Сынчылар ким? Эмне үчүн биз аларга муктаждыкты сезебиз, же сезбейбиз? Бул текстте эмнеге киносынчылык эч кимге кереги жок сымал кесип экенин SYNCHY’нын шеф-редактору Тыныстан Темиржан баяндап берет.
Чоочундар
Кыргыз киносу жылдан-жылга улам жаңы көрсөткүчтөргө жетип келет. Өткөн жылы 70тей тасма тартылса, быйылкы прокатта 90го жакын тасма күтүлүүдө. Көрүүчүнүн тандоосуна түркүн-түркүн окуялар сунушталат: жин-шайтандан тарта, жүрөк оору, рак, тоноо, сүйүү жана күлкүгө чейин. Жергиликтүү эл жакса-жакпаса деле сүйлөнүп-какшанып отуруп кайра-кайра ошол эле кишилердин ошол эле тасмаларына бара беришет. Мындай четтен карасаң, кыргыз киносунда студиялар, кинотеатрлар жана көрүүчүлөр арасында укмуштай гармония бардай сезилет. Анан эле ошол уланып келаткан идиллияны бузуп орто жолдон өздөрүн “киносынчы” деп атаган адамдардын тобу пайда болушат.
Эволюциянын катасы
Азыркы кыргыз кино индустриясынын эволюциясы 2000-жылдардан башталат. Демейде жалгыз көңүл ачуу булагы телевизор, куудулдардын концерттери жана базардагы арзан беллетристика болгон кыргызстандык аудитория жаңы кыргыз киносунан оор турмуштан алаксытуучу эскапизмдин өзгөчө жолун тапты. Учурдагы кыргыз киносунун ДНКсы адамдын эң баштапкы муктаждыктары: курсак тойгозуу жана көңүл ачуу аркылуу калыптанган. Кинону талдоо, сын айтуу, дискуссия жаратуу тууралуу ал кезде кеп болгон эмес. Ошондуктан киносыны – биздин индустриянын эволюциялык катасы, же аппендикси.
Бузукулар
Кыргыз сурашса – тууган чыгат. Коомубуздагы тууганчылдыктын чырмалышкан татаал механизми биздин баарыбызды эки жүздүү кылып бүткөн. Бизде өз оюн түз айткандар өтө сейрек кездешет жана андайларды кызыл китептен да издеп табуу кыйын. Ошондуктан бизде сындар дайым шыбыр менен, чай үстүндө, ашканаларда, караңгы бурчтарда гана айтылат. Ири катмарга жагып жаткан тасма мындай турсун, баарына жакпаган объективдүү начар тасманы деле сындап чыккан киносынчы кошунанын күйөө баласын, же кудагыйдын жездесин капа кылып коюшу толук мүмкүн. Мындан улам алар элге бүлүк салган эл бузар, бузуку сыяктуу кабыл алынуу коркунучу бар.
Туздун кусуру…
Тууганчылдык бүткөн жерде, табакташтык маселеси пайда болот. Бизде кино чөйрөсү тар болгондуктан баары бири-бири менен жакын ымалалаштар. Эл ичинде котормосу жок сымал “закрытый показ” деген атка конгон жабык көрсөтүүлөр киночулардын шеринесине айланган. Тасма кандай гана болбосун, босогодо таскарадай күтүп турган мобилографтарга ооздон көбүк чыгара мактап-жактап алып, куйрукту түйүп качып кетмей. Өтө эле жагынгысы келгендер мурдунан суусу куюла ыйлашып, өздөрүн видеого тартышып… Ушундай конформизмдин агымына кошулбаганга киносынчыда айла калбайт. Анан ар бир рецензияны, макаланы жазуу алдында экзистенциалдык суроого тушугат: to be, or not to be…
Тишимдин кирин соруп…
Эгер билсеңер, Кыргызстандагы эң аз кирешелүү кесиптердин арасында киносынчылык жок. Себеби, аларда “киреше” деген түшүктүн өзү жок. Киносынчылар кыргыз киносундагы эң ачка калган кесип. Жаратылыштагы жаныбарларды карасак, үйүгүшүп, урукташуу учуру алардын былчыя тоюп, семирген учуруна туш келет. “Эмне үчүн бизде киносынчылар жок” деп сурашат. Себеби киносынчылыкта эч качан былчыя тоюуга, урукташып көбөйүүгө ылайыктуу шарт болбой келген.
Сын
Кыргызды сындатып эле койсо… Жайлоодо жамбаштап жатып алып, алдынан өткөн ар нерсеге бир пикир айтмайын калбайт. Кыргыз төрөлгөндөн өлгөнгө чейин сынга чалынып, мүдүрүлүп жүрүп көргө жетет. Ошондуктан сын-пикир угуу кыргыз үчүн жагымсыз триггер. Ошондон улам ансыз деле сынга тоюп жашаган кыргызга кайдагы бир киносынчынан кереги жоктой, ашыкчадай, анан калса зыяндуудай туюлат. Сынчылык дайым эле сындоо тууралуу эмес, талдоо, мактоо, баа берүү тууралуу да экени азырынча көмүскө.
Өзүң тартып көр!
Бул сыйкырдуу сөз тасмага сын айткан адамдардын оозун оңой эле жаба салат. Бул сөздөн кийин адискөй талдоо болсун, же изиздөө болсун, баары дароо баасын жоготот. Сынчынын сокур тыйындык пикирин он миңдеген долларларга тартылган тасма менен таразага салганда, салмак кай жакта болору белгилүү да. Анан ошол салмактуу тарап курсагын араң багып жүргөн бечара “интеллектуалды” кино тарт дегенин кантесиң. Балким сынчылар да кино тартышы керектир? А биз болсо баарыбыз кайда турганыбызды, кайда баратканыбызды талдабастан, өтүгүбүздү башыбызга кийип алып жашай берели.
Мутация
Сынчылык — бул байыркы кесип. Учурда кинодо эле эмес, поэзияда да, театрда да, музыкада да, адабиятта да сапаттуу сын дээрлик жокко эсе. Өз тармагында терең адистиги бар, көптү окуган, ою курч, тили өткүр адамдар кайда кетти дейсиң. Алар жок эмес, бар. Күндүзү чырак менен издеп тапса болот. Бирок аларды уккан коом барбы? Бул нерсе суроо бойдон калат. Көрөгөч, билгич адамдардын ордун мутациялашкан коомдо кимдер басып калды?
Сынчы
“Сынчы” сөзүн ар кандай чечмелесе болот. Байыртан элдин жай-турмушунда да, жоолошкон кезинде да ойдун башы, акылдын учу болгон сынчылар. Анан да бул сөздү “сын-чы” деп да карасак болот, “кыл-чы”, “жаса-чы” деген сыяктуу (сынбайсыңбы). Сөздүн тамыры, уңгусу “сын” – бул омоним: 1) зат атооч — маңызы, көрүнүшү, мүнөзү; 2) этиш — сынуу, экиге бөлүнүү, калыбын жоготуу ж.б. Мага ошол экинчи бөлүгү көбүрөөк жагат. Балким бул турмуштун маңызы – сынып, кайра куралып турууда болсочу? Сынбаган адамдын мүнөзү текебер, акылы чектелүү, жан дүйнөсү тар болот экен. Ошондуктан күн сайын сынып туруу маанилүү да. Ал нерсени өздөрү кыла албагандар үчүн да сынчылар керектир. Сынгылачы, сыналычы.
