Текст: Айпери Болотова
Миграция кыргыз киносунда бир гана жумуш издеп чет өлкөгө кеткен адамдардын баяны эмес. Бирөөлөр кыялын ишке ашыруу үчүн жолго чыкса, башкалары үй-бүлөсүн багуу үчүн кетет. Ал эми айрымдары үчүн эң оор сапар мекенине кайтып келүү болушу мүмкүн.
Миграциянын ар башка өңүтүн чагылдырган беш кыргыз тасмасын чогулттук.
Кыргызстанда миграция жөнүндө сөз болгондо, көбүнчө Орусияга иштегени кеткендер эске түшөт. Бирок адамдар чет өлкөгө ар кандай себептер менен кетишет: бири үй-бүлөсүн багуу үчүн, бири билим алууга, дагы бири кыялын ишке ашырууга. Кыргыз киносунда да миграция бирде жакшы жашоого болгон үмүт, бирде аргасыз тандоо, кээде болсо адамды өзгөрткөн оор сыноо катары сүрөттөлөт.
Миграцияны ар башка өңүттөн чагылдырган беш кыргыз тасмасын чогулттук.
«Салам, Нью-Йорк!» (2013, Руслан Акун)
Руслан Акундун алгачкы ийгиликтүү тасмаларынын бири болгон «Салам, Нью-Йорк!» Баатыр аттуу жаш жигиттин окуясын баяндайт. Баатыр келечекте ийгиликтүү юрист болууну көздөп, билим алуу үчүн Нью-Йоркко келет. Бирок жаңы өлкөдөгү жашоо ал ойлогондой эмес. Тил билбегени, чоочун чөйрө жана жанында үй-бүлөсүнүн жоктугу ага бир топ кыйынчылыктарды жаратат.

Бул тасма канчалык оор сыноолорго туш болбо, ак эмгек, талыкпаган аракет акыры өз жемишин берет деген ишенимди чагылдырат. «Салам, Нью-Йорк!» кыргыз кинематографиясына «америкалык кыял» идеясын алып келген алгачкы тасмалардын бири. Ал адамдын кыялдарына жетүү жолундагы тоскоолдуктарды, өз күчүнө ишенүүнүн маанисин көрсөтүп, чет өлкөдө билим алып, ийгиликке жетүүнү самаган жаштарга дем-күч берген үлгүгө айланган.
«Атанын керээзи» (2016, Дастан Жапар Рыскелди, Бакыт Мукул)
Азат үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кетип, 15 жыл өткөн соң туулган айылына кайтып келет. Бирок айыл аны жылуу кабыл албайт: үйү менен чарбасы кароосуз калган, ал эми айылдаштары ага суук мамиле кылат. Буга карабастан, Азат үйүн оңдоп-түзөөгө киришип, атасы чет өлкөгө кетердин алдында карызга алган акчаны кайтарып берүүгө аракет кылат. Ал акырындап айыл турмушуна кайрадан аралашып, эл менен мамилесин калыбына келтирип баштайт. Бирок атасынын ордуна түрмөдө отуруп чыккан агасы Чоро кайтып келгенде, окуя башка тарапка бурулат.

Тасма жай темпте баяндалып, көрүүчүгө айылдын бейпил атмосферасына тереңирээк сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Окуя көп жылдык эмиграциядан кийин мекениңе кайтып келүү канчалык кыйын болушу мүмкүн экенин көрсөтөт: адамдар да өзгөрөт, сен өзүң да өзгөрөсүң. Башка жакка көчүп кетүүнүн эң чоң баасы – үйдө калган адамдардан, тамырыңдан алыстап кетүү. Тасмадагы “Көнүп алгандан кийин көп деле сагынышпай каласыңар” деген сөз өзгөчө эсте калат.
«Кандайсыз, ата!» (2022, Эрнест Абдыжапаров)
Башкы каарман Касымдын атасы көп жыл мурун акча табуу үчүн Орусияга кетип, ошондон бери үйүнө кайтып келген эмес. Атасы жанында болбосо да, анын изи үй-бүлөнүн жашоосунда сакталып калган: өзү отургузган алма бак, унаасы жана Касымдын түшүнө улам кирген элеси. Касым атасынын жүзүн даана эстей албаса да, аны табууга болгон үмүтүн жоготпойт. Үй-бүлөсү каржылык кыйынчылыктарга туш болгондо, ал өзү Москвага барып, атасын издөөнү чечет.

Комедия жанрында тартылган тасма оор темаларды жеңил тилде баяндайт: ата-энесин кайтып келишин күткөн балдар, чыккынчылык, эмгек кулчулугу.
«Кандайсыз, ата!» миграциянын кесепеттерин чет өлкөгө кеткен адамдын гана эмес, аны көз талытып күткөн жакындарынын да тагдыры аркылуу ачып берет. Миграциянын эң оор жүгүн алыста жүргөн адам гана эмес, анын кайтып келишин күтүп, жылдар бою сагынган үй-бүлөсү да көтөрөт.
«Менин атым мигрант» (2022, Ырыс Окенова)
Тасма Москвага акча табуу үчүн барган үч кыргызстандыктын тагдырын баяндайт. Үч баласын Кыргызстанда калтырган Асель кылмыштуу топтун торуна түшөт. Тез акча табууну көздөгөн Азамат баңгизат ташууга аралашып, көйгөйлөргө кабылат. Ал эми көп жылдан бери Москвада жашаган Арстан жаңы келген мигранттарга жардам берүүгө аракет кылат.

«Менин атым мигрант» миграцияны кыялдарга жетүүнүн жолу катары эмес, адам күтпөгөн кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн болгон оор турмуш катары баяндайт. Үй-бүлөсүн багуу үчүн кеткендер бөтөн жерде ар кандай коркунучтарга кабылып, кээде өздөрү да туура эмес чечимдерди кабыл алышат. Тасма миграциянын артында акча табуу максатынан тышкары, адамдын коопсуздугу, эркиндиги, тобокелдик турганын эске салат.
«Нелегал» (2026, Руслан Акун)
Руслан Акундун «Нелегал» тасмасы жаш Чыңгыздын АКШга агасын издеп баруу сапары жөнүндө айтып берет. Бирок көздөгөн өлкөгө жетүү оңой болбойт: анын сапары чек аралардан өтүү, мыйзамдык чектөөлөр жана белгисиздик менен коштолот.

Эгер «Салам Нью-Йорк!» тасмасында Америкага келгенден кийинки жашоо жана кыялдарга жетүү аракети көрсөтүлсө, «Нелегал» ошол өлкөгө жетүүнүн өзүнө көңүл бурат. Тасма миграциянын дагы бир тарабын – адамды мекенинен кетүүгө түрткөн үмүттөрдү, ал жолдо туш болгон тоскоолдуктарды ачып берет. Чет өлкөдө жаңы жашоо баштоо кыялы ал жакка жеткенге чейин эле чоң сыноого айланат.