаган биографиялык фильм. Бул жанрда чыныгы фактыларды так сактоого,  бирок ойдон чыгарылган көркөм окуяларга да орун берилет. Мисалы: «Bohemian Rhapsody» (2018), «The Theory of Everything» (2014), «The Pianist» (2002).  Ал эми Каныбек Калматовдун 22-октябрда чыга турган  «Айтматов» тасмасы да байопикке мисал боло алат.

Поделиться:

Оставить комментарий

Ваш email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *